Бейкунар көчөлөрдөн көчөлөргө,





Бейкунар көчөлөрдөн көчөлөргө,

Гиласка корголошкон жөжөлөргө.

Аптаптан чаңкоолорун басалбаган,

Кан жолго шайын таппай жөтөлөргө…

Жан шерик болгонума чыкпай ичи,

Айтышат “дарман кетти көтөрөргө”




Эсиме салышканы кеттим күйүп,

Изиме өчтүн тоосун салып үйүп.

Өрттөнсөң өрттөнө бер, мага эмне,

Баратам түйүнчөгүм өзүм түйүп.

А бирок эрин кургайт.. чаңкоом беле,

Саратан, сар талаалар …дүйнөм күйүк.




Бул ирмем жутум аба кысылгандай,

Ысытма чыгып дени ысыгандай.

А балким буулгандан жаны чыгып,

Жаткандыр дүйнөсү бүт кычыгандай.

Бейкабар мага эмне, кайдигермин,

Бир тагдыр эки башка сызылгандай.




Жолунан калбагандай өмүр шашып,

Сайгылап жалган өзү бурчка качып.

Ар бири жанын сактап өз алдынча,

Ар бири билгениндей даван ашып..

Бирөнүн оозунан да чыгар эмес,

“Бу дервиш неге жүрөт мында басып?”



Ош шаары, 23 –май, 2021-жыл, 20.06
www.kafiye.net