БИЗ АДАШТЫК …


УЛАНДЫСЫ — 4.

Чалуу кетти… Бараткан чалууну Алия кайра өчүрө койду. Каалоосуна каршы барып жатканына түшүнүп турду . Бирок, батынбай жатты. Эмнедендир чочуп турду. Оюна сансыз ойлор келип жатты. Кайра чалууга колу барбады. Кичинекей уулун жетелеп, тамактанууга чыгышты. Тамактан соң, апасы экөө көпкө сүйлөшүп отуруп калышты …

Үнсүз, муңдуу тиктеген кызынын көз карашын карап отуруп апасы: — Алия, Дани дагыле жоругун таштабадыбы ? Күтүүсүз келгениңде эле билдим, келүүңдүн себебин . Деги эмне талашып урушасыңар, түшүнбөйм. Баары бар, үй десе үйүңөр, балаңар, акчаңар. Эмне талашасыңар? Тынчыбадыңар го …

— Апа, сиз айткан сөздү баары айтышат. Бирок, акча деле, үй деле … ынтымакка алып келе албай жатат. Сиз айткандай, “баарым бар, ушунчалык жашоомо шүгүр ” – дейм. Мен ойлогон ойлор, Даниде болбой жатат. Мени басмырлаганды, оюмду, эркиндигимди чектегенди жакшы көрөт. Баарынан да, шекший берген мүнөзү чарчатат мени… Макул деп жашап келе жатам. Жашаганым сайын, ” кайда барат, колунан эмне келет ” – дейби, сабаганы күчөдү. Көңүлүмдү муздатты, апа …

— Эмнеге антет? Мурунку келгениңде “экинчи кайталанбайт , Алиясыз жашай албайм “, – деп алып кетти эле. Кайра эле кайталаптыр да. Мунусунда да катуу сабадыбы?

Көздөрү жашылданган Алия, акыркы урушту араң айтып берди.

— Сени катуу сүйүп, кызганат тура …

— Апа, сүйсө колу тийип кызганабы? Бизде сүйүү жок… Болгон да эмес. Ал мени жөн гана менчиктеп алган буюм катары гана көрөт. Мен ушундай жыйынтык чыгардым.

Үнсүз отурган бир нече мүнөттөн кийин апасы: — Эмне кылсам дейсиң эми?

— Апа, мен аны менен жашап калышыма көзүм жетпейт. Баса, атам сезип жаткандыр?

— Ооба, атаң сезди. Сен унчукпагандан кийин, атаң да сурабады. Жакшылап ойлон. Сен ” ажырашам ” дегениңде да, эки куда силерди оңойлук менен ажыраштырбайт. Даниден кетсең, дагы кандай күйөөгө жолугасың. Балаң бар, батат белең …

Апасынын сөзүнө жооп бербей, Алия баласын жыттап, ойлуу отура берди… Эмне деп, кандай жыйынтык чыгараарын билбей отурду… Ата – энеси, кайын журту, өз көздөрү менен көрбөгөндөн кийин, көз жашы менен айтып берүү пайдасыз экендигин билди…

— Апа, бери келиңизчи?

Жанына келген апасына мойнуна түшкөн билинер билинбес көгүш тактарды, белинен өйдө түшкөн карала тактарын көрсөттү.

— Мына, апа. Мурун силерге айтып көрсөткөндөн уялчумун . Экөөбүздүн урушубузду айтып, жашап жаткан күйөөмдү жамандап, жаман көрсөтүп албайын деп тартынчумун. Жакшы болуп кетээр деген үмүтүм бар эле. Бирок, андай болбой эле, баары тескери болуп баратат, апа. Кантээримди билбейм…Кантип мүнөзүн жумшартам, түшүнбөйм. Акыркы күндөрү чарчап баратам, күрөшүүгө күчүм калбады.

— Ай – ииий ! Дани ушунчалыкка бардыбы? Сенин келгениңди ата – энеси да уга электир? Чакырайынбы энесин? Жок дегенде энеси билсин.

— Ооба, ата – энеси биле элек. Макул, кайынэнемди чакыралы, көрсүн көзү менен.

— Дани сенин келгениңди аларга айта электир.

— Ооба, билишпесин деп, жалынып – жалбарып атат …

— Мен атаңа акырын айтайын. Кордуктун да чеги болот. Өз аялын мынчалык эмне кордойт, тобо …

Эки күндөн кийин Алия Ош шаарындагы кафелердин биринде кайынэнеси менен отурду. Чакан, суугураак бөлмөчөсүндө энеси баарын угуп, көрдү. Баласы үчүн кечирим сурап, ыйлап да алды. Энесинин көз жашына чыдабады Алия. “Ооба ” же “жок ” дебестен, энеси менен коштошуп, үйүнө жөнөдү.

Келе жатып Мараттын чакан кеңсесинин жанынан өттү. Бул жер Алияга жылуу сезим тартуулады. Жүрөгү алып – учуп, бир көрүп чыгууну дегдеди. Жолугууну каалады … Бирок …мүмкүн эмес да.— ” Себепсиз эле баш баксам, бирөө байкап калбасын. Ажыраша элек, күйөөлүү аялмын , минтип чырдашып турганымда, жок жерден сөзгө калбайын. Азыр сөз биринчи Москвага жетет эмеспи. Абайла Алия! Жүрөгүңө эмес, акылыңа баш ий ! “.

Маратты көрүү үчүн буттары ушунчалык тартып, көңүлү каалап турса да, кеңсенин жанынан кыйыла өтүп кетти. Көрүү эмес, телефон чалууга да батына албады …

Түндүн бир оокумунда Даниден тынымсыз смс келе баштады. Алия смс келип жатканын окуп, жооп бербей жата берди. Бир топ чалуудан соң, трубканы алды.

— ….

— Алия! Мени кечирип кой?! Бүгүн мени апам ушунчалык урушту . Мен күнөөлүүмүн Алия. Таарынбачы, кел эми. Апамдын сөздөрүнө катуу уялып калдым. Атам укпасын Алия. Ал мени кечирбейт, өзүң да билесиң. Эмне кетип калдың, кечирим сурадым го…

— Сенин бул сөздөрүң көнүмүш болуп калды, Дани.

— Жок, жок ! Мына көрөсүң, Алия. Баары жакшы болот. Мен сени кое бербейм!

Бул сөздөр угуп жүргөн сөздөр … Алия ойлуу бир топко жатты. Чындыгында … ажырашууну ойлоо оңой болгону менен, иш жүзүндө өтө кыйындыгын билди Алия. Оңою менен кое бербейт …Эгерде Дани менен ажырашса, Дани Алияга көп тоскоолдуктар жаратат го. Мүнөзүн билет эмеспи…

Ошко келгенине он күн болгондон кийин, Алия кайрадан Москвага учуп кетти.

Бул ирет Дани , айткан сөзүнө эки айдай турду. Эки айда Алия экөөнүн мамилеси жакшыргансып калды. Бул жылга да каражат жагынан көп пландар коюлган. Жакшылап иштөө керек. Келечекке жакшы ойлор менен үмүттөнгөн Алия, жумушунда жакшы иштеп жатты. Жумуш менен гана алек болуп, көп нерсени ойлоого убактысы болбой калгандай. Канчалык убактысы тар болбосун, баласы менен бат – баттан сүйлөшүп турат. Болбосо, чыдамы жетпейт. Баласын көп ойлогону менен, ага катарлаш оюнан кетпеген бир адамы бар. Ал Марат … Баласын ойлоп эт – жүрөгү эзилсе , Маратты ойлосо жүрөгү “болк ” эте, беттери алоолонуп кетет. Денеси башкача сезимге ээ болуп, ысып кетет…Маратты унута албады. Аны жакшы көргөндүктөн ушинтип жатканын да билет…

“— Мен күйөөлүү аялмын, бул оюм туура эмес … Сезимимди катайын “… Ушул ой менен өзүн – өзү алдагансыйт…

Алия сезимин катып жүрүп, дагы эмне болот эле ким билсин. Анын катылып жаткан саргарган “сагынычын “шамалдай учуруп, бороон – чапкын жүргүзгөн , күтүүсүз коңгуроо ачып жибергендей болду.

Баары күтүүсүз башталды …

Алиялар иштеген чоң цехте , жумуш кызуу жүрүп жаткан . Негизинен аялдар иштегендиктен, аялдардын кобурашкан үндөрү, күлкүлөрү угулуп турат. Машинканын дүрүлдөгөн дабышында полиэтилен пакеттеринин үзүлүүсүн көзөмөлдөп отурган Алия, коңгуроону угуп , телефонду колуна алды. Бейтааныш номер. — ” Үй номери го, 495 менен башталыптыр. Ким экен бул? Мындай номер менен эч ким чалчу эмес эле ” – деген ойдо чалууну алды.

— Да.

— Алло, бул Алиябы?

Эркектин үнү … Алия чочуп кетти. Машинканын дабышынан эркектин үнүн жакшы ажыраталбай турду.

— Ооба , а сиз кимсиз?

— Алия , мен Маратмын. Кандайсың?!

Мараттын күтүүсүз чалуусунан Алия өзүн жогото жаздады. Кызыктай абалга туш келди. Адатынча бети алоолонуп кетти. Марат менен сүйлөшүп жатканына кубанып да кетти. Көз алдына Марат тартылып, башка эч нерсе көрүнбөй , толкунданып турду …

— Сиз …? Сиз кайдан Марат аке? Москвадасызбы?

— Жок, мен Кыргызстанда элемин.

— Номер …үй номери болуп чыгып атат …

— А билбейм, # 1 менен чалып атам сага Алия.

— Номеримди кайдан таптыңыз?

— Издеген табат, Алия. Күттүм, издедим, таптым. Койчу муну, өзүңдөн сүйлөчү ?!

Толкунданган Алия эмне деп сүйлөөрүн билбей, апкаарып турду. Мараттын чалуусу, эми гана өчүп бараткан отко чок чачкандай болду …

Ошол күндөн баштап , Марат бат – баттан коңгуроо чалып, экөө тээ эски тааныштардай бир топко сөздөрү бүтпөй сүйлөшүшчү болушту. Марат көп күн чалбай калса, Алия күтүп, жоктоп калат… Марат менен сүйлөшүү баарынан кызык , жагымдуу эле. Бир жаздыкка баш коюп, кучакташып жаткан күйөөсү менен да мынчалык кызык маек күрбаптыр, ойлоп көрсө…

Чер жазыша сырдашып сүйлөшмөк тургай, жакшы сөз оозунан чыкпаган , жаздыкка башы тийээри менен уктаган күйөөсүнө таарынчу. Кантсе да аялдык каалоосу , күйөөсүнөн эч кимден укпаган назик сөздөрдү, эркелетүүнү каалачу . Бирок, Даниден андай назик, сезимтал сапаттар жок эле … Тоңураак эле. Анын жанында көпкө чейин уктай албай ойго батып, анан гана уйкуга кетчү Алия…

Марат чалган күндөн баштап, эбак уктап калган күйөөсүнүн жанында, Мараттын кызыктуу кептерин башынан эстей баштайт. Жагымдуу маанай тартуулап, жылмая ойлоп жатып, анан уйкуга кетет… Биринчи жолу жигит менен сүйлөшүп жаткан он беш жашар кыздай болуп, анын коңгуроосун күтчү болду. Марат менен сүйлөшүү аны ” бакыт ” дүйнөсүнө жетелеп, Алия өзүнү андагы учуп жүргөн эркин куштай сезет … Ал дүйнө сөз жеткис, ажайып дүйнө эмеспи. Мүмкүн болсо, Алия ошол дүйнөдө Марат менен калаар эле …



УЛАНДЫСЫ БАР.




Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva
www.kafiye.net