САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 11




талыкшып, башы ооруп, чарчап турду. Эс албаса болбойт. Медерди үйүнө жөнөтүп, үйгө кирди. Үйдөгүлөрдүн эч кимисине көрүнбөдү. Тааныш жыттуу бөлмө. Баары орду- ордунда, бир гана Айша көрүнбөйт. Алымбектин ушунчалык катуу ыйлагысы келип турду. Эчкирип- эчкирип, бакырып- кыйкырып… Ичиндеги зилдей болуп оорлошуп турган ачуу, ызалык, бугунун баарын төгүп салгысы келип турду.

   Эшиктин сол тарабындагы бурчта,  Айша экөө уктачу төшөк- көрпөлөрү тыкан жыйылып турат. Төшөктүн үстүндө Айшанын үйгө кийчү көйнөгү менен жоолугу бүктөлүп жатат. Алымбек көйнөк-  жоолукту колуна алды. Көздөрүнө жаш толду. Жоолукту жыттады. Буркураган аялынын жыты… Ах! Алымбек төшөккө кулап, көйнөк-  жоолукту улам  жыттап, буркурап ыйлап жиберди. “Айша-а! Сен менин аялым болбой каласыңбы? Сени канчалык сүйөөрүмдү билдиңби деги? Мен эми сенсиз кантип жашайм!? Аппагым менин… Сени өзүмдөн башка эч кимге ыраа көрбөйт элем. Эч кимге бербейм дегем. Эх, турмуш! Айша, сен эркиндикти кааладың. Өзүң эңсеген кыялдарыңа жеткиң келди. Мен билем сени! Үстүңө алтынды жаба куйсам да, сен мени тандабашыңды да билем! Ооба, сен туура жолду тандадың. Эл эмне дейт деп, тагдырыңды курмандыкка чалбадың. Өзүңдү- өзүң туткундан чыгардың. Бир өмүр азап жашоону каалабадың! Жашооң үчүн баарына кайыл болуп кеттиң! Сенин тагдырыңды мен буздум. Бардык ката менден кетти! Мени кечирсең экен!”… Алымбек көйнөк- жоолукту кучактап жаткан боюнча, уйкуга кетти…

   Алымбек бүгүн үйлөнүп жатыптыр. Эшиктен кирип, босогодо туруп калды. Бөлмөнүн маңдай тарабындагы эки терезеден түшкөн жарык, бөлмөдөгү бардык көрүнүштү даана көрсөтүп турат. Алымбек көз алдындагы көрүнүштөргө таң калуу менен карады:”Мен кечээ эле үйлөнбөдүм беле? Эмнеге кечээги буюм- тайымдын баары ордунда турат?”.

   Чын эле, бөлмөнүн бурчундагы чөгүн менен чылапчын ордунан жылбаптыр. Андан ары сол бурчта тартылган саймалуу көшөгө. Анын бир чети тартып турган жипке илинүү боюнча экен. Чети ачылган  көшөгөнүн ичинде, аппак төшөктүн үстүндө, сүттөй аппак денесине сары- кызгылт чачтары  жайылып, апакай бетин эки колу менен жаап, бүгүлгөн тизелерине бир аз эңиле Айша отурат. Алымбек таң калды. “Айша дале отурабы? Кимге таарынып отурат? Мен чыгып кеткенде, бөлмөгө жеңем кирбеди  беле?”… Айшанын ыйлап отурганын көрүп, жанына барып соороткусу келди. Бирок, буттары бир орундан жылышы кыйын болду. Бар күчүн жумшап, тердеп- тепчип, эки-үч кадам аралыктагы көшөгөнүн жанына араң жетти. Көшөгөнүн ичине кирээрде, артылып турган чети жабылып калды. Алымбектин бет маңдайын, саймалуу көшөгө тосту. Алымбек карбаластады. Айшаны сооротуш керек эмеспи… Көшөгөнү ачайын десе, эч ачылбайт. Эмне болду!? Айласы кетип:

– Айша! Көшөгө ачылбай жатат. Ачып койчу!- деп кайрылды. Үн- сөз жок, жооп болбоду.

– Айша! Көшөгөнү ач дейм! Айша! Айша!

   Тердеп- тепчиген Алымбек, уйкусунан ойгонуп кетти.

                                            *

    Алымбек сүрөт тартып отурду. Качандыр бир кезде, “чырк” этип мээсинде сакталып калган элести, азыр колдору өзүнөн-өзү тартып баштады. Көз алдында кайрадан баары дал бүгүнкү күндөй көрүнүп жатты…

   Тартылган саймалуу көшөгө, сары кызгылт чачы желкесине төгүлгөн сүттөй ак, арык денелүү келин… Келин колдору менен бетин жаап алгандыктан, аппак жүзү толук көрүнбөй калган. Ошентсе да, Алымбек келиндин сулуулугун, ажарын, капталынан да жеткире тартты.

   Бөлмөгө кайра эле Нускайым кирди. Алымбектин ушунчалык кунт коюп, дыкаттык менен сүрөт тартып жатканын көрүп сүйлөбөдү. Антпесе, сүрөтчүнүн оюн бузуп жиберет эмеспи.

   Алымбек Нускайымдын киргенин билди. Акыркы чийимдерди чийип жаткан. Элести толук берип тартып бүтүп, анан гана Нускайымга үн катты:

– Нускайым, сен айткандай, көңүлүмдө сакталып, таппай жүргөн элести сүрөттөн таптым. Чиймелеп отуруп, өткөргөн күндөрүмдү эстеп  тарттым. Көрсө, менин издегеним, биринчи түнүбүздөгү  Айшанын элеси экен. Ошол түн- мээмден кетпей, дале сакталуу эле… Мен тарткан сүрөттөр Айша эле. Так өзүндөй тартуудан айбыкчумун. Ал менин жанымда тургандай сезилбесин деп… Бирок, аны ичимден тымызын аяй берчүмүн. Аны каалоосу жок алып, зордоп жашагандыгым  үчүн, анын алдында өзүмдү күнөөлүү сезе берчүмүн. Анын ыйлап отурганы, көңүлүмдөн кетпей өйүйт эле… Бара- бара унуткара баштасам да, көңүлүмдүн тереңинде аны эстей берем… Ошол түн көз алдымдан кетпейт. Билбейм, ошол түндү эмнеге тарттым. Балким, каалоосу жок сүйүүмдү эстеп жүргүм келдиби. Же, катачылыгымды моюнга алганым үчүнбү… Айтор, бул сүрөттү карап, Айшаны эстей берээрим чын… Бул сүрөттү көргөн ким болбосун, Айшанын эркине каршы өткөргөн нике түнүн түшүнөөрү анык. Сүрөт- сөзү жок  баарын түшүндүрүп турат. Сүрөттү көргүң келеби?

–  А сен көрсөтөсүңбү?

– Көрсөтөйүн…Бул азырынча, жөн гана эскиз. Көңүлүмдө сакталган образды тартып алдым. Дагы толуктап тартам, башка баракка…

   Нускайым сүрөттү колуна алды.

– Бул ошондо… Айшабы?…

   Нускайымдын үнү бир аз дирилдеп чыкты.

– Ооба…Айша…- Сенин көңүлүңдү өйүп, кетпеген элеси ушул тура…

Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net