ИШЕНЧЭЭК ЖАНДЫН




Жоодурап тосуп жолуңдан күтчү,

Рахат алчуу элем демиңден күчтүү.

Отурамын азыр алсырап жалгыз,

Элесиң кетпей эч жузумөн сүйчү.




Ишенип сага жан сырым айткам,

Күн менен чыгып,күн менен баткам.

Ортодо сүйүүнү өчпөстөй көрүп,

Баардыгын сага эркелеп чачкам.




Кыпкызыл болуп гүл боло жайнап,

Жымыңдап күлкүм жаңырчуу айлап.

От болуп күйүп,чок болуп кызып,

Жанынан карыш чыкпоону самап.




Күн эмес саат өтсө да күтүп,

Жебедей чуркап өзгөчө сүйүп.

Жүргөндө бир күн капыстан эле,

Сайылды жебе жүрөкө тийип.




Ишенип жүргөндө ишенич өчүп,

Кан акты сыздап тамырдан сызып.

Ишенчээк жандын күнөөсү жоктур,

Салдыңго бирок жүлүндү кырчып.





СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net