ПОЕЗД



Күшүлдөгөн оор жүк бар мойнунда,

Мин,миңдеген адам салып койнуна.

Курпулдөйсүң араң жүрүп темирден,

Жол узарып кете берет даңгырда.




Аба жетпей ичиң ысып адам көп,

Өртөгөнсүп кысылып дем өпкөдөн,

Кыйналгансып бара жатам акырын,

Көрүп баарын өткөзөмүн көзүмөн.




Сапарлашым тааныбаган бейтааныш,

кыйгач карайт беткабы жок ал наалып,

Кудай сактайт эсен, аман жүрөм деп,

Оору жукпайт өлбөйм деди сөз салып.




Көзөмөл жок вагон ичи ызы,чуу,

Масыда бар ырчысы бар,чору бар,

Көрүп алып кейип турат жүрөгүм,

ойлондурат бейкапарсыз абалы ал.




Көтөргөнү жаш баланы карачы,

ээрчип алган тестирейи баласы.

Кокус ооруп калса эмне болот деп,

Сарсанаага салды мени баарысы.




Кондуктору ак суу, нанын сатышып,

акча табуу жолдорунда табышкан,

Чай баланча канча сомуң бар дешип,

ушул жолго айласыздан барышкан.




Сыздап кетти баарын көзүм көргөндө,

Дүкүлдөгөн поезд ичинде жүрөгүм,

Атаганат наалат сага турмуш деп,

Калдым ичтен ызаланып ойго чөгөмүн.




Байкуш элдер.опур,топур чуркашат,

Орун таппай вагондордон сурашат,

Балыкчыга жеткичекти сен менен,

Отурусун деп провадник кыз суранат.





СООДАНБЕКОВА ЛИРА

www.kafiye.net