şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Чоочун той
Кара жаан кучагында сапар карып.
Кылчайбай күз карааны барат арып.
Өткөнү өтүп кетти кайрылбастан,
Ыйлайлы, ыйлабайлы эми тарых.
Кечээ эле колтукташып бирге басып,
Сезимдин ачылалек сырын ачып.
А бүгүн бегананын түшү сымал,
Отурам сезимимди бирден чачып.
Шампандын атылганы чагылгандай,
Асманды аябастан айрыгандай.
Күлкү-шаң ай-ааламды кытыгылап,
Жылдызды кут төрүнө кайрыгандай.
Той ырдайт…чоочун тойум, тойум чоочун,
Бийлериң, ырларың да чоочун, чоочун.
Той кийим сага канча жарашса да,
Айчырай жүзүң деле мага чоочун.
Чакырып койбосоң да басынбастан,
Тойуңа келдим бүгүн тартынбастан.
Куттуктап койалбадым ..гүлдүү дестем,
Колуман түшүп кетип чачылбастан.
Жүрөгүм эми гана сыздап чыгып,
Кайгынын баткагына тепсеп тыгып.
Жетелеп сууруп чыкты чоочун тойдон,
Жарама тузунан сээп,катуу сыгып.
Шампандын атылганы чагылгандай,
Асманды аябастан айрыгандай.
Күлкү-шаң ай-ааламды кытыгылап,
Жылдызды кут төрүнө кайрыгандай.
Той ырдайт…чоочун тойум, тойум чоочун,
Бийлериң, ырларың да чоочун, чоочун.
Той кийим сага канча жарашса да,
Айчырай жүзүң деле мага чоочун.
Yorum Yapın