КАЙДАН ЧЫКТЫ КОВИД





Туңгуюкка кептелгенсип алсырап,

Бирде ысып, бирде үшүп калчылдап.

Кара баскан кайдан чыкты КОВИДдиң,

Орто жолдо оюн салып кытмырлап.




Аба жетпей таноолору кыпчылып,

Тер куюлат өпкө ,боорлор тырышып.

Азаптуу күн кыйнадың го далайды,

Вирусуңу коштоп алып шылдыңдап.




Жаш, карыны тандабадың катүгүн,

Балдар ооруп алпрушту чүнчүттүң.

Мурундарын суудай агып куюлтуп,

Грипп эмес вирусуңа чөмулттүң.



Ысып дене, жел кирбеген терезе,

Үмүт менен жансоогалап тилене.

Үйүрүп алып кучагынан чыгарбайт,

Ковид деген курчап алды жиндене.




Кайдан дедик,кимден жукту билинбей,

Четинен оору илешишет жеңилбей.

Ар бир медик жаны кейип оорушуп,

Карантинде жатат үйдө бириндей.




Күнү, түнү маска менен думугуп,

Маскаданда ууну жуттук тырышып.

Кайсы бирин айтсак дагы түгөнбөйт,

Жыл айлана кайра башталды умтулуп.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net