Мен

Жарк этип күндө, жылдызга окшоп жылмаям,

Түнөрүп кээде, бүркөлгөн көктөй сумсаям.

Абайлап койбой, оюмду айтып ачыктап,

Сүйлөгөн шайыр, мүнөздөн кээде уялам.

Кыялкеч, ойноок, ишенчээк кызмын жашыман,

Өйдө-ылдый, азап-кубаныч өттү башыман.

Тагынып күлгүн көз айнек менен суктанып,

Жашоомдун көркүн көрөмүн жазган ырыман.

Айрылгым келбей, эркелик деген кыялдан,

Баш ийбей жүрдүм, сүрдөбөй жигит сынынан.

Кылыгым калып, мына эми кадам таштадым,

Эстүүлүк жолго, отуздун ылдый жагынан.

Токтолдум бир аз, курч эмес азыр мүнөзүм,

Орто жаш тартып, жетикти эми көздөрүм.

Болжогон акыл, сарамжал менен сабырдай,

Салмактуу азыр ойлорум менен сөздөрүм.

Райбекова А
www.kafiye.net