Не таптык?

Биз сүйүүдөн не жоготуп, не таптык?
Нелерди айтып, эмнелерди сыр каттык?
Багбан болуп көңүл гүлүн өстүрбөй,
Жүрөктөрдү нечен ирээт канаттык.

Бир болууга кандай ишти жасадык?
Кыскарсын деп ортодогу аралык.
Катарлашпай өз өзүнчө озунуп,
Кайда, качан, канча кадам таштадык?

Биз экөөбүз тирешүүдөн не таптык?
Кыйышпаган сөздөр менен сураштык,
Чырт үзүлүп үмүттөрдүн кылдары,
Акырындап алысташып бараттык.

Биз экөөбүз биригүүдөн не таптык?
Түшүнүшпөй неге өкүнүч жараттык?
Жөпжөнөкөй маселени чече албай,
Неге анан бир болууну самаштык?

Биз экөөбүз айрылуудан не таптык?
Көңүлдөрдүн сыныктарын жараттык.
Билинбеген үмүт жиби үзүлбөй,
Жан дүйнөнүн ызгаарында аяштык.

Унутам деп ичкиликтен не таптык?
Өзүбүздү алдоо менен жашаттык.
Көрүшүүнү каалап турган жүрөктү,
Өкүнүчтүн өлкөсүндө суусаттык.

10.10.2020ж 22:22

Р.А.Р
www.kafiye.net