Ак жоолук салган эне. 2.



Балдардын курсагы тоюп, өңүнө чыгып калды, алгы атала ичип сууктап кеткен экенбиз, эми оңоло баштадык, деп шүгүр келтирдим.

Токойдон отун ташып, тамак жасасам от жагып, балдар кол кабыш кылып, Улукбүбү суу ташып, мага да бир топ жеңил болуп калды. Которуп кийгенге кийим жок, кирдеген кийимдерди кечинде жууп от жагып коюп кургатып, эрте менен кийип жүрдүк.

Аны байкаган карыя, белине ороп жүргөн белбоону жая салып уч ууч туз салып, эки темирдин ичине салынган (консерва) этти алып, мен жакага барып келейин, деп эшекти минип кетти.

Кечинде жумушчулар келип, Бекен ата кана деп сурады. Ата жакага барып келейин деп кетти дедим. Бирдеме алып кеттиби? – деп сурады аксак киши акырая карап.

Коркконумдан, жок, өзү эле эшекти минип кетти дедим.

Түн бир оокумда атанын келгенин билдим, тамак берейин деп сыртка чыксам, жата бер балам, өзүм тамак ичип жатам, деди.

Эрте туруп нан жаап жатсам аксак чоң туруп, Бекен атага, ии каякка жоголдуң деп кеккетти.

Совет Өкмөтү мектеп жашындагы балдарды мектепке тартып билим берели Указ чыгарды деп уккам. Селсоветке барып метирке бергиле, бизде эки бала бар мектеп жашында деп,  сүйлөшүп келдим дегенде;

– ошондой деңиз анда жакшы деп, чай ичип, чамак кантты катыратып чайнап отурду.

Баары тоону көздөй кеткенде;

 – кызым,тириңке мата алып келдим, балдарга шым тигип бер.

Бул болсо чыт кызың экөөң көйнөк тигип кийип алгыла, муну болсо орустардан алдым балдарга ич кийим, деп берди Бекен ата.

Ата мунун баары кайдан, төлөгөнгө эч нерсебиз жок, деп томсоруп туруп калдым. 

Кызым сен жан үрөп иштеп жатасың, алып кеткен тузга алмаштырып алдым, эмгек акым деп кыжалат болбой ала бер деди.

 Бирок тиги аксак билбесин, ал билип калса экөөбүздү тең аябайт.

Туз алтынга тете азыр, тартыш, табалбай эл тузу жок тамак ичип ак шишик болуп өлүп калгандар бар. 

Сага чейин иштеп жаткан орус аял уурулук кылып кесилип кетти.

Анан мени алып келип тамак – аш жасап кыйналып жүргөндө сен келип калдың, байкап көрсөм тың экенсиң, алып калайын деп чечтим.

Анын үстүнө чийедей үч бала менен кайда бармак элең, баардык жерде каатчылык.

Эми мен өзүм жөнүндө айтып берейин угуп тур кызым деп сөз баштады Бекен ата; – тиги аксак менин күйөө балам, жалгыз кызыма үйлөнүп, үч балалуу болгон.

Мен байбичем каза болгондон кийин, кызымды күйөөсү – балдары менен көчүрүп келип алдым.

Бул, Таштан орустарга мардикер болуп жүрүп, анча – мынча сабаты жоюулуп калган экен. 

Жаз алды менен Совет Өкүмөтү кат тааныгандарды окууга жөнөтмөй болду.

Алардын ичинде Таштан да бар болчу. Ташкент деген чоң шаарга барып окуп келди. Анан кен изилдөөчү болуп аркы коктуга келип отурукташып калды. Анда темир үйлөр жок, чатыр тигип отурчу.

Кызым үч баласы менен үйдө калып, Таштан төшкө чыга бергенде, көчкү жүрүп көз алдында, кызым менен балдарын басып калат.

Ошентип балдарынан, аялынан ажырап ушундай корс, кем сөз болуп калды. 

Мен деле жүрбөймүнбү кызымдан, неберелеримден ажырап, деп жашып кетти Бектен ата. 

Ошондуктан сени көргөндө эле кызымды, неберелеримди эстеп кетиргим келген жок.

Кенчилерге көрсөтрөй шым – көйнөк тигип бер балдарга, мектепке барсын, кетем деп ойлобо.

Бир эки жылда бул жерге жол салынып, үйлөрдү куруп, кен шаарчасы болот.

Мени уксаң кетпе, мен турганда сага эч ким тие албайт, деди Бекен ата.

Сизге ыракмат ата, сиз болбосоңуз биз кандай күн көрөт элек, мейли кетпейм деп чоң энем кала берген экен.

Бекен ата селсоветке барып жүрүп үч балага метирке алып келди, аны көргөн балдар сүйүнүп, Совет Өкүмөтү бизге метирке берди, биз Советтер Союзунун балдарыбыз деп кубанып жүрүштү.

Апамдан калган кайчы жип – шу, ийне менен, баягы Бекен ата алып келген матаны эки балага шым кылып тигип бердим.

Кийип көрүп кайра чечип коюп жүрүштү.

Бир күнү Бекен ата эки ботинка көтөрүп келди, Рамакул менен Наркул чарыгын чечип, бутун чоң сууга барып жууп кийип көрүп эми мектепке барсак болот деп кубанышты.

Эртеси эле Бекен ата эки баланы ээрчитип мектепке карай жөнөштү.

Уландысы бар.


Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net