ЫСЫК КӨЛҮМ





Жылтыр эткен көл үстүндө бермети,

Толкун жиреп кооздугун сермеди.

Сыр катылган түбү терең көлүмдүн,

Кандай сонун келишимдүү келбети.




Шарпылдаган дабышыңда керемет,

Ойлор басып аң, сезимди терметет,

Бир өзүңө канча жандар келишкен,

Сыр чечишип армандарын бөлүшүп.




Жыл өткөрүп келсем дагы өзгөрбөй,

Сырдашууга тосуп алдың бөксөрбөй.

Жан дүйнөмдүн төңкөрүшүн талкалап,

Сабыр бердиң кубат кошуп чөктүрбөй.





Улуу инсандар көп келүүчү угамын,

Көл сырына берилип бир турганын.

Сулуулугуң суктандырып баарысын,

Ыр жазышчуу эргүү алып туйганын.




Жука кийим,желкесине чапаны,

Саякбайдын элес берет турганы.

Күнү, түнү уктабастан Манасты,

Касиеттүү көл жээгинде айтканы.




Ааламга жол айыл жерден башталып,

Аткарышып максат коюп барктанып,

Ысык Көлдүн көркөмүнө суктанып,

Эс алууга чет элден келет мактанып.




Муундан,муунга улап жолду өчүрбөй,

Өсө бергин ЫСЫК КӨЛҮМ бөксөрбөй.

Атыңа,затың ар убакта жарашып,

Ааламга атың таркатылсын эч өчпөй.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net