Шахзадаң

болуп калайын



Күлбөгөн гүлүм бүр болуп,

Түйбөгөн бүрүм гүл болуп.

Ачылса жерди караттың,

Күйбөгөн жаным күл болуп.

Кусага салган күн болуп,

Ызага чалган түн болуп.

Күйүткө салып сыздаттың,

Азаптан бүткөн үн болуп.



Түйүндүү чийе сыр болуп,

Чечилбес көк төш чыр болуп.

Үшүттүң байкуш жүрөктү,

Кайгылуу арман ыр болуп.

Өчөмбү көксүп зар болуп,

Өтөмбү өксүп кар болуп.

Сезимиң чилде үшүтүп,

Калганбы дүйнөң тар болуп.



Ханзадам , кимге теңейин,

Көз жашың болуп берейин.

Арзууму айтып ачылып,

Сүйүүңө арзып келейин.

Тумандуу жолуң карайын,

Алдыңан тосуп барайын.

Өмүрлөш болуп жап-жалгыз,

Шахзадаң болуп калайын.



Турмушуң өзү бир тилим,

Дайрадай көзү көк ирим.

Жугузбай чаңды көңүлгө,

Сүйүүлөр ширин, шипширин.

Сүйүүдөн бүткөн өмүрүм,,

Калбасын ооруп көңүлүм..

Сезимди айап бук болгон,

Чырай гүл болуп төгүлгүн.




Ош шаары, 18-май, 2021-жыл, 19.49

Калдарбек Койлубайтегин (Шалка)
www.kafiye.net