ОРОЗО ТУУРАЛУУ АЯТТАР, ХАДИСТЕР ЖАНА НАКЫЛ СӨЗДӨР:

Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаватарты болсун):

“Ислам беш нерсе менен негизделген: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат (илах) жок, Мухаммад анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо жана мүмкүнчүлүгү бар адамга ажылык кылуу” – деп айткан. (Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Орозо, бул – калкан. Ошондуктан ким орозо кармаса, адепсиздиктен этият болсун, үнүн көтөрбөсүн, аны кимдир бирөө сөксө же урушууга чакырса, анда ал: «Мен орозо тутуучумун” деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, орозо тутуучунун оозунан чыккан жыт Аллах үчүн мисктен да жагымдуу. Орозо тутуучу эки убакта кубанычка бөлөнөт: ооз ачкан убакта жана Роббусуна жолуккан кезде» – деп айткан. (Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Ким Рамазан айында ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Аллах Таала: «Адам баласынын орозодон башка ар бир иши өзү үчүн. Ал эми, орозо – Мен үчүн. Анын сыйлыгын Мен беремин» – деген» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Сахл бин Сьад (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Чындыгында, Бейиште, Кыямат күнү орозо кармоочулар гана кирүүчү «Ар-раян» деген эшик бар. Андан орозо тутуучулардан башка эч ким кирбейт. «Орозо тутуучулар кайда»? – деп айтылганда, алар алдыга чыгышат. Алар кирип кеткен соң эшик бекем жабылып, андан кийин ага эч ким киргизилбейт» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Рамазан айы киргенде Бейиш эшиктери ачылып, Тозок эшиктери жабылат. Ал эми шайтандар кишенделет» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Абу Саиьд ал-Худрий (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Аллах жолунда бир күн орозо кармаган адамдын жүзүн анын ошол амалы үчүн, Аллах Таала Оттон жетимиш жылдык аралыкка алыс кылат» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Зайд бин Халид (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Орозо кармаган адамды тойгузган адам, орозо кармаган киши ээ болгон соопко ээ болот. Бирок андан орозо кармоочунун сообу да кемип калбайт» – деп айткан. (Тирмизий).

Умму Умара (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Тамак жеп жаткандардын жанындагы орозо кармаган адамга, тигилер тамак жеп бүткөнчө периштелер дуба кылып турушат» – деп айткан. (Тирмизий).

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Саьд бин Убада (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тамак алып келип берет. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Силердин колуңардан орозолор ооз ачсын. Силердин тамагыңардан такыбалар тамактансын. Силерге периштелер дуба кылсын» – деп бата берди. (Абу Дауд).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

“Аллахтын айларынан Рамазандан кийинки жакшы ай – Мухаррам айы, ал эми фарз намаздарынан кийинки жакшы намаз – Тахажуд намазы” – деген. (Муслим).

Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Ашура күнүндөгү (Мухаррамдын онунчу күнү) орозо алдыңкы өткөн жылдагы күнөөлөргө каффарат (жууп кетүүчү) болот деп үмүт кыламын» – деген. (Муслим).

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы болсун):

“Эгерде мен кийинки жылга чейин жашасам, анда сөзсүз (Мухаррамдын) тогузунчу күнү (онунчуга кошуп) орозо кармаймын” – деп айткан. (Муслим).

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип айткан:

“Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Шаьбаан айында кармагандай көп орозону башка айларда кармаган эмес”. (Бухарий, Муслим).

Абу Аюб (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Ким Рамазандын орозосун кармап жана анын артынан Шаввалдан алты күн орозо кармаса, жыл бою орозо кармагандай болот» – деп айткан. (Муслим).

Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Арафа күнүндөгү орозо, андан алдыңкы жана андан кийинки жылдын күнөөлөрүнө каффарат (жууп кетүүчү) болот” – деп айткан. (Муслим).

Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Дүйшөмбү күнү эмне үчүн орозо кармагандыгы жөнүндө сурашканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

“Мен ушул күнү туулганмын жана ушул күнү пайгамбар катары жиберилгенмин” – деп жооп берген. (Муслим).

Ааиша жана Абу Хурайра (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) кабарлашкан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү амалдар көбөйтүлөт, амалдар көбөйтүлгөн күнү орозо болууну мен жакшы көрөмүн» – деп айткан. (Тирмизий).

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген:

“Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) ар дайым Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү орозо кармоочу”. (Тирмизий).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

“Менин сүйүктүүм (б.а. Аллахтын элчиси) мага ар ай сайын үч күн орозо кармоону, эки рекет Зуха намазын окуп жүрүүнү жана уктаардан алдын витр намазын окууну осуят кылган”. (Бухарий, Муслим).

Абу Хурайра: (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

«Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) үйдө да сапарда да айдын ак күндөрү орозо кармайт эле» – деп айткан. (Айдын он үч, он төрт, он беши). (Ан-Нисаий).

Катада бин Милхан (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

«Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бизге айдын он үчү, он төртү жана он беши орозо кармоону буйруган». (Абу Дауд).

Абдуллах бин Амыр бин Ааьс (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«Ай сайын үч күндөн орозо кармоо – үзгүлтүксүз орозо кармоого барабар» – деп айткан.

(Бухарий, Муслим  / Buhari Müslim).

www.kafiye.net