Ак жүз аарчы 1-бөлүм

Үй-бүлөөнү башкаруу эркектин моюнда болгондон кийин кантип болбосун үй-бүлөөнү багышың керек экен. Апамдан бөлүнүп өз турмушубузду улоо үчүн шаарга барып иштөөнү туура көрүп аялым менен бир жаш кызымды алып шаарга келдим. Бул жерде таанышың болбогондон кийин алгач жашай турган үй издедим. Башында жайлуу үй чыкпай убактылуу бир үйгө жашап туруш үчүн ал үйгө токтодук.

Жетишпеген турмуштун айынан иш таап акча тапкыча арзан үйдө жашап турууну чечтик. Ал үйдө бизден башка дагы бир үй-бүлөө коңшу болуп жашайт экен.

Эки күн шаар кыдырып жумуш таба албай акыры суу сата турган кичинекей дүкөн таап ага жумушка орноштум.

Алгач газ суу сатыштан аябай уялдым, эркек башым менен кантип сатамын деп жиним келип жүрдү. Турмуш кургур жетишпесең анан кантесин, келинчегимди чыгарып ал сатсын дейин десем кызым кичине, аны карай турган эч ким жок.

Ошентип, акча табуу үчүн айласыздан суу сатуучу жумушка орноштум. Эртеден кечке чейин саткан суунун акчасынан дүкөндүн ээси күнүмдүк турмуштан биртке аша турган кылып мага акча берип жүрдү.

Эрте менен барып ачып жатканда суу сатыштан уяламын, кийин улам суу сатып кызыгып киришип кетип уялганым эсимден чыга түшөт. Күндөрдүн өтүшү менен акырындык менен ал жумушка дагы көнүп калдым.
 

Жумуштан келип чарчап каламын, ал үйдө жашаганыбызга бир топ ай болсо дагы коңшулар менен тааныша албаймын.

– Сезим, биздин жаныбызда жашап жаткандар кимдер экен тааныштыңбы? – деп келинчегимден сурап коёмун.

– Жок, алар дагы адам менен сүйлөшпөгөн пенделер экен, аялы баш ийкеп саламдашып койбосо күйөөсү бой көтөргөн корс экен, салам- аликке келбейт – деди.

Бир учуру келип калса таанышаармын деп ичимден ойлоп койдум.

– Бегалы, жумушка көнүп калдыңбы? – деп келинчегим сурап калды.

– Чын айтсам, дагы деле суу сатыштан уяламын, мени ким тааныйт эле деп айласыздан иштеп жатам. Азыр турмушубуз бир аз жакшы, бирок башка жумуш караштырбасам болбойт экен – дедим.

— Эгер жакшы жумуш табылып калса сен да жумушка чыгасын, экөөлөп иштебесек апам үйдө бала менен кыйналып жатат дедим.

– Ооба билемин, бала менен кыйналды окшойт, бир чети баламды сагындым- деп көзүнө жаш ала түштү.

Күн ысык болгону үчүн, суу тынбай сатылып жатты. Дайыма бир чоң желим идишке суу алып жүргөн киши бүгүн дагы газ сууга келди.

Эмнегедир сенин сууң ширин деп калды.

Ал дайыма алып жүргөнү үчүн сиропту көп куюп койчумун. Бүгүн дагы ага рахаттанып иче турган кылып сироптон көп кошуп идишине куюп бердим. Ал мага күндөгүдөн ашыкча акча берди.

– Байке, ашыкча бердиңиз- десем.

– Ала бер, өзүм атайын бердим – деди.

“Жок албаймын”- десем болбой таштап кетти.

Ал күнү суу жакшы сатылганы үчүн дүкөндүн ээси күндөгүдөн ашыкча акча берди.

Тарбиям кичине кезимден катуу болгону үчүн жашырып акча албаймын. Бул мүнөзүмдү Кадыр байке сезип жүргөн окшойт

“Бегалы, сен тартиптүү бала экенсин,”-деди.

Кичинемден атасыз чоңойгонум үчүнбү, бирөөнүн бир тыйынына кыянатчылык кылбайт элем.

Ошол күнү ысык болуп, жумуштан чарчап келип эмерекке куладым. Кадыр байке берген акчаны Сезимге берип, көзүм дароо уйкуга кетти.

Уйку соонун арасында эшикте бир нерсе катуу тарактагандай болуп кетти. Көзүмдү араң ачтым, эмне болуп жатат деп карасам үйдө Сезим жок экен. Сырт жактан чыккан үн

улам катуулап, аргасыздан ордумдан туруп терезе тарапка жөнөдүм.

Уландысы бар.

Ав. И. Акпарова.

www.kafiye.net