Жакшынам



Ырдагым келет, жаз айын жапжаш жаркыган,
Ырыскым экен – ырларды жазып талпынган.
Өмүрдүн күнүн – өзгөчө көктөм өпкүлөйт,
Өзүңдүн барың керемет билсең, жакшынам.



Ортодо турат, өрт болуп жанган сүйүүбүз,
Олуттуу сактап, сый- урмат баркын билебиз.
Орчундуу кеңеш берилет бизге жүрөктөн,
Орубай өтсүн, ойт берген ар бир күнүбүз.



Агымы күчтүү, толкуну төөнүн өркөчү,
Азыркы убак аккан суу көңүл бөлсөңчү.
Алкымын таңдын искегин кумар кандырып,
Арманың калбайт, айдырым жели өпсөчү.



Ашира
Ашира Кулишева.

www.kafiye.net