Ак жоолук салган эне 5

Аңгыча күз болуп балдар окууга бара баштады, мектептен кийин бүт үй жумушу Улукбүбүнүн моюнунда.

Балдар болсо баягы үч эчкини багып, Бекен атага жардам берүү менен убара.

Мен жумуштан келип эле тамак жасап, анан ийик ийрип отурам, Улукбүбү колуна тийген китепти окуп берет.

Ошентип кыш келди, ошо жылы кыш өтө оор болду, Бекен ата, чоң тонду үч оронуп кийип алып күнү – түнү кампаны карап жүрүп ооруп калды.

Ыкшып жөтөлөт же жарытылуу тамак жок, ары ойлонуп, бери ойлонуп эчкилердин семизин союп шорпо кайнатып бердим.

Кошуналардын баарын чакырып бир орто тоюп алдык.

Калган этти аз- аздан шорпо салып берип жүрүп, акыры Бекен ата жакшы болуп бутка туруп кетти.

Ээ балам сага эки дүйнө ыраазымын деп батасын берип жүрдү.

Жазга жуук эки эчки тең тууп айран- сүт ичип калдык.

Биз эле эмес коңшуларга таратыбыз. Эки эчкинин сүтүн ичип жыргап эле калдык.

Ошол учурда шаарчага жарык тартып келип, кечинде эки- үч саатка жарык берилип баштады.

Мектепте кечки окуу башталды, жаш- кары дебей окуй баштадык.

Мен үйдө тамга үйрөнүп жүргөндүктөн эч кыйналган жокмун.

Жазып- окуганды берилгендигимди уккан селсовет чакырып алып мени артелге учётчик кылып дайындап койду.

Эртеден кечке тигип, анан кечинде ким канча тикти жазып, анан үйгө кетем.

Өзүм жашоом оңоло түшкөнгө, Чаткалда калган сиңдим кантти экен деп ойлоно баштадым.

Барып келейин десем жол алыс.

Өйдө- ылдый өткөн чабандардан сурап, күйөө балам кайтыш болгонун уктум.

Уулун алып келе берсин деп кабар айттырып жибердим.

Бирок андан кийин такыр сиңдим Гүлайша тууралуу кабар уккан жокмун.

Жүрөгүм жамандыкты сезгендей, кантип кабар алсам, ата- энем да дайынсыз кетти деп көп ойлондум.

Менин сарсанаа болгонумду байкаган Бекен ата, кызым аман болсо көрөсүң, андан көрө аман болсун деп көңүл улап коёт.

Ошентип эрте жазда балдарды тумоо басып суу- чечек ооруусу менен ооруп баштады.

Менин да үч балам тең ооруп жатып калды.

Мен жумуштан келгенде онтоп жатышкан болот.

Тамак жебей, эти ысып- күйүп, ысытмалап жатышты.

Бир эле Мария деген орус доктур бар, ал кыдырып көрүп жүрдү.

Биздикине келгенде Улукбүбүнү тамагына чейин чыгыптыр деп, башын чайкап, суюк дары берип, эртең келем деп кетти.

Эмнеси экенин билбейм, бирок күндөн күнгө балдарым жакшы болуп, Улукбүбү алдан тая берди…

Төртүнчү күн дегенде кошуна келин артелге чуркап келип, эже Улукбүбү каттуу кыйналып жатат деди. Чуркаган бойдон үйгө жеттим, кире берсем үй толтура коңшулар, кызым үзүлүп ээгин байлап жатышыптыр…

Басып жыгылдым, кызым көзүңдү ач, кызым деп кыйкырып ыйлап жаттым…

Үн- сөз жок, өзгөчө сулуу кыз эле, созулуп эле уктап жаткандай…

чачы согончогуна жетчи эле, жайып салышыптыр, ак шейшеп толтура кара чач…

Али денеси муздай элек эле, денеси жылуу өлгөн жок деп кучактап жата бердим…

Бекен атам өкүрүп кирип кеди, ата кызым тирүү, ыйлабаңыз дедим.

Ата таң калып өкүрбөй калды…

Ушул жерге келгенде энемдин каректерине жаш толуп, тып- тып деп жаш агып, жүзүн улам- улам аарчып сөзүн улады.

Элдин баары мени акылынан азып калды деп шыпшына баштады.

Кызымды улам барып кармалап коём,денеси катып, муздап баратты, кызым үшүдү, от жагам деп чыктым…

Колуман ширнекени алып кошуна Сайна ыйлап, эже эсиңизге келиңиз, эки уулуңуз эмне болот деп кучактап кошок кошуп кирди.

Ошондо гана кызымдан айрылып калдымбы, деп ыйлап жаттым…

Ошентип кызым Улукбүбүнү бир мүчөлүндө, он үч жашында жерге бердик…

Мен үчүн жашоо токтоп калгандай болду…

Бейит башына бара берем…

Мени кызым күтүп калды деп бара берем..


Уландысы бар.



Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net