Жылмайып кой




Кээде чарчап келгенимде жаныңа,

Билдирбестен сүйүп кабыл алып кой.

Жүрөгүмдө өзүң гана жашайсың,

Көөдөнүңө бекем түйүп катып кой.




Кээде күлүп жаркылдаган кезимде,

Маңдайымдан сылап мени сүйүп кой.

Махабатым өзүң үчүн өчпөсүн,

Көз жаздымда кетирбестен сактап кой.




Ыйлап кээде калганымда муңайып,

Эркелетип жумшак сүйлөп күлүп кой,

Назик жанмын жалгыз сага арналган,

Сүйөөрүмдү түбөлүккө билип кой.




Сүйлөбөстөн сага кыйгач карасам,

Тайсалдабай кучагыңа алып кой,

Тагдырымды бир өзүңө тапшыргам,Жүрөгүңдүн түпкүрүнө катып кой.


СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net