Акыркы коңгуроо…


Он жыл мурун, мектеп босогосун аттап, апамдын артына жашынып, таң калуу менен парта, доска , бор, калем сап, Алиппе деген китеп менен, биринчи мугалимим, биринчи тамга менен тааныштым элем.


Он жыл он күндүк көз ирмемдей өтүп минтип акыркы коңгуроо майрамында мектеп менен коштошуп, ааламга карай жолго аттанып турабыз!


Он жыл ичинде, канчалаган жакшы күндөр , канчалаган билим , канчалаган акыл, канчалаган достор менен бирге болдум.


Кээ бир убакта мугалим агай- эжелерибиздин тилин укпай канча тентек кылып көңүлдөрүн оруттук. Бул да болсо балалыктын бир кырдаалы экен.


Эми бул күндөрүбүз кайрылып келбесе да жакшы көз ирмемдер менен жакшы жагдайлар менен эсибизде каласың!



Кош бол мектебим!

Деп жазуу менен бирге бүгүнкү бүтүп аткан мектеп бүтүрүүчүлөрүн чын дилимден куттуктаймын!



Жолуңар шыдыр, жан дүйнөңөр ачык, ааламга карай жолуңарда бакыт болсун!

Ак жол бүтүрүүчү!




Кайыр Жолдошбекова
www.kafiye.net