Ак жоолук салынган эне 6


Ошентип мен үчүн маанисиз окшош күндөр өтүп жатты.

Эмнегедир өзүм жашап жатсам да, тирүү экениме кээде ишенбей жүрдүм.

Уктасам эле түшүмө Улукбүбү кирет, чачын өрүп бүтпөйм, чачы узун, коюу болчу.

Кучактап сагынычымды жазайын десем эле ойгонуп кетем.

Улукбүбү теңдүү кыздарды көрсөм басып баратып токтоп калам…

Мени көргөн кичинекей балдар корко баштады.

Артелде болсо иштей албай калдым, колума иш барбайт.

Ошентип балдарым Бекен ата менен кампа кайтарып иштеп калышты.

Бир күнү үйдө колум ишке барбай отурсам сиңдим Гүлайша, уулу Акжол менен кирип келди. Экөөбүз кучакташып алып көпкө ыйладык, уулу Акжол бой тиреп он алты жашка чыгып калыптыр.

Силердин кабарыңарды укканбыз, малчылар айтып барган, төшөктө жаткан кайенемди жалгыз таштап кете албай жүрө бердим деди Гүлайша.

Гүлайшаны артелге ишке киргизип, Акжолду мектепке жайгаштырдык, тез эле окуп үйрөнүп кетти.

Мурда эки үй бүлө болсо, эми үч үй бүлө болуп жашап калдык.

Баягы эки эчки көбөйүп, тогузга жеткен, аларга кышкыга чөп камдап, отун- суу даярдоо Бекен ата менен эркек балдардын моюунунда болду.

Гүлайша да кол иштүү кийим- кечени жакшы тигүүчү, андан – мындан угуп, кийим тиктирип, жууркан кабытып, жакшы иштеп, тирденип калдык.

Бир күнү эле Гүлайша ооруп төшөктөн турбай калды, көпкө сүзөктөп ооруп, анан жайында каза болду…

Ошентип жалгыз карманаар бир тууганымдан ажырап, дагы кайгы басты. Аны уккан Гүлайшанын кайниси келип Акжолду алып кетип калды, ага да ыйлап, бир өлүп, анан тирилдим.

Абаң менен атаң сегизинчи классты бүтүп, орто кесиптик окуу жайына жолдомо алышты, да окууга жөнөп кетишти.

Эрбейип Бекен атам экөөбүз эки үйдө жалгыз калдык.

Арт жактагы көчүп келген коңшулар көп жылдан бери балалуу болбой, жер которуп келип эгиз кыздуу болушкан.

Эрмегибиз ошол наристелер, жумуштан келип эле Жумагүлгө жардамга барам.

Кыздарды киринтип, анан суу ташып жалаяк жууп берем. Бекен ата болсо алмак- салмак улам ыйлаганын көтөрөт.

Эптүү Кудай ошентип бизге эрмек таап берди.

Ал кезде меники – сеники деген жок эле да, адамдар бири- бирине күйүмдүү эле, деди улутунуп чоң энем.

Аңгыча кышкы эс алуу башталып абаң менен атаң келип калышты, аларды көрүп, аябай кубаныдык, чоңоюп, токтолуп калыптыр.

Ошол кездеги балдар тириликке бышып, эрте чоңоюп, бүт нерсени өздөрү чечип калышкан.

Экөө акчасына мага деп чоң жоолук, анан тукаба чапан алып келиптир.

Бекен атасына тон, тим эле чоң кишилердей дердейишет.

Окууну болсо экөөбүз тең бешке окуп жатабыз, деп бизди кубантты.

Бекен ата каткан акчасынын баарын экөөнө бөлүп берип жөнөттү.

Ата өзүңүзгө керек болот десем, ой кой балдар келгенче дагы айлык тийип иштеп коём деп болбой койду.

Жайкы эс алууга келгенде сүрөткө түшүп, ала келишиптир, кагазга түшүрүлгөн сүрөттү биринчи жолу колума кармап көрдүм.

Аттиң ушул күнгө чейин Улукбүбү тирүү болгондо жок жегенде сүрөтү калбайт беле, деп ичимден сыздап турдум.

Аны байкаган эки бала да унчукпай тиктеп турушту.

Окууну бүтүп келгенде, балдарды Будённый деген колхозго бөлүп, ошол жакта комбайн чаап, трактор айдап иштеп калышты.


Уландысы бар.


Тоту Арзыкулова

www.kafiye.net