ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ. /TRENDE AŞK. 9





УЛАНДЫСЫ — 9.



Менин күлмүңдөп турган көздөрүмө эжем көзүн бакырайта карады. Ал менин эмне айтаарымды билгенсип турду. Менин үстү – башыма бир карап чыкты. Эки айлык болгон ичим байкала элек эле. Баары бир, кош бойлуу аялдын келбетинде өзгөрүүлөр байкалат эмеспи. Эжем төрөп көрбөсө да, мени даана байкады.

— Канча болду? …

Ушул суроосун ушунчалык муздак үн менен сурады.

— Эки ай …

— Барно, муну төрөп алуудан коркпойсуңбу?

— Жок, коркпойм. Эже, бул бала мен сүйгөн адамдан. Мен төрөсөм …эч качан өкүнбөйм.

— Мм…даа…Нурбек жакшы бала экен. А күйөөңө эмне дейсиң? Эмне деп барасың? Жее? …

— Ооба, эже. Ошол сиз айтайын дегендей. Эсептеп келсем, мен күйөөмдөн кеткенден кийин, бир жумадан кийин жаралган наристе. Демек, толук күйөөмдүкү десем, эч кандай күмөн болбойт. Муну бир гана сиз билишиңиз мүмкүн…

— Менден кам санаба …Кимге барып сүйүнчүлөйт элем. Өзүңдүн эле намысың келбесе…

— Жок, эже …

— Макул. Мен сырга бекеммин , билесиң. Эч качан оозумдан чыкпастыр. Өзүң эле жаңылып кетпесең … Апама айтып алба. Алар эски адамдар, билесиң …

— Жок – жок, эже! Апама кантип айтайын. Апам мени эч качан кечирбейт го ! Өзүмдүн гана сырым болуп калаар …

Бул түнү эжем мейман болуп, биз менен чер жазыша сүйлөшүп отурду.

***

Нурбек- эжем экөөбүздүн ортобузда эмне сөз болгонун укпаса да, менин сыр каткан каректеримден боолголоду. Эжемди шаарга кетчү электричкага салып келгенден кийин, мени бекееем кучактап, эч сөз сүйлөбөстөн көөпкө отурду. Анын карылуу колдорунун кучагы мага да жагып, кең көкүрөгүнө башымды жөлөп отура бердим. Экөөбүздүн ортобузда кучагыбыз аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүп, жакындап келе жаткан ажырашууну сезгендейбиз… Бул жөнүндө экөөбүз тең сөз козгогубуз келбей турду. Экөөбүз бирге эң бактылуубуз … Башка сөздү биз каалабай турдук…

Бул күнү Нурбектин бош күнү болду. Экөөбүз кеңешип, даамдуу тамак бышырмак болдук. Тамак жасап, жашылча – жемиштерге толгон дасторкондо экөөбүз гана олтурдук . Нурбек мени адаттагыдан башкача эркелетип, тамакты өз колу менен жедирип жатты. “Сага пайдалуу “- деп, жемиштерден шире жасады. Анын колдорунан тамак жеген мага абдан жагып жатты. Адатта, кош бойлуу аялдар башка бирөөнүн тамагын жегенди жакшы көрүп калышат го. Мен да так ошондой болуп калдым. Нурбектин колунан чыккан ар бир даам, таңдайдан кеткис даамдуу болуп атты …

— Барно, сен качандыр бир кезде жигит менен бийлегенсиңби?

— Жок, Нурбек, кайдан …

— Кел анда, экөөбүз жеңил бий бийлейли. Жакшы көргөн адамыңдын кучагында жеңил бий бийлеген өзүнчө эле керемет го. Жүрөктөрдүн кагышы угулуп … Нурбек жылмая, мени кучагына тартты. Мен билбеген чет элдик ырчынын жай, мелүүн ырында экөөбүз кыналыша бийлеп жаттык … Менин чачтарымдан , моюнумдан улам жыттап коет .

А мен анын көкүрөгүнө башым коюп, анын сүйүүсүнө мас болуп, бактылуумун…

— Барно …

— Оов …

— Эгер мен эркин болгонумда …мен сенден ажырамак эмесмин… Сенин ички дүйнөңдө эмне дүрбөлөң болуп жатканын баарын билип турам.

— Анда …экөөбүз чогуу кетмек белек? …

— А сен кетет белең мени менен? …

— Нурбек, сен айткандай эркин болгонумда , сен кайда барсаң бармакмын … Себеби … мен сени сүйөм! Мен өмүрүмдө бир гана сени сүйдүм… Сени билбейм.

— Жаным менин … менин сезимдеримди билсең экен. Тагдырдын тамашасын кара, канчалык каалабайлы … экөөбүздө тең, мүмкүндүк жок. Ушундай оор абалда жолуктурганына тан берем … Сенин алдыңда да күнөөлүү болуп турам…

— Эмнеге, Нурбек!?

— Сен дуйнөгө алып келчү наристебиздин алдында …Барно. Өз атасы болуп, көрбөй калышымды ойлогонумда , өрттөнүп кетким келет. Бирок …тагдырдын алдында алсыз экенбиз. Канчалык каалабайын , тагдыр менен күрөшүүгө күчүм жетпейт экен… Балким… өзүм күнөөлүүдүрмүн…

— Нурбек! Ошол күнү качып кеткениң үчүн өзүңдү күнөөлөп, ,тагдырыңа тан берип отурасың. А менчи ?! Менде эмне күнөө болгон? Мен – эне сүтү оозумдан кете элек наристе кезимде турмушка чыктым. Эч күнөөсүз күйөөмдөн токмок жеп, күн кечирип келдим. Ошонун баары эмне жазыгым үчүн? Бул жөн гана тагдыр жазмышы … Менде да кандай гана тилек – максат, каалоолор болгон. Анын баарына жетким келип, канчалык аракеттенгенимди билесиңби? А бирок, жетти дейсиңби? Жоок … Экөөбүз замандын, мезгилдин агымында жашап, күн кечирген көп пенденин бирибиз… Мен турмушту ушундай түшүндүм Нурбек …күчтүүлөрү жетип, алсыздары көптүн көлөкөсүндө байкалбай жашап өтөт экенбиз. Жөн гана бир талдын көлөкөсүндө өсүп, кайра жок болгон чөп сыяктуудай ойлоп кетем кээде …

— Мм… сенин сөздөрүңдө да чындыктын үлүштөрү бар, Барно.

— Нурбек! Ичимдеги сенин балаң… Мен сени сүйөм …а бала, сенден калган белек мага. Сенин белегиң мага- эң кымбат. Ар дайым сени эске салып тураар. Кантип унутайын сени… Аман – эсен көз жарып алсам, белек – сен болосуң. Сенин жүзүңдү, күлкүңдү, сенин бардык турпатыңды андан көрүп жүрсөм …мага ошол бакыт! Анткени ал – сен , сен мени менен бирге болосуң, жаным!

Колдорумду Нурбектин моюнуна ородум … Көйнөгүнүн топчуларын чечип, кең көкүрөгүн , моюндарын өпкүлөп баштадым.

— Сени аябай жакшы көрөм, Нурбек! Мен сени бир мүнөт да унута албайм го… Сенсиз мен кантем?! …. Ажырагым келбейт…

Ушул сөздөрдү айтып, жашым куюлуп, ыйлап да жаттым, өпкүлөп да жаттым… Колдору менен жашымды аарчып жаткан Нурбектин оттой ысык эриндери эриниме кадалды. Ширелишкен эриндердин балдай таттуу даамы ансайын эңсетип, эриндер бири – биринин бал даамынан мас болуп турду …

Сыртта күн бүркөө болуп, шамал жүрүп жаткан. Аңгыча чагылган жаркылдап, анын тарсылдаган үнү угулду. Чагылган чартылдаган сайын, үйдүн ичи жапжарык болуп, караңгы бөлмөдө баары көрүнүп турду. “Жарк ” эте түшкөн жарыкка, жайылган аппак шейшептеги “апакай ” денелер, караңгы бөлмөдө “жарк ” эте көрүнө түшөт. Добулбастай дүңгүрөгөн чагылгандын үнүнөн корккон сыяктуу, “апакай ” денелер бекем кучакташа, чырмалып жатышты …

Терезеге “тык – тык ” ура, сырттан жамгырдын шарпы угула баштады. Терезеге тийген тамчылар, айнекке жабыша сарыгып агып жатты…

Айкалышкан ” апакай ” денелер көл – шал болуп, ырахаттан балкып …бошошкон денелер “суу ” болду …

Сырттагы катуу шамал да жумшаргансып, жамгырдын жай шырпылдагы угулду …

Таң агара баштаганда , мен ордуман туруп барып, терезени ачтым . Терезени ачаарым менен сырттан кирген муздак шамал , ичиркентип жиберди. Шашыла кайра Нурбектин жылуу койнуна кире качтым. Салкын абадан Нурбек да ойгонду. Кучакташа, терезеден тийген күн шооласын суктана карадык. Күндүн жылуу нуру беттерибизди эркелете сылады. Тээ көгөрүп көрүнүп турган бак – дарактарга жашынып алып, сайрап жаткан түрдүү куштардын безелене сайрап жаткан кооз үндөрү , жаңы аткан таңды шаңга бөлөгөнсүйт… Ушул кереметтүү, кооз таңга Нурбек экөөбүз күбө болуп жаттык.

Күн көтөрүлгөндө ар дайымкыдай, мени көтөрүп барып, жаш баладай өзү жуунтуп, көтөрүп келди. Мен каткыра, каршылык көрсөткөнүм менен… бул адаты мага өзгөчө жакчу. Сүлгү менен дене – башымды эркелете аарчып да жиберет…

Нурбек менен ушундай бактылуу күндөрдү кечирип жаттык. Бул жашообуз убактылуу экенин билсек да, ал жөнүндө ойлоп да койбодук. Биз экөөбүз бейиштин деңизинде сүзүп бараткандайбыз…

Дилибиздеги, жүрөгүбүздөгү тунук махабатты, мээримди, сүйүүнү бири – бирибизден аябадык .. Сүйүүгө, мээримге бөлөнүп, ичимдеги наристе да өсүп жатты. Убакыт билинбей өтүп, алты айлык болуп калды …

Канчалык ойлобоого тырышып, бир күнү бизди ажыратчу күн келээрин ойлобоюн десем да, ошол күндү ичимден күтүп жүрдүм. Байкатпаганы менен, Нурбек деле ошол күндү күтүп жүрдү.

Ошентсе да, биз бул дүйнөдөгү эң керемет, кайталангыс күндөрдү бирге өткөрүп жаттык …

***

Ошол күн да келди. Күн түшкө таяп калганда, эшикти ” кыыыйч ” ачып, эжем кирип келди. Аны көрөөрүм менен баарын түшүндүм. Демек, менин кетээр убагым келди. Мени издеп, эжемдин тынчтыгын бузуп атышат… Баары айтылбаса да, белгилүү …

Нурбек да эчтеме сурабады. Эжемди жакшы коноктоп, көңүлүн алууга аракеттенип жаттык. Көнүлдүү маектешип отурсак да, сөз токтоп, жымжырт болуп калганда, айтылуучу сөздөрдү көздөрүбүз чагылыша, байкатып коюп жатты … Бул түнү эчтеме окуя болбогондой, эжемди коноктодук.

Эрте мененки чайдан кийин, эжем жөнөөгө камынды. Ошондо гана ал экөөбүзгө алмак – салмак карап, жооп күттү.

— Барнону мен өзүм жеткирип барам. Кам санабаңыз, аз күндөрдө барабыз – деди Нурбек.

Ох ! Ушул сөз менин жан – дүйнөмдү солкулдатып, бычак менен тилип, туз куйгандай ачыштырды … Ажырашуу күнү – эч качан келбесин каалап турдум. Бирок …баардык нерсенин аягы бар… А биздин каалообуз эч нерсени чечпейт.

Биз коштошуп жаттык … Нурбек жумушуна да чыкпай калды. Бул жуманы биз – сүйүүгө, сүйүлүүгө, балкыган махабат күн – түнүнө арнадык …

Ошол таңдардын биринде Нурбек: — Барно, даярданалы. Сени жеткирип, мен да барайын … Өзүм да барайын …

— Кайда, Мекениңеби?

— Ооба …

— Ошентип чечтиңби?

— Ошентип чечтим. Кайда болбоюн …сен, балам…менин жүрөгүмдөсүңөр. Силерди эч качан унутпасмын… Силердин аманчылыгыңарды гана тилеген колумдан келет, азырынча … Калганын мезгил көрсөтөөр. Балким, качандыр бир туз буйруп, жолугуп да калаттырбыз. Бул эми тагдырдан. Кайда болсон да аман бол, менин кара көз Барном!

Нурбек мени бек кучактап, ичимди сылаганча өөп койду. — Балам сага аманат!

Куюла баштаган жашымды жутуп, эрдимди бек тиштеп, Нурбектин сөздөрүнө макул болуп, сүйлөй албай турдум.

— Даярдан, Барно! Бүрсүгүнү чыгабыз…

Аттиң! Коштошуу кандай оор! Айрыкча, сүйгөн адамың менен экинчи көрүшпөсүңдү билип коштошуу, азаптын азабы экен! Бирок …башка чарабыз жок эле …

Акыркы ” керемет таңды ” атырып, Нурбек экөөбүз шаарга келдик. Ыйлабастан коштошууга сөз бердим. Ичим өрттөнүп, алоолоп атса да, сыртыма чыгарбай келе жаттым…

Бийик үйлөрдүн бирине келип, эжемди күтүп калдык.

Эжеме мени табыштап, Нурбек мени кучактап өпкүлөп, жыттады да, шарт бурулуп, кылчайбастан басып кетти.

Мен ошол жерден жыгылып ыйлагым келди. Денемдин бир бөлүгүн жулуп кеткендей, ичим эңшерилип, жаман болуп турдум … Бул өмүр мага токтоп калгандай болду … Ошентип, Нурбек экөөбүздүн сүйүүбүз аяктады …

Күйөөмө кайтып келгенден кийин: — Мен үйгө кетким келет, балдарды сагындым – дедим. Таарынычымды да, жек көрүүмдү да билдирип, төшөгүм бириксе да, бетин карап жатпадым. Анын деминен, ар бир кыймылынан ушунчалык итиркейим келип турду. Аны менен бир төшөктө жатуу да ирээнжитти… Кайра жашаган бир ай убакытта, аялдык милдетимди да аткарбастан, Мекениме кеттим. Күнөөлүү болгон ал – ” бир аз иштеп, артыңдан барамын ” – деп, калды …

Убакыт өтүп, уул таптым… Баламды экиге чыгарып, кайрале кең Москвага келдим … Максатым акча деп турганым менен, дилимде, көңүлүмдө Нурбек жашап жүрөт…

Эмне болду экен? – деген ой менден, жатсам жадымда, уктасам көзүмдө, соккон канымда … Нурбек дайыма мени менен жашап жүрөт. Анткени, мен аны чексиз сүйөм !

***

— Мынааа, мен айтчу окуя да аяктады ! Укканыңарга рахмат! – деп, окуяны айткан эже, сөзүн жыйынтыктады.

— Ой, эжее! Чооң рахмат! Укмуш окуя, укмуш сүйүү экен! Сөз жок! – дедим мен.

— Кызык – деди, жашыраак эже. Эмне, төрөгөндөн кийин баласынын өңү – түсүнөн эч ким байкабаппы?

— Мен да ушул суроону бергем. Эне – деген кыраакы, сезимтал болот эмеспи. Өз энеси: — Кызым, бул балаң, балдарыңдын баарынан башкача, көздөрү, өңү – түсү – деп шектүү караптыр. Барно кантип айтмак:— Жок, энекебай, бул күйөөмдүн баласы – деп, көзүмдү ала качтым дейт. Энеси сезгендир, бирок баланы баары жакшы көрүшүп, эч ким анын бүтүк көзүнө, сары өңүнө шек келтирбеди – дейт…

— Өтө сонун окуя экен. Тим эле, “Махабат дастаны ” , эже . А тиги эжеси Рано күйөөгө тийиппи? – деп, кызыга сурады Болот байке.

— Ии, баса, ооба, тийиптир. Кыркка чамалап калганда, жакшы кишиге турмушка чыгып, кыздуу болуптур.

— Болбосо, эмне, сиз барып үйлөнүп алмак белеңиз? – дедим.

Менин бул сөзүмө баары кыраан – каткы күлүштү.

— Ооба, издеп көрөйүн дегем. Үйлөнсө, үйлөнүп ала бермекмин – деп токтоналбай күлгөн Болот байке.

— Эже, сизге рахмат! Үч күндөн бери токтобой айтып берип, чарчадыңыз. Өтө кызык … – дедим.

— Ооба, иним. Силерге үч күн айткан окуяны, мен үч айдан ашык жанынан жылбай уккам. Баса, иним, эми сенин кезегиң. Эртең угалы эми, ээ?

— Ооба, ага – эжелер. Мен силерге жакын досторумдун биринин , ушул жерде тапкан кайгылуу сүйүүсүн айтып берейин – деп турам…

ДОСУМДУН СҮЙҮҮСҮ.

Бир мезгилде эки жигит менен жүргөн кыз, анын бири – менин досум эле. Акыл – эсин жогото сүйүп калган досум , сүйгөнүнүн башка улуттагы жигит менен жүргөнүн өз көзү менен көрбөдүбү …

Жумуш аяктап, Нурбек менен Барнонун керемет сүйүүсү, досумдун аянычтуу абалы, баары көз алдыма кинодой жүгүрүп, элестеп жатты.

Эртең болсо, мен досумдун сүйүүсүн айтып берем…

УЛАНДЫСЫ БАР…


Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net