Мекен коргоп туу сайдың.



Чек аранын кайтарып чебин,

Душмандан коргоп мекенин.

Арстан жүрөк Баткендин эли,

Кан төгүлүп коргоду жерин.



Отко салсаң оңуп куйбөгөн,

Деңизде калкып чөкпөгөн.

Мекенин сүйгөн Баткендин,

Эр азамат жигиттери өзгөчөм.



Төш тосуп, коркуп өчпөгөн,

Атса да ок тешип өтпөгөн.

Кабылан баатыр эр жүрөк,

Баткен деп уулу кан төккөн.



Кайрып мизин душмандын,

Тарыхта терең из салдың

Манастын жолун улантып

Мекен коргоп туу сайдың.



И. Акпарова. 5.05.2021
www.kafiye.net