şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
САПАРЛАШ БОЛ ЫРЛАРЫМА
Чалыгып көрүнөсүң иштен чарчап,
чалганда телефонду алсаң бат,бат.
Сыйкырчың болоюнчу жаныңдагы,
чарчооңу жазайынбы улам таптап.
Көздөрүң жумулгандай уйкусурап,
талыкшып дене боюуң ооругансып,
Догдуруң болойунчу жандап сени,
кайыптан эмдөөчүң табылгансып.
Сүйүүдөн ооруп жүргөндүрсүң ,
капилет санааркап кусага батып
Ички ойуң айтпаса да түшүнүктүү,
азабын сүйүүңдүн ичтен тартып.
Көлөкөлүү ирмемдер көз алдыга,
тарткансып сүрөтүн жылгаларга,
Болжошуп күтүп турам жолугууну,
сен болуп сапарлашым ырларымда.
СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net
Yorum Yapın