Күн нурунун


Күн нурунун көзүн көрбөй соолуган,
Шүүдүрүмдөй мен да эбак ооругам.
Тагдырыма миң таарыныч айтсам да,
Бошотподу ак арзууму торунан.


Өткүн болуп төгүп, кайра басылып,
Ак сүйүүсү кызыл гүлдөй ачылып.
Канчалаган сулуу кыздар арзуусун,
Айталбастан карегине жашырып.



Сыздап-сыздап кыз жүрөгүн жаралайт,
Талкаланган күзгү сымал чачылып.
Шамал айдап кеткен жалгыз кайыктай,
Сезимимдин жарааттары айыкпай,



Кыздын жыты себеленген гүлзаарлар,
Бугун дагы бир мен учун жабыктай.
Уяң мүнөз жибек чачтуу сулуунун,
Кумарланган махабаттуу куюнун.



Мага карай айдап койчу суранам,
О кудайым, эки өмүр кулуңмун!



Калдарбек Койлубайтегин

www.kafiye.net