şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
УЛАНДЫСЫ — 8.
Күндөгүдөй олтурчу ордума отургузбай, Нурбек мени өзүнүн жанына отургузду. Тамактанып жатып, экөөбүз бири – бирибизден көзүбүздү алалбайбыз… Ал анткен сайын мен өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем. Болоору болуп бүткөндөн кийин, Нурбектен уялганымды кантейин … Менин бул абалымды байкаган ал, бетимден өөп, колумду кыса – кыса кармалап койду. Экөөбүз бири – бирибизди үн – сөзү жок түшүнүшүп турдук.
Бул жерге келгенибизге бүгүн он беш күн болот. Тынымсыз сүйкөп жаткан мазь, мага таасирин тийгизип, кочкул кара тактар мурункудай болбой, бир аз түсүнөн кайта баштады. Денемдин оорусу да азайып, эми эңкейбей баса баштадым. Ошентсе да, катуу кыймылдап же катуу күлгөнүмдө оорусу сезилип турат. Денемди алгачкы күндөрдөгүдөй оор сезбей, жеңилирээк сезип калдым. Мен айыгып баратам…
Мазды сүйкөп , Нурбек жанымда олтурду. Анын колдору моюнумдан баштап, далыларымды айланта сүйкөп, белиме түшөт. Кайра ошол кыймылын кайталайт. Көбүрөөк убакыт, мерч жерлеримди укалайт. Анын айтымында, батыраак таркайт. А мага Нурбектин колунун жылуулугу, ар бир кыймылы жагып, ырахаттанып жатам. Менин ырахаттанып жатканымды билип турган ал, айланып жаткан колдорун акырын колтугума киргизип кытыгылап, андан өткөрүп көкүрөгүмө колун салып тийишип койду . Анын кытыгылап койгон колдорунан күлкүм келип кетти. А мага бир аз убакыт турууга мүмкүн эмес. Ага: – Тийишпе, күлдүрбөчү, ооруп кетти – десем: – Ооруп атабы , мына сага, эми ооруйт ! – деп, белимден ылдый чапкылап салды.
— Ах, сени … Нурбек! Шашпа, сениби !
— Эмне шашпа ?! Мен эч жакка шашпайм. Сенин жаныңдан кайда шашам?
Ансайын көкүрөгүмдү оорута кармап койду. Жаткан жеримден турууга камындым. — Анда болду, бүттү! Сен ойноп жатасың да! – дедим таарына. Көйнөгүмө колумду узаттым. Көрүнүп калган көкүрөгүмдү Нурбек колу менен кармалап, оозун жакындатты.
— Эмнеге бүтөт? Бүтпөй эле койсунчу …
Колдору менен мыжыга кармай, өпкүлөп кирди . Жумшак тилин , эриндерин тийгизип, упчу эмген сыяктуу учун тартканда, ырахаттан көзүмдү жуумп жибердим. Колдору көкүрөгүмө гана эмес, бүткүл денеме жүгүрдү … Жагымдуу, жумшак эринден …магдыраткан ырахаттан башымды жаздыкка жыгытып, Нурбектин бүткүл денесин өзүмө карай, бекем тарттым. Эки дене биригип, ” бийиктикке ” чыгуу үчүн жандалбастап , бүткүл күчүн жумшап, тердеп – тепчип … аракеттенип жатышты …
Экөөбүз тең үнсүз кучакташа, терезени тиктеп жаттык.
— Барно, эшикте күн жылуу экен бүгүн. Каалайсыңбы, бул жерге жакын токой бар. Бүгүн барып келели. Сен келгенден бери жадагалса, ушул үйдүн сыртына да чыга элексиң. Баса алсаң, көрсөтүп, тааныштырып келейин. Баса аласыңбы?
Айылдын жапжашыл талаасын, жыпар жытын сагынган жаным, кубанычтан күлүп жибердим.
— Басам, Нурбек. Баргым келет да, жапжашыл жазды өз көзүм менен көрүп келгенге эмне жетсин! Качан баралы ?
— Азыр досумду айтайын. Ал бүгүн үйдө. Керектүүлөрдү сатып келсин. Шишкебек бышырып жейли. Өзүм да жаратылышты сагындым, абдан …
— Жакшы болот, Нурбек . Сонун, ура! – деп жибердим .
Керилген талаа, кең чытырман токойдун көлөкөлүү, көлгө жакын жээгинде шишкебек бышырып , жаздын сулуулугуна суктанып, жашыл чөптө эс алып жаттык. Жашыл жамынган жаратылыштын кооздугу, чарчап турган көңүлгө ушунчалык шаттык тартуулайт! Жадырап тийип турган күн нурундай жылмайып, көңүлүбүз ачылып, куунакпыз. Мен бүгүн абдан ырдагым келди . Көкүрөктө жыйылып, ,батпай турган балдарыма болгон сагынычымды, сүйүүмө жолукканымды …баарын бугум чыгара ырдап, төгүп салгым келди. Мен өз тилимде эки – үч ырды ырдап бердим. Анан Нурбек, анан досу. Мен алардын, алар менин тилимди толук түшүнүшө бербесек да, өз тилибиздин кайрыктары менен эки улуттун тең сезимдерин козгогон ырлардан төктүк… Күн бою черлерибиз жазыла, эс алып кайттык. Мен ушул күнү башымдан өткөн оор күндөрүмдү, ооруп турганымды , баарын унуттум…
Нурбектин кең көкүрөгүндө башымды коюп, анын көкүрөктөрүн сылап, өпкүлөй, кучактап жаттым. Ал да мени ушинтип эркелеткенди жакшы көрсө, мен да анын көкүрөгүнө жөлөнүп, өпкүлөп эркелетем …
— Барно .
— Ов, жаным …
— Сен эми жакшы болуп калдың. Мен эми иштейин ээ, макулбу? Макулсуңбу? Сен үйдө бизге тамак даярдап турасың э?
— Албетте, Нурбек. Каршы эмесмин. Бирок …сага ушунчалык көндүм. Кантээр экенмин…
— Жумушумдун сааты көп эмес, Барно. Көбүнчө түштөн кийин тээ түнгө чейин дешет. Келген жүктөрдү түшүрүп, кайра жүк жүктөйт экенбиз. Жумуш бүтөөрү менен сага ашыгам го, жаным…
Колдор моюндарга артылып, ажырай албай, чырмалышып бараттык …
Нурбек иштей баштады. А мен оңолуп, жакшы болуп калдым. Денемдин оорусу негизинен көп байкалбайт. Мерч жерлерим гана кетелек. Бирок, бир топ күч топтоп, айыгып калдым. Жумушуна түштөн кийин кеткендиктен, ага чейин чогуубуз. Кечки тамакты чогуу жейт да, жумушка кетет. Түндүн бир оокумунда койнума кирип келет. Алгачкы күндө мени көтөрүп жуунткандай, дайыма көтөрүп барып, сууга салат. Жаш баланы көтөргөндөй көтөрүп эркелеткен кыялы, мага өтө жакчу … Экөөбүз чексиз бактылуу элек …
Бир күнү үй жыйнап жүргөм. Күн жылып калган убак болгондуктан, негедир үйдүн ичинде аба жетпей, буулуп кеттим . Терезеге араң жетип, ачтым. — Ох ! Таза абадан кере – кере жуттум. Башым да айланып, кускум келип турду.
— Бул эмнеси? Эч жерим оорубай элемин го? Ия ?! Балким … балким…
Үчтү төрөгөн аял – кантип кош бойлуу экенин билбесин. Бүткүл оюм оору менен болуп, бул жөнүндө ойлоп да койбопмун. Мен кош бойлуу экенмин… Же кубанышымды, же ыйлашымды билбедим.
Нурбек бул кабарды, эч таң калуусуз кабыл алды. Ал мени кучактап , катуу кысып
өөп, эркелетти. Экөөбүз башка сөз козгободук. Эмне дээрибизди чындыгында …экөөбүз тең билбейт элек … А биздин сүйүүбүз өзгөрүлбөдү .
Наристе ичимде чоңоюп жатты …
Экөөбүз башында убадалашкандай, шаарга барып, эжеме жолугуп келди. Эжем бир күнү өзү келмек болуптур. Жакын аралыкта эжемдин келээрин күтүп жүрдүк. Жашообуз баары жакшы нукта өтүп жатты.
Ушул түнү да мен Нурбектин көкүрөгүнө башым коюп, анын көкүрөгүн өпкүлөп, чачтарын сылап жаттым. Канчалык бекем кучактап жатсам да, сагынычым таркабагандай. Себеби, мен аны катуу жакшы көрөм… Ажырагым келбейт… Ичимде түйүлдүк пайда болгондон кийин, эмне болоор экен ? – деген түпөйүл ой, менде жашай баштаган. Эмне болоор экенбиз? – деп , тынчсызданам. Качандыр бир кезде , ар бир окуянын аягы болот эмеспи. Нурбек экөөбүз түбөлүк бирге боло албайбыз. Муну экөөбүз тең айдан ачык билебиз. Ушуларды ойлосом, анын жытынан тое – тое жыттып, эч кучагынан чыккым келбейт, ажырагым келбейт… Балким, бул өз уясына кайрылып кетээр… Ушуларды ойлоп жатып , анын бир сөзүн эстедим.
Кийин айтып берем, – деген сөзү эсиме келе түштү.
— Нурбек!
— Оов.
— Кийин айтып берем ,- деген сөзүң эсиңдеби? Бүгүн ошол сөзүңдү эстедим. Айтсаң жакшы болоор беле?
— Түшүндүм, Барно. Мен өзүм да айтып берейин деп, эч эле оозум барып, айталбай жүргөм. Сен да мен жөнүндө билгениң жакшы… Нурбек көпкө чейин унчукпай, менин денемди сылаганча, ойлуу жатты да:
— Барно, менде үй – бүлө болгон. Аялым, бир кыз, бир уулум. Жалгыз уул элем. Ошондонбу, айтканым айткан, дегеним деген болуп чоңойгом. Азыр ойлосом, эч нерседен коркпогон мүнөзүм да болгон экен. Айылда сөзү өткөн жигиттердин бири элем. Бирөөлөрдүн туура эмес ишин көрсөм, бетке айтаар мүнөзүм бар эле. Ошол мүнөзүмдүн зыянын тартып калдым.
— Эмне болду эле?
— Мм… Кандай десем… Сага ачыгын эле айтайын . Мен качууда жүргөн адаммын. Шартым ошондой болуп калган. Баамымда, мен издөөдө жүрөм. Ошондуктан айтаарым, бир күн болбосо бир күн, мен үйгө келбей калышым мүмкүн , Барно. Муну сага айтып, көңүлүңдү чөгөргүм келбеди эле. Кокус, мени таап калышса, сөзсүз мени алып кетишет. Бир гана сага айтаарым… мен сени жакшы көрөм …Ушул жашап жаткан үч айга жакын аралыкта, мен сага абдан көндүм. Сен…бул жашоодо мен кадырлаган аялдардын бири болуп каласың . Сен ойлобо, бала үчүн деп. Жок, андай эмес. Мен сени тээ квартирада көргөндө эле жактыргам. Сенин баеолугуңду, назиктигиңди, ыйбаалуулугуңду жактыргам… Өзгөчөсүң … Карачы, тагдырдын кара өзгөйлүгүн … Сен өз дүйнөңдөгү адамга эмес, таптакыр башка, карама – каршы дүйнөңдөгү адамга баш байлапсың. Билип турам…буга сенин күнөөң жок. Баягыле менталитет. Ал нерсе бизде деле бар. Бул жөнүндө сүйлөсөк, сөз көбөйөт.
— Качууңдун себеби эмне, Нурбек? Билсем болобу?
— Ооба, болот. Мен бирөөнү катуу уруп койгом.
— Ошон үчүн элеби? Эмне үчүн урдуң эле?
— Мм… Чиновник сөрөйлөрдүн бири эле. Ал тилинен жаңылган…Элди алдап, акчасын жеп жүргөн бирөө болчу. Адатынча элдин алдында каратып туруп, калпты сүйлөп жатты. А чындыкты көргөн эч ким унчукпайт. А мен анын бетине чындыкты айттым, элдин алдында уят болду. Ошондо ал, башка айла таппай калдыбы … ата – тегиме асылды. Мен тоолуу жерденмин. Бизде ата – тегин катуу сүрүштүрүшөт. Ата – бабама карата айтылган , намыска тийчү бир сөзү үчүн, ошол жерде мен өзүмдү кармай албай калыпмын. Жашмын да, толуп турган убагым. Барып туруп, аны кандай уруп жибергенимди байкабай калдым. Жаагын сындыра урупмун…
Нурбек ушул жерге келгенде, көпкө унчукпай калды.
— Анан ?
— Анан ошол да. Чоң дүрбөлөң болмок. Анын туугандары бүт бийликти ээлегендер. Окуя болуп жаткан жерден бир досум дароо менин машинама салып, алып чыгып кетти. Дароо бир – эки досум менен кеңешип, мени Россияга качырышты. Туура эмес кылган экенбиз. Андан көрө ошол жерде калганым туура болмок экен. Эмне болсо да, ” качты ” атка конбой, жүзүм жарыгыраак болмок. Азыр кармап барышса, бир аз оорураак болобу – деп да ойлойм. Ким билет, эмне күтөт мени, айталбайм , Рано. Бирок, мен өкүнбөйм бир жагы, аны сабаганыма. Эч ким бере албаган жазасын менден алды. Эл билет, ачык айта албаса да. Камалып кетсем да, элди алдаганды жазалап, камалам. Ушундаай, Барнохон ! – деди
Нурбек, эч нерсе болбогондой мени карап жылмая.
— Анда … аялыңчы ?
— Эри качып кеткен аялды, тууган – уругу жөн коймок беле . Мен кетээрим менен кайын журтум, аялымды үйүнө алып кетишиптир. А менден дайын болбосо… Угушумча бир жыл ашкандан кийин эле, аялым турмушка чыгып кетиптир. Ал өз эрки менен чыктыбы, ал мага караңгы. Экөөбүз жакшы эле жашачу элек. Же туугандары: – Жок эле эриңден үмүт кылба, эми келбейт- деп, үгүттөштүбү …билбейм. Түшүнө албайм. Балдарым азыр кайненемде. Байкуштар …чоңоюп калышкандыр. Алардын алдында күнөөлүүмүн. Аманчылык болсо, аталык милдетимди алардан аябайм…
— Канча болду бул жакка келгениңе?
— Жалпысынан үч жыл болот. Бирок, мен бир да жеринде туруктуу жашабадым . Улам жер котором, кээде чарчап кетем, Барно. Эми, Кудайдын айтканын көрөөрмүн. Бул да болсо пешенеме жазылган экен, көрүп атабыз. Кээде барып, өзүм беттешким келет. Ошентип калганымда, сен жолугуп калбадыңбы?
Нурбек менин мурдумдан чымчып койду.
Экөөбүз бири – бирибизди толук билип бүттүк … Жашыраар эч нерсебиз калбады…
Көңүлүм жайлангансып калды. Кыналыша жатып, бири – бирибиздин демибизди тыңшап, уйкуга кеттик …
Жумушка жөнөп жаткан Нурбек, токтоп калды да : —
— Барно, кечээ сен бир нерсени сураганды унуттуң. Билдиңби?
— Ооба, кийин ойлоп калдым эле …
— Айтчы, эмне ал?
— Окшоштуктарыбызды.
— Азамат. Ооба, силерди окшоштургам. Мен сени биринчи көргөндө эле окшоштургам. Сенин кыймыл – аракетиң, көз караштарың. Айрыкча, мени караганыңда өзүмдү жоготуп кое жаздагам. Анын көздөрү мени карап тургандай болгон. Кызык э. Эми минтип …аялым болуп калдың.
Бул сөздөр аргасыз мени жылмайтты. А мен ичимден: — Эх, аялың болуп калсам кана эле. Бир өмүр , бактылуу болуп жашабайт белек – деп, ичим ” тыз ” деп турду … Беттеримден өөп коштошо, Нурбек жумушуна кетти.
Күтүп жүргөндөй эле, дем алыш күндөрдүн биринде, үйгө эжем кирип келди. Экөөбүз кучакташа көөпкө турдук. Аны көргөндө эреркеп, көздөрүмдөн жаш кулап жатты. Бир тууганым, эжем менин ! Сенден башка арманымды кимге айтам… Мени аял катары ким түшүнөт … Менин кандай күн көргөнүмдү , сенден башка ким билет …
Дасторкон үстүндө, эжем менен сүйлөшүп отурдук. Ал баарын билет эмеспи. Кайра башынан кайталап сурабады. Эмне окуя болгонун, Нурбектен да укпадыбы …
— Барно, Нурбектен кабар баргыча сени ойлой берип, жарылып кетейин деп жүргөм. Үйдөн келген телеграммага, мени менен деп жооп берип коюп, сени кайдан табаарым билбейм. Бар экениңди угуп, көңүлүм жайланды. Тиги күйөөң мени издеп келип, жолуга албай кетиптир. Сени , мени менен деп, аныңдын да көңүлү тынчтыр. Апамдарга айткам, сенин абалыңды оор, басууга мүмкүн эмес деп. Аны уккан күйөөң , коркуп, батынып жолуга албай жүрөт да. Бир күн баары бир, сени издеп келет мага. Тияктагылар сени ажыратып коймок беле. Балдарың да аларда …
Ранонун бул сөздөрүнүн баары туура эле. Анын сөздөрүнө каршы боло албайм. Баары чындык … Бирок мен …башканы сүйөм! Мени сүйгөн адам бар … Нурбек экөөбүздүн сүйүүбүздү айта албай турдум… Бирок, көздөрүм күлмүңдөп, сүйүп калганымды жашыра албады.
Эжем мени байкады. Мени токтоо көз карашы менен карап турду да: — Мен да ойлогом, Нурбекти көргөндө. Экөөңдө бирдеме болгонун сезгем…
А мен ага бир сөз айткым келип, күлмүңдөп турдум.
УЛАНДЫСЫ БАР.
Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net
Yorum Yapın