Көңүл муздап жаным оорукчан,


Көңүл муздап жаным оорукчан,

Жашын төгүп күңк деп “жорутсам”.

Шайы көйнөк сулууң бакытың,

Табаарың бар бүгүн жолуксаң.



Кусалыгың качып жоголуп,

Айчырайың кайра ойлонуп.

Куп жарашкан эле түгөйсүң,

Уктап калган сезим ойгонуп.



Ысырыктап барчу жолуму,

Таап алдым гүлдүү жолуңу.

Сөздүн гүлүн терип кайталайм,

Көңүлүмө баккан ойуму.



Ашып түшуп сокмо дубалдан,

Чыгайын деп бүгүн кумардан.

Терезеңе ташты ыргыттым,

Коркуп кетпей бөөдө убалдан.



Гул парданы тарттың.Көрүндүң,

Жылдыздардай жарк деп төгүлдүң.

Ачылалек он гүлүңүн бириндей,

Пири сымал айчырайлуу өңүңдүн.



Катып турдум, саамга үн-катсыз,

Теребел да паамда бир жансыз.

Шаңкылдаган күлкү басканда,

Тер куйулган жаным бир арсыз.



Айла канча кайттым артыма,

Кала берди сулуум татына.

Жолугууман таптым эмине,

Жүк болдубу сүйүүм башыма.


Калдарбек Койлубайтегин

www.kafiye.net