ЖАЛГАН ДҮЙНӨ.





Жакшы сөздөр жан эргитээр жашоодо,

Жан дүйнөңдү кооздоп дайым коштосо.

Жаман сөздөр жан кейитээр ыйлатып,

Жалган дүйнө ,кайым айтып боздосо.




Жакшы адамдар,жер үстүндө көп болсо,

Жарыкчылык шам чырактай от болсо.

Жаман адам кайдан чыгат болду экен,

Жалган дүйнө , убактылуу жок болсо.




Жакшы жашоо бакыт таалай кулпусу,

Ыйман болот,бийик туткан ал туусу.

Ызылдашып баардык кутту кетирген,

Жалган дүйнө,жамандардын уккучу.




Жакшы өлүм,кимге буйруп коёрун,

Жаратканым тартып коёт боегун.

Бул өмүрдө,кеткин келбей турса да,

Жалган дүйнө,таразаңды коерсуң.




Жуурулушуп жаман менен жакшылык,

Жалган дүйнө,көрсөтө албайт каршылык.

Жообун издеп ,көп аракет кылсаң да,

Түбөлүктүү Акырет,барар жериң акыры .




08.06.2018ж.
Кайыр Жолдошбековна.
www.kafiye.net