ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ. /TRENDE AŞK.




УЛАНДЫСЫ – 7.


Нурбектин мазь сүйкөп жаткан колдору денемдин оор сокку тийген жерлерине келип айланганда, оорусуна чыдабай, онтоп жиберип жаттым.

— Чыдаңыз, аз калды . Ушул көгөргөн жерлериңизге көбүрөөк пайдасы тийсин, маздан көбүрөөк сүйкөп кое берейин.

А мен далымдагы ооруну да, кайра Нурбектин колдорунун жагымдуулугун , жылуулугун да сезип жаттым …

— Мына, бүтүп калдым. Баарын тегиз сүйкөп чыктым. Сиңип кеткиче бир аз ачык жата туруңуз. Анан жатып уктаңыз. Эртең дарооле байкалат, таасири тийдиби, тийбедиби … Мейли , бепил түн !

Магдыраган калыбымда жаткан боюнча уктап калыпмын. Бир убакта ойгонуп, аппак шейшептүү төшөктү жамындым да, жылуу, таттуу уйкуга кеттим…

— Кутман таң, Барно !

Нурбектин үнүн укканда гана ойгондум. Аябай сонун, ,эчтеке билбей уктапмын го… Шарт тура, керебетке отурдум.

Эшиктин оозунда бери кирбей Нурбек үн чыгарды. Аны түшүндүм. Мени кийине электир деп, ооздон үн салды да.

— Сага да кутман таң, Нурбек !

Үстүмө узун көйнөгүмдү кие койдум.

— Кире бер, Нурбек !

— Кандай , чоң кыз ? Абалыңыз кандай? Өзгөрүүлөр барбы?

— Ооба, Нурбек. Жеңилдеп баратам. Мага баарынан оорусу тезирээк басылса экен…

— Көк тактар узакта кетет, Барно. Ал жерлериңизде кандар уюп, мерч болуп калган. Ошондуктан , бир айсыз таркабайт, көгүңүз. Башка жерлериңиздеги көк тактарыңыздан байкап жаткандырсыз.

— Ооба … буттарым , билектерим мерч болуп турат. Ал эмес ээктеримди айтсаң … Кол тийсе ооруп кетип атат.

— Айыгасыз …

Нурбек мени бир туруп “сиз ” , бир туруп ” сен ” деп жатты.

— Кана эмесе, чоң кыз ! Эрте мененки тамакты ичели ээ? Сиз жуунуп келесизби?

— Макул.

Кабыргам менен белим дагыле оорусун кое бере элек . Саал эңкейе бассам да, биринчи күндөрдөн түзүрөөк басып калдым.

Бети – колумду жууп келип, кухняга чай ичүүгө кирдим.

Нурбек экөөбүз биринчи күндөрдөгүдөй болбой, бир топ эле бири – бирибизге үйрөнүшүп калыппыз. Көптөн берки тааныштардай болуп баратабыз…

— Кана, тамакка караңыз. Мен жасаган омлет жагат бекен сизге? Алыңызчы!

— Мм … Сонун, таттуу. Сен аябай азамат бала экенсиң , Нурбек ! Төрт тарабың келишкен …

Бул сөз кандай оозумдан чыгып кетти, билбейм. Нурбек мени жалт карады. Чагылыша түшкөн көздөрдөн, мен көзүмдү ала качтым. Нурбекти жактырып калганымды канчалык жашырсам да, курган сөөксүз тилим билдирип койду го…

— Сиз да мен билген керемет аялдардын бирисиз…

Нурбек ушул сөздү айтып жатканда, койгулт күрөң көздөрүндө учкун чачырап кетти … Бир топко үнсүз отуруп калдык. Ортодогу жымжырттыкты мен буздум.

— Кечиресиң , Нурбек. Өзүң жөнүндө, үй – бүлөң жөнүндө билсем болобу?

— Албетте, болот. Биринчиден, кыргызмын.

Бул сөзгө экөөбүз тең күлүп калдык.

— Кыргызстандын кереметтүү Ош жергесиненмин. Ата – энем өтүп кеткен, жалгыз эжем бар. Бар болгону ушул, Барно.

— Аялыңчы ? Чыдабай сурап жибердим.

— Аялым да болгон … балдарым …

Нурбек сөздү улантпастан, столдун үстүндөгү бир чекитке тигилип калды да, бир убакта: — Барно, сени менен менин аялымда көп окшоштуктарды көрдүм. Аны кийин, учуру келсе айтып берээрмин… Тамагыбыз муздап баратат, тамактан же, Барно.

— Нурбек, дагы бир нерсе сурайын дегем …

— Айта бер.

— Эжем менен кабарлашсам дегем … Эжеме бир кабарымды билдирип, акылдашып алсам болоор эле… Тиги …күйөө сөрөйүм эжеси менен гана деп ойлойт.

— Макул, дарегин айтсаң, бир күнү барып, жолугуп келейин. Сен эми бара албайсың да. Балким, кабарың укса, өзү келип кетээр. Ал жерде сен жашай албайсың да. Барып калсам, мени менен жашай берсин деп коеюн ээ?

Нурбектин бул сөзүнө жооп беришти билбей турдум… Кайрале көздөрүнөн көзүмдү ала качтым …

— Азыр жатып, дем ал Барно. Эрте мененкисин сүйкөп берейин азыр, уйку алдында. Таасири чоң болот.

Каректер чагыла түштү … Кызарып кеттим . Чындыгында, тааныбаган, мага эч ким эмес эркек кишиге денемди көрсөтүү мага ыңгайсыз болуп турду. А бирок, шартым ушуга алып келди да. Атүгүл, эркектер аялдарды төрөтүп атышпайбы … Ушул ойлорум менен өзүмдү – өзүм жооткотом.

Көмкөрөмөн жатып, чачымды өйдө жыйып, жамынчумду белиме алып келип: — Мен даярмын, Нурбек! – дедим .

— Кана, кечээгиден өзгөрүү бар бекен ?

Нурбек менин далымды карады.

— Жок, мерч жерлерде өзгөрүү жок. Баарынан оорусу басылсын ээ, Барно?

— Ии.

Нурбек бат – баттан сүйкөдү да: — Уктаңыз, кечинде дагы өзгөрүү билинет – деп, төшөнчүмдү жаап, чыгып кетти. А менде кайдагы уйку, түйшөлүп уктай албай, санааларым токтобой, чачырап учуп баштады …

Кызык э ? Мен өз жеримде жүргөндө, ушул күндөрдү көрөм деп ойлодум беле ? Жоок … Мен баарын кооз, укмуш, бийик ойлогом. Бул жерде биз – тээ бийик үйлөрдүн алдында жепирейип көрүнгөн, жапыс үй сыяктуу же эски, керектен чыккан буюмга окшоп калат экенбиз. Билбейм, негедир менде ушундай салыштыруулар болуп жатты. Күйөөмдөн көргөн запкым, бул жердеги укугубуздун төмөндүгү … мени баарынан чарчатып, көңүлүмдү андан бетер өйүттү. Кээде туруп, эмнеге бул жашоого жаралып калдым экен? – деп, суроого жооп издейм. Анткеним менен …төрөлүү – жашоонун мыйзамы тура. Мени ата – энем дүйнөгө жаратты … Төрөлдүм, чоңойдум, мен да бул дүйнөгө балдарды жараттым. Алар да адам жаратат. Жашоо ушинтип улана берет тура. Аларда күнөө жок эмеспи…

Балдарыбыздын келечеги жарык болсо экен. Менин жетпеген, көксөгөн максаттарыма балдарым жетсинчи … Тагдырыма таарынамбы … кимге таарынам? Маңдайга жазганын көрөсүң деген ушул тура … Мен жарык келечек, бактылуу жашоо каалабадым беле … Эмне үчүн аткарылбайт? Эмнеден жаздым экен а? …

Мээни жеген ойлор, уйкумду качырды. Керебетте жата берип, белдерим да ооруп турду. Же каалагандай оодарыла албайм. Айласыз оң жагыма кыңкайып, терезеге тигилип жата бердим. Көзүмдүн жаштары куюлуп жатты …

— Барно, сизге эмне болду ?

Нурбектин үнү чочутуп жиберди. Шашкалактап көздөрүмдүн жашын аарчып кирдим.

— А, жок …эчтеме болбоду Нурбек. Мен жөн эле, балдарды сагынып.

— Мм … катуу сагыныпсыз. Акырын үн салып кирсем да укпадыңыз. Катуу уктап калган дейин десем, үн угулгансыйт. Жаныңызга келдим анан.

— Жакшы эле Нурбек, баары жакшы …

— Жакшыдай эмес го… Күндө бул убактан эртерээк туруп калчусуз. Бүгүн андай ой жок сизде.

— Ооба, Нурбек . Бүгүн балдарымды, жеримди сагынып, көңүлүм катуу чөгүп, жүрөгүмө эч нерсе сыйбай турат… Жашоо кандай катаал, татаал ээ? Жашоодон ушунчалык чарчап, тажап кетип атам. Өзүмдүн өткөргөн күндөрүмдү эстеп, ыйлагым келет… Ичиме батпайт, кимге айтам? Ушуларды ойлоп, уктай албай жаттым, тургум да келбеди. Баары кызыксыз мага …

Жашырып, көрбөсө экен деген жашым да, өзүнөн – өзү куюла баштады. Үнүм да каргылданып, андан ары сөзүмдү улай албай, жашымды аарчып аттым.

— Ыйлабаңыз, Барно! Сиздеги сагыныч, кусалык менде да бар. Мен да жашоо жөнүндө сиз ойлогон ойлорду ойлойм. Мен да бирөөнү күнөөлөгүм келет. Бирок, кимди? Ата – энемдиби? Же …замандыбы? Ойлосом, ,буга жооптор көп. Ээх ! Ыйлабачы дейм!

Нурбектин сөзүнө ансайын эрээркеп, жашым куюлуп кирди …

— Ыйлабачы, Барно ! Сен ыйласаң, менин да ыйлагым келип, жашоону жек көрүп кетип атам. Антпечи! Жакшыны гана ойлойлучу!

Нурбек тизелей отурду да, ыйлап жаткан менин чачтарымдан жыттады. Эки колу менен бетимди өзүнө каратты да: — Ыйлабачы, баары жакшы болот. Сөзсүз! Көзүмдүн жашын аарчып, эки бетимден өптү. Ыйлап жаткан менин көзүм менен …анын жалын чачып турган көздөрү саамга токтоп …бири – бирине кадалды. Көздөр …көздөр … Эч кимге айталбаган, жүрөктүн түпкүрүндөгү сүйүүнү, эңсөөнү, каалоону, жалгыздыкты, кусалыкты, сагынычты …айтып жатышты.

Нурбектин кызгылт, калың эриндери менин эриндериме тийди … Жумшак эриндерим алгач чочугансып, Нурбектин ысык эриндерине жооп бере албай турду … Бирок, эриндери улам өзүнө имерип, анын ысык деми , таттуулугу жагып …тартылып, оттой табына эрип , сүңгүп бараттым …

Ысык эриндери жалын сыяктуу жайылып, ,жалбырттап … кулак түбүмдү, алкымымды аймалап , көкүрөгүмө түштү …Жагымдуулугу ушунчалык … мынчалык ысык эриндерге кабылбаган ” муздай дүйнөм”, туруштук бере албай, көлкүлдөп эрип, ” чарт – чурт ” жарылып, магдыраткан махабатка жол ачты.

Чапташкан эриндер бири – биринен ажырай албай, денелер керебетке кулады. Махабаттын ысык табы денелерди ысытып, үстүбүздөгү кийимдердин баарын чечтирип жатты… Суу жүгүрбөй кургап турган ” гүлбакчага ” … махабат деңизинин суусу агып келе жатты … Жуурулушкан эки дене жупташып, махабат деңизине чумкушту.

***

Бүгүн өзгөчө таң атты. Көзүмдү ача элек, Нурбектин кучагында жатканымды эстедим. Өмүрүмдө биринчи жолу ” ырахаттуу махабат түнүн ” өткөрүп, татып көрбөгөн даамын таттым. Дене – боюмду балкыткан бул түндү жоготкум келбей, Нурбекке ансайын ыктап, ушул мүнөттөргө бактылуу болуп жаттым … Мен – эч ким көрбөгөн, билбеген ” сыйкырдуу дүйнөгө ” келип калгандаймын. Чын эле …бул дүйнө мага жомок эле. Анын сыйкырдуулугун, кереметтүүлүгүн, укмуштуулугун, көркөмдүүлүгүн , кулагым менен гана укчумун. Азырчы? Ошол мен уккан ” сыйкыр дүйнөдө ” жүрөмүн …

Эчак ойгонсок да, үнсүз кучакташып, бири – бирибизди жылуу койнубуздан чыгаргыбыз келбей, көөпкө жата бердик. Бир убакта Нурбек туруп кийинип, мени шейшепке ороп алды да, жуунучу бөлмөгө көтөрүп барды. Жаш баладай мени сууга жуунтуп, көтөрүп келди . Эртең мененки сүйкөлүүчү дарымды сүйкөп, ,үстүмдү жылуулап жаап: — Мен шам – шум даярдайын, ысык эмне ичели? Кофе, чай? Жумуртка?

— Сүттүү кофе ичеличи …

— Албетте , мен да сүттүү кофени сүйөм. Сен жата тур ээ? Мен бат эле.

Мен жылмая, Нурбекке баш ийкедим .

Бүгүнкү кереметтүү түндөн башка эч нерсени ойлогум келбей жаттым … Биринчи жолу мен өзүмдү “аял ” катары бактылуу сездим… Себеби, сүйүлүүнү, сүйүүнү билдим. Мен сүйдүм, мени да сүйдү. Кандай сонун ээ ?! Сени сүйүп, кулагыңа эч кимден укпаган жагымдуу сөздөрдү шыбырап, сени аяр кучактап, кучагына бек кысып жатса … Сүйгөнүңдүн кучагында таңдын атканын, күндүн кылайып чыгып келе жатканын көрсөң… Ошол күн демиңе дем кошуп, бул дүнүйө керемет көрүнүп, дагы да жашагың келет. Ооба, дагы да жашагың келет !

Тагдыр ай, эмнеге махабатка жат элден жолуктурдуң ?! Сенин жолуң ушунчалык чиелүү тура … Бир жолун таптым деп чечип баратсаң, дагы бирине такаласың. Бараткан жолуңдан адашкан сыяктуу, адашып калдым… Эмне кылам? Мейли, убакыттан көрөм … Тээ чабыттап бара жаткан ойлорумду, Нурбектин үнү бузду.

— Барнооо !

Спорттук шымчан, үстүнө эч нерсе кийбеген Нурбек, алдыма келди.

Анын кең далылары, күчкө толгон билектери, баары өзүнө жарашып, көрктүү …

— Жүрү, баары даяр.

— Жүр.

— Келчи, сени өзүм эле жеткирейинчи! Бууу !

Самолетту туурап көтөрө жөнөдү. Экөөбүз тең каткырдык. Мойнунан кучактай, жакын ыктаганымда, анын жаңы эле жуунганы байкалып, жыттуу самындын жыты буркурады.

УЛАНДЫСЫ БАР.

Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net