Уландысы — 5.

Атасы таштап кеткенден кийин, апасы жалгыз көп нерсеге жетиштире албагандыктан, жашоолору орто эле. Үйлөрү да бир топ эскирип калган. Эски үй болсо да, актап, сырдап, апасы таза кармачу.

Өздөрүнүн эле айылына түшкөн эжесин чакырып, үйлөрдү иреттеп жыйнашты. Дасторкон жайып даярдашып, келээр меймандарды күтүп отуруп калышты. Бирок, меймандар кечигип жатышты… Кабатырланган Мээрим, Канатка чалды. “Телефон өчүрүлгөн ” деген оператордун үнү гана жооп берип жатты.

Мээримдин көңүлү чөктү. “Кызыма жуучу келет. Өзүнүн сүйгөнүнө турмушка чыгат “деген ойлордон көңүлү көтөрүлүп, бир жагынан бир аз толкунданып, санаа да тарткансып турган апасы, кызынын маанайы чөгө түшкөнүн көрдү. Апасы да, эжеси да бир мандем болгонун сезгенсип, Мээримге байкатпай, тым отурушту.

Ушул убакта үйү жакын кошунасы , Арзыш эже үйгө кирип келди.

— Ай, Салима! Эмне, Ошто окуган кызың келдиби? Жана бир машина аялдар келип, үйүңөрдүн ар жак, бер жагын карап өтүшүп, тим эле тинтип карап жатышты. Жанагы Бурулай ушакчыны да ээрчитип алышыптыр. Алар ким болду экен, э?

Апасы үн чыгарбай угуп турду. Бул сөздөрдү угуп турган Мээрим да, окуянын төркүнүнө түшүндү. “Демек, жуучулар келген. Үйдүн абалын көрүшкөн. Бурулай эжеден үй – бүлөбүз жөнүндө баарын сурашкан. Кандай жооп бергенин бир Кудай билет дечи… Ошентсе да, биз жөнүндө “жакшы “жооп алышкан эмес. Күйөөсү жок, начар жашаган аял менен кудалашуудан уялышканы белгилүү. Үйдүн кебетеси бул болсо … Канат мунун баарын мага кантип айтмак эле “. Мээрим өз ою менен алек болуп, Арзыш эженин андан ары кобурап айтып жаткан сөздөрүн уккан жок. Чыгып баратканын гана көрүп турду.

Мээрим менен апасы бири – бирин үнсүз тиктеди. Апасынын көздөрүнөн толгон армандарды көрдү. Көздөрүндө аео да бар… Кызын аяр карап, кошунанын пардасын чечти…

Мээримдин көңүлү муз, жашоосу суз болду. А ичинде ызалык толуп турду. Апасынын көз карашын унута албай, аны өзүнөн да катуу аяды. Жүрөгүн оорутуп койбодубу … Баарына өзүн гана күнөөлөдү. Муздаган сезим, көңүл менен, шаарга кайтты …

Жашоонун күр – шарына баш ийип, сабагына бара баштады. Мээримдин жүрөгү, көңүлү эмне болуп жатканы ким түшүнмөк. Ким үчүн кызык .. Күнүмдүк сабактар, даярдануулар менен күндөр өтүп жатты.

Бүгүн да сабагын даярдап бүтүп, уктоого даярданып жаткан. Телефонго коңгуроо келди. Канат экен…

— Алло …

— Мээрим, сыртка чыкчы.

Канаттын эмне үчүн келгенин Мээрим билип турду. Анын сөзүн уккусу келдиби же … өзүнү көргүсү келдиби …таарынып турса да, кийинип сыртка чыкты.

Дайыма күтчү жеринде, Канат турду. Жакын келген Мээрим, алкагольдун буркураган жытын сезди. Экөө үнсүз тиктешип тура беришти. “Бул эмнеси? Канат таптакыр иччү эмес эле го. Эмне болду буга? “…

— Мээрим, кечир мени. Сен сөзсүз бактылуу болосуң. Түшүн, ата – энемди кече албадым. Атамдын жүрөгү бир нерсе болсо, мен өзүмдү кечире албайм. Сени таптакыр жолотушпай койду. Эч түшүндүрө албадым. Кечирчи …

Ызасынан араң чыдап, Мээрим буулугуп турду. “Эмнеге?! Мен эмне, атам бизди чанып кетсе күнөөлүүмүнбү?! Апам жалгыз эч нерсеге жетиштире албай начар жашасак, менин сүйгөнгө акым жокпу?! “. Ушул сөздөрдү айтып, кыйкырып ыйлагысы келди. Бирок, үнүн чыгара албай отура берди. Балким, бул сөздөр Канат үчүн да белгилүү үчүндүр … Сыртына бир сөздү да чыгара албастан, көзүнүн жашын куюлтуп ыйлап жатты …

— Кош!

Канат бурулду да, артына карабастан басып кетти.

Мээрим каккан казыктай селейди. Кыймылдоого дарманы калбады. Дүйнөсү аңтар – теңтер болду. Өзүнү колго алалбай, көп убакыт катып калгандай отура берди…

Баягы аппак кары эриди, кулагы укпай, көзү көрбөй, бутунан жер качкандай … Жүрөгү да сокпой, жашоосу да токтоп калгандай … Эми ага баары кызыксыз , эч нерсе кереги жок. Чындыгында, Мээрим үчүн бул жашоодо Канаттан башка эч нерсе көрүнбөй калды. Бир күнү сабактан келди да, кийимдерин алып, айылга келе берди. Эми ал, Ош шаарына келүүнү каалабады.

Өз үйүнө келгенден кийин да, бар эмес же жок эмес абалын өзгөртө албады. Сүйүү анын акылын алып койгондой. Мурункудай жадырап күлгөн, көздөрү жайнаган Мээрим жок. Түнт, күлбөгөн, сүйлөбөгөн кызга айланып баратты.

Кызынын бул абалын көргөн апасынын ичкени ирим, жегени желим болду. Кызыны ушунчалык аяп, бул абалдан куткарууну ойлоп жатты.

Күндөгүдөй эле түнөрүп, эч ким менен сүйлөшпөй отурган Мээримдин жанына апасы келди.

— Мээрим, тур кызым. Бир сумкага кийимдериңдин керектүүсүн салыштыр. Бишкекке таежеңдикине барасың. Мен сүйлөшүп койдум.

— Эмнеге , апа?

— Эжеңдин өзүнүн тигүү цехи бар. Ошол жерде иште , кызым. Минтип үйдө отура берсең, өзүңдү жеп коесуң. А мен сенин антишиңди каалабайм. Баары өтөт, кызым. Иштеп, өзүңө окшогон кыздар менен аралашып, башыңдан өткөндөрдү унутууга аракеттен , кагылайын..

Бишкектин жаңы конуштарынын бири – Келечек айылына келди. Айткандай эле, эжесинин өздүк тигүү цехи бар экен. Цехтеги кыздар, таежеси, баары Мээримди жылуу кабыл алышты. Акырындап кийим тигүүнүн сырларын үйрөнүп, өздөштүрдү. Бара – бара жумушка аралашып, көп ойлонбой баратты. Жумушу да, тигүүчү кыздар да, баары Мээримге жакты. Ишине баш – оту менен аралашып, убакыттын өткөнү да байкалбай калды. Арадан алты ай убакыт өтүп кетти.

Бир күнү Мээрим, шаарга барган. Капысынан Канаттын досу Урматты жолуктуруп калды.

— Мээрим, сенсиңби?! Кандайсың? Сен бул жактасыңбы?

Урмат Мээримге суроолорун жаадырды.

— Ооба , бул жакка иштегени келгем. Иштеп жүрөм.

Урмат баарын билчү. Мээримдин муңая түшкөн жүзүн байкады. Ашыкча деле суроо бербеди.

— Мээрим, сен билесиң да… Нургазынын сен жөнүндө Канатка айткан сөзүн?

— Ооба, билем.

— Нургазы менен Канат кичине кезинен бирге өсүшкөн кан достордон болучу. Айткан сөзүнө турган Нургазы, Канат менен достугун үзүп койду. Экөө азыр бири – бири менен байланышпайт.

— Мм… Алар жакшы жүрүшөбү? Нургазы …?

— Нургазы үйлөнө элек. Анан … Канат жакында үйлөнгөнү жатат, колуктусу өз айылынан экен. Жакында тою болот.

Канат жөнүндө укканда, Мээримдин абалы бир кызыктай боло түштү. Башынан ылдый суу куйгандай денеси муздап, сезими да муздай түштү.

Үйгө келгиче Канат жөнүндө ойлоно берди. ” Эх …үйлөнүп жатыптыр да. Бирок, Канат, сага да күнөө кое албайм. Ата – энеңдин сөзүн укпай кое алат белең. Атасы да ооруп турса … Мен сени туура эле түшүнөм “…

Ушул ойлорду ойлоп, Мээрим өзүн алаксытып, жеңилдеп алды.

Убакыт өзүнүкүн бербей, өтө берди. Мээрим тырышып иштеп, апасына жардам бере баштады. Эски үйдү оңдоду. Кичүү бир тууганын окууга өткөрүп, жайгаштырды.Канчалык убакыт өткөн сайын, Канатка деген ачуусу тарап, сезими да кайтып, унуткарып бараткандай …

Бир күнү жумушта отурган жеринде, апасынан коңгуроо келди.

— Алло, Мээрим.

Ал – абалды сурашкан соң, апасы Мээрим күтпөгөн кабар айтты.

— Мээрим , сага жуучулар келди. Колуңду сурап жатышат. Ошон үчүн сага чалдым эле …

— Мен биякта эч ким менен сүйлөшпөй иштеп жүрсөм, тиякта менин колум сураган ким экен ал?

— Ал да ошол жакта иштеп жүрөт экен. Сен аны тааныйсың, билесиң. Эми жолугуп көрөсүңөр да.

Апасынын бул сөзүнөн кийин Мээрим: “Ким ал? ” – деп таң кала отуруп калды.

УЛАНДЫСЫ БАР.



 Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net