Ак жоолук салынган эне.3.

Ошол күндөн баштап балдар Бекен атам менен мектепке барып окуп калышты.

Экөө тең биринчи класста, бололуу болгондуктан, баарынан чоң көрүнөт экен, деп ата күлүп калаар эле.

Нан, кичинеден бөлүп чакмак кант алып кетишет, бүт балдарга бөлүп берип жүрүштү.

Анткени балдарым ачарчылыктын каарын тартып канган, боору ооруп, нанды бөлүп бергенине, ичимден ыраазы болуп калаар элем.

Мугалимдин да чиедей үч баласы бар деп, Бекен ата күн ара бир нан, чакмак кант алып барып берип жүрдү.

Бир күнү балдар өтө кубанып келди, апа бизге дептер менин калем берди үйгө, деп көтөрүп келишти. Аны көргөн Улук кызыгып апа мен да барам мектепке, апа мен да окуйм деп ыйлап жатты. Кызымдын көңүлүн кыя албай мейли деп уруксат бердим.

Бир күнү Бекен ата келип;

– кызым эртең балдарды мектепке өзүң алып бар.

Селсоветке жолугуп метирке жасатып койдум, ала келесиң, деди.

Маакул ата, бирок метиркенин мага эмне кереги бар, үйдө отурсам,

– деп сурадым.

Кызым иштеп жатпайсыңбы, жакында сени жумушчу катары каттайт, айлык алып иштейсиң, ошон үчүн метирке керек, – деп түшүндүрдү.

Эрте менен чай кайнатып коюп эле балдарды ээрчитип жөнөп кеттим.

Балдарды мектепке киргизип, өзүм селсоветке кирдим.

Барсам эки форма кийген киши отуруптур, Бекен атадан келдим, метирке алганы дедим.

Атаңдын аты ким, -деди.

Жунусаалы, – дедим.

– Чаткалдагы Жунусаалынынбы, деп сурады.

– Ооба, дедим

– Күйөөң кайда, – деди.

– Карагай басып өлүп калган, үч балам бар, ачарчылык болгондо Чаткалдан, жакага түшкөм, дедим.

– Кулактын кызы турбайсыңбы, ата – энең кайда экенин билесиңби, – деди.

– Жок кайдан кеткен боюнча дайны жок, деп ыйлап жибердим.

– Мейли балдарың бар үчүн сага тийбейбиз, иштей бар, деп колума метиркени берди.

Балдардын мектептен чыгышын күтүп турдум, айыл алаканга салынгандай көрүнөт экен.

Жаңы жыгач үйлөрдү салып баштаптыр, иш кызуу жүрүп жаткан экен.

Ичинде бирин – экин аялдар да жүрөт.

Кызыгып жакын барсам, эмне иштегени келдиңби, бизге келип иштесең биринчи үй берет, деди ары жакта турган аял.

– Жок өзүмдүн жумушум бар, кенчилерге тамак жасайм дедим.

– Бул Финдер жасаган үй, бир үйдө төрт кожолук жашаса болот, бир үйдү бир жумада салып коёбуз, бизге окшоп үй салган бригадалар көп,

иштесең селсоветке барып жазылып кой, үй алып каласың, деди куруучу аял.

Мейли, жакшы кеңеш болду деп коштошуп кетип калдым.

Мектептин жанына келсем балдар чыгып калган экен, үчөөнү ээрчитип кенчилерди көздөй жөнөдүм.

– Эмне метиркеңди бердиби? – деп сурады Бекен ата,

– ооба, берди дедим да, ыйлап жибердим.

– Ээ кызым эмнеге ыйлап жатасың деп таң калды Бекен ата.

– Мени атаң сүргүнгө айдалган кулак экен деп бир топ сурашты, дедим.

– Аа ошол элеби алардын жумушу ошол, сурайт да, метирканы берсе болду деди.

– Бекен ата дагы үй салып жаткандарды көрдүм дедим.

– Ошол үйлөрдөн алып калабыз буйруса, кышка чейин берип калса жакшы болот эле, кел кечки тамактын камын көр кызым, аны мага кой, өзүм сүйлөшөм, – деди Бекен ата.

Кечки тамакты ичип, идиш – аякты жууп бүтүп, үйгө кирсем, балдар май чырактын жарыгында окуп жатыптыр.

Мен да ошол күндөн баштап күнүгө балдар менен окуп жүрүп атымды жазганды, окуганды үйрөнүп калдым.

Жаз аяктап, мектеп жабыларда дагы бир жолу мектепке барып келдим.

Мугалим балдарымды мактады, мен дагы тамга таанып, жазып – окуганды үйрөнүп калдым деп, китепти окуп бердим.

Башка ата – энелерге көрдүңөрбү, алыста жашаса да балдарын сабакка үзбөй жиберип, өзү окуганды үйрөнүп алыптыр, деп мени мактады.

Мектептен чыгып кенчилер үчүн салынып жаткан үйлөрдү карасам, жарымынан көбү кирип жашап калыптыр.

Келип эле Бекен ата, мени мугалим мактады деп сүйүнчүлөдүм.

– Кызым жакшы болгон турбайбы, жайкы эс алууда балдар мага жазууну – окуганды үйрөтсүн деди.

Балдар Бекен атасын жакшы көргөндүктөн мен окутам, мен деп талашып жатышты…

Күн жылып бирин – экин малы барлар, жайлоого чыгып, биздин колотко жакын жерге жайгаша баштады.

Баягы Чаткалдан алып келген эшек, тирденип, семирип канча жүк болсо көтөрө турган болуп калды.

Аны көргөн бир чабан күндө Бекен атага келет, эшекти эки улакка айрыбаш кылайын деп, сурап жүрдү.

Бекен ата болбойт.

– Бир күнү ата келип: – ээ кызым, чабан үч эчкиге алмашкыла дейт эшекти, алмашалыбы? – деп сурады.

Сүйүнүп кетип: – үч эчкиге болсо алмашалы, дедим.

Бирок балдар эшекти бербейбиз деп чыкты. Акыры Бекен ата балдарды көндүрдү, ошентип үч эчкилүү болуп байып калдык. Баягыдай тузга мата алмаштырып келип, жууркан – төшөк камда кышта суук болот, деп табаштап, эшекти сурап минип, жакага кетти.

Кечке жуук чоң канар капка салынган пахта алып келди, жууркандарга салып кабып кой, деди.

Кечинде чырактын жарыгында төшөктөрдү тигип, күндүз кенчилер тоого кеткенде, пахта салып кабып бүтүп төшөктөрдү чыкыйтып жыйып койдум.

Бекен атага да пахтасын калың салып жамынган жууркан жасап бердим.

Улукбүбү экөөбүз жакын жердеги малчыларга жардамга барып жүрдүк.

Уй саап, сүт бышырып, суу жээгине сүзмө бастырып, курут жасап, эмгегибизге курут алып, кышкыга катып койдук.

Балдар болсо Бекен ата менен чөп чаап, үч эчкиге чөп- кашек даярдап ошо менен алек.

Жалкоо Наркул; – Бекен ата чөп жетет, болду го деп жардам бергиси келбейт.

Ага Бекен ата, кой балам даяр чөптү оруп- жыйнап койсок, кереги тиет деп алдап- соолап балдарды ишке салып жүрдү.

Уландысы бар.



Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net