– БАШЫ –

Уландысы — 6.

— Апа, ким экен ал? Мен таанысам, ушул жерде иштеп жүрсө… Бир эле адам болушу мүмкүн… “

Балким, Нургазыбы? Аны Урмат үйлөнө элек дебеди беле? Бирок, ал бул шаарда эмес да “…

— Айылдашың Болот, Мээрим. Ал медфакты бүтүп, шаарда врач болуп иштеп жатыптыр. Кечээ үйгө апасы, бир – эки абысыны менен келиптир. Көпкө отурушту. “Бир айыл, бир жер эмеспизби. Мээримди билебиз. Өз кызыбыздай эле көрөбүз. Болот да жакшы көрөт экен… Кызыңардын колун сурап келдик. Болотко алып берели ” – деп келишиптир. Мээрим, менин оюма кошулсаң, Болот жаман бала эмес. Ата – энесин, үй – бүлөсүн өзүң да билесиң. Жакшы жер… Жогорку билимдүү врач. Болоттой жигитке турмушка чыксаң, ыйлабайсың кызым. Эжелериң сыяктуу, сен да турмуштан ордуңду тапсаң экен. Сенден да көңүлүм аз да болсо тынчымак …

Болоттун үй – бүлөсүн да, өзүн да билгендиктен, апасынын сөзүн Мээрим унчукпай укту. Бирок, анын оюнда күдүк ой турду. “Канат менен турганымды Болот көрбөдү беле? Анан кантип мага сунуш киргизип жатат? Окуумду таштап, Бишкекте иштеп жүргөнүмдү кандай ойлоду экен? Ырас, Болот айылдагы менмин деген жигиттердин бири. Адептүү, билимдүү, сымбаттуу … А бирок, мен аны Канаттай жакшы көрүп, сүйө аламбы? Сүйүүсүз кандай турмуш болот? “…

— Апа, Болот Канат жөнүндө билет… Ал экөөбүздү көргөн да …

— Андан бери үч жылдан өттү, кызым. Болот да ойлонуп, анан ата – энесине айткан чыгаар. Өздөрү жолугуп, сүйлөшүп көрсүн дедим. Жолугушуп, байкаштырып көргүлө. Өзүңдүн бактыңды ойло, кызым. Өткөн сүйүүң эми кайрылып келбейт.

Көпкө ойлонду, Мээрим. Акылы, жүрөгү менен кеңешти. Таежесинин, апасынын насаатын укту . Болот менен жолугушууга макул болду.

Ичи кооз, кенен, таза , чакан кафелердин биринде Болот менен Мээрим сүйлөшүп отурушту. Алгач Канатты көргөндөгүдөй чарт – чурт эткен сезимдер жаралып, буттары калтаарып, жүрөгү тыбырчалабаса да, Мээрим Болоттун адептүү жүрүш – турушунан, мазмундуу сөздөрүнөн, сымбаттуу келбет – жүзүнөн бир аз апкаарып отурду. Болоттун сүйлөгөн ар бир орундуу кебинен, олуттуу көз карашынан тартынды. Ошентсе да, Мээрим бүткүл күчүн жыйнап, Канат экөөнүн мамилеси жөнүндө айткысы келди.

— Болот, Канат жөнүндө билесиң да. Экөөбүздү көргөнсүң. Мен ошону айтып бергим келди…

— Билем. Өзүң айтып бергиң келсе, угайын.

— Билесиңби, биздин начар жашообуз үчүн Канаттын ата – энеси бизди теңсинбеди. Канат ошол себептүү мени таштап кетти десем да болот… Айтканымдын себеби … байлык үчүн сүйүүнү да кечип коюуга мүмкүн экен. Мен жөнөкөй үй – бүлөнүн кызымын.

— Мээрим, эмне айткың келип турганын түшүндүм. Мага өзүңдөн башка эч нерсенин кереги жок. Демек, мен сенин үй – бүлөң менен эмес , өзүң менен жашап бактылуу болом. Билсең, мен сени бала кезимден жактырып жүрөм. Сенден башка эч ким көңүлүмө тартпай туруп алды. Андан аркысын өзүң түшүнөсүң… Мээрим, мага турмушка чык. Мен сени бактылуу кылам, сөз берем. Жаман күндөрүңдүн баарын унутасың.

2009 – жыл, март айы.

Чоң той өткөрүлүп, Мээрим Болоттун ата – энесинин үйүнүн ак босогосун аттап, келин болуп келди. Мээрим Болотко турмушка чыкты.

Сүйүүсүз турмушка чыкса да, Болоттун жылуу мамилеси, Мээримдин Болотко болгон сезимин өзгөрттү. Ага болгон сый – урматы күчөдү. Эки жубайдын ортосунда назик, аяр мамиле жаралды. Бири – бирин бир көз караштан түшүнүшүп, сыйлап турган жубайларга айланышты. Болот менен Мээрим – бактылуу. Бактыларын дагы бакыт толуктап, бир жылдан соң, эгиз наристелүү болушту.

Үйдө отуруп калган Мээримди, Болот бардык тараптан колдоду. Балдарды чоңойтууда да жардам берди. Балдар да чоңоюп, там – туң басып калышты.

Күндөрдүн биринде жумуштан келген Болот: — Мээрим, мен сага бир сунуш айткым келди.

— Эмне сунуш экен?

— Балдарыбыз да чоңоюп калды. Мен көптөн бери ойлонуп жүрөм. Менин сулуу, акылдуу аялым Ош шаарына барып, таштап койгон окуусун калыбына келтирип аяктаса . Анан Бишкек шаарына жумушка орношсо… Кандай дейсиң, Мээрим?

— Чын элеби, Болот?!

Күтүлбөгөн кубанычтуу сунуштан, Мээримдин көздөрү жайнады.

— Чын эле. Макулсуңбу?

— Макулмун да.

— Анда быйыл Ошко баралы. Менин эжемдин үйүнө токтойбуз. Сен окууңду калыбына келтиресиң. Дипломду алгыча барып – келип турасың.

Болжогон күндөр да келип, Болот менен Мээрим Ош шаарына келишти. Болоттун эжесинин үйүнө токтошту.

Окуу жайдан чыккан Мээрим, шаар аралап баскысы келди. Үйгө да шашылбады. Оштун тааныш көчөлөрүн аралап, жөө басып келе жатты. “Тааныш көчөлөр ” эски күндөрдү эске салат…

Айлана аппак кар. Суук. Суукка да карабастан, муздуу тайгак жолдо кол кармашып, бактылуу болуп кол кармашып басып бара жаткан кыз – жигит… Колдордон барган жылуулук, жүрөктөрүнө от жаккандай … Кош жүрөк бирге согуп, кыз – жигит бири – биринин ар бир демин сезип – туюп, ансайын ажырагылары келбейт. Ушул тайгак, муздуу жолдор Ааламдагы эң нурдуу, жарык жолдой туюлуп, дагы да узарышын каалашып, кыз – жигит бирге басып кете бергилери келет…

Мээрим өткөн күндөрүн элестетип, шаардын ар бир тааныш, өзүнө жакын сезилген жерлерин басып жүрдү. Канат экөө бат – бат кирчү дүкөнгө да кирип, чыгып келе жатты. Мээримдин жанынан кичинекей уулдарын жетелеген жубайлар өтүп кетишти. Кичинекей томполоңдогон наристелерге жылмайып көз салып, басып бараткан Мээримдин артынан, эркектин үнү угулду.

— Мээрим! Сенсиңби?!

Капыстан чыккан үнгө, Мээрим токтоп калды.

— Бул мен – Нургазы. Кандайсың? Көрүнбөй кайда жүрөсүң?

— Ой! Нургазы, кандайсың өзүң?

— Мен жакшы. Тынчсыңбы? Өзүң кандай жүрөсүң? Турмушка чыктыңбы?

— Ооба, турмушка чыккам. Эки балалуу болдум. Буюрса, үчүнчү балалуу болобуз жакында …

— Сени көргөнүмө кубанычтамын, Мээрим. Чын дилимден… Жолдошуң кандай? Жакшы кишиби? Сени ыйлатпадыбы деги?

— Жолдошум абдан жакшы адам.

— Ошондой эле болсо экен. Баса, бул менин аялым – Кундуз. А булар , менин уулдарым. Таанышып алгыла.

— Аиий! Силер менен жолугуп, таанышканыма мен да аябай сүйүнүп турам. Кандай жакшы!

Оо, андан бери он жыл өтпөдүбү! Көптөн бери көрүшпөгөн жандар сөздөрү бүтпөй, көпкө сүйлөшүп турушту. Канчалык абайлашып, айткылары келбей турса да, баары бир сөздүн аягы, өтүп кеткен эски күндөргө такалды.

— Мээрим, тагдыр деген ушундай нерсе экен… Ал биз менен ар түрдүү кырдаалда өзү каалагандай ойнойт тура. Канат экөөбүз көп жылдар катташпай жүрдүк. Бирок, бир күнү ал менин алдыма кечирим сурап келиптир. Аны кечирим суратууга турмуш кырдаалы мажбур кылды да … Сен шашпасаң айтып берейин?

— Жок, шашпайм, Нургазы. Айта бер.






Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net