ООРУБА ЭЛИМ ООРУБА


Сөзү Ашира Кулишева



Обону Мыктыбек Нурланбеков.



Ооруба элим, ооруба,

Илинбе илдет торуна.

Аракет кылсак берекет ,

Жакшы күн келет соңунда.



Ооруба элим, ооруба,

Эмгектен өмүр жолунда.

Эркелеп жаша ар бир күн,

Эгемен эркин коомунда.



Ооруба элим, ооруба,

Ким элек илдет жогунда?

Бириккен элди көрдүм мен,

Мээримиң сенин бооруңда.



Ооруба элим, ооруба,

Унчукпай калып солуба.

Иликтеп көрүп жеңебиз,

Элибиз берет жообун да.




Ашира Кулишева.

www.kafiye.net