Ыр тагдыры





Аппак таңдын шооласына аралаш,

Келип калдың өзүң мени багынтып.

Күн шашкеде уктатпастан эс алтып,

Чачтарыман сылап турдуң сагынтып.




Айдын жарык түнүндө да жөн койбой,

Көөдөнүмө кирип алып жойлойсун.

Мейли деймин уйку көрбөй отурсам,

Сен мен үчүн баарын берип койгонсуп.




Кээде ачпайм сезимимдин эшигин,

Кыялдардан татсам дагы кешигин.

Баарын эми кайра кайрып алчудай,

Таап аласың жүрөгүмдүн тешигин.




Ыргытамын ак баракты ушалап,

Кайра эле келип сага тушалам.

Кетсең боло алыстарга кайрылбай,

Деп өзүңдөн кээде көпкө суранам.




Азыр эми окурманым оюңда ,

Бир жигитти сүйгөн деп ойлодуң.

А негизи саптарыма тамгалап,

Ыр тагдырын жазып эле койгомун.




02.06.2019ж.

Кайыр Жазы.
www.kafiye.net