УЛАНДЫСЫ – 4.


Ошол кезде элдин баарынын эле турмушу – жупуну болчу . Биздин жашообуз да эл катары, жөнөкөй эле . Жупуну жашоо мени иренжитпеди. Күйөөмдүн ар бир кыймылы, жүрүш – турушу, жада калса бирге отуруп тамактанып отурганы да мени ирээнжитчү. Тоңдугунан, караңгылыгынан , менин көңүлүмдө болуп жаткан уйгу – туйгумду, аялдык каалоомду бир да сезип, билбеди. Жашы менден улуу экенин, а менин жаш , секелек, оюн- күлкүгө тойбогон курагымды ойлоп койбоду . Он алтыдагы секелек , отуздагы жигиттин бардык талабын аткарып , жашап жатты.

Ирээнжип жашап жүрүп, жактырбаган күйөөмдөн боюмда болуптур. Аны кайдан билейин. Көңүлүм айнып, табитим качып, ооруп жүрдүм. Менин ооруганымдын себебине кызыккан адам жок. Кары кайненеме да айтпапмын. Качан гана ичим бир аз дөмпөйүп калганда гана билдим…

Ичим чоңое баштаган сайын, кыйнала бердим. Күндүзү үй жумуштарынан катуу чарчап, ушунчалык эс алып, уктагым келет. Бирок …менде түнү да эс алуу жок эле. ” Күйөө деген ушундай болот турбайбы ” – деп, бардык талабын аткарчумун …

Ай – күнүм жакындап, катуу кыйналсам да, аман – эсен төрөп алдым. Азыр ойлосом…жаштыктын күчү бар тура, оорунун баарына чыдаткан. Тун наристебиз – уул болду.

Төрөттү да үйдө кабыл алышты. Айылдагы аялдарды төрөтүп жүрчү бир аял менен, кайненем төрөтүштү. Күн жакшы жылый элек эрте жазда, суук, ным үйдө ары барып, бери келип атып, көз жардым. Катуу кыйналып калдым.

Көз жарганымды уккан апам, менден кабар алганы келди. Арыктап, купкуу болуп, эки көзү гана калган мени көрүп, кайненемден: – Үйгө алып кетейин, бели катыгыча өзүм карайын? – деп сурады.

Эээх ! Балалыктын жыты! Чоңоюп кеткен өз үйүң кандай сонун! Жепирейген, терезелери кичине, ичи жапыс болсо да, мен өзүмдү чооң хансарайга келгендей сездим. Келээрим менен кенен дем алып, үйдө керилип балам менен жатып калдым. Ушул үйдөн эч жакка кетпесем ээ ?!

Мен бир аз тыңып, балам тороло баштаганда атамдын үйүнө көптөн бери баарыбыз сагынып күткөн, конок келди. Ал – менден улуу эжем эле.

Аппак маңдайына куюла түшүп, ортосунан эки бөлүнгөн узун кара чачы баскан сайын сеңселе, эжемдин узун боюна куп жарашып, ажарын ачыптыр. Жеңи кыскараак, кымча белдүү көйнөк кийген эжем кирип келди. Сагынышканыбыз ушунчалык … күнү – түнү сөзүбүз бүтпөй атты. Мен укпаган, көрбөгөн жашоолорду айтса, оозум ачыла угуп отурам. Ал ” белгисиз ” дүйнө мага сөз жеткис ажайып эле , кызыктуу, укмуш, көркөм дүйнө эле …

Күйөөдө жүрүп, азаптуу күндөрдү көрүп, тагдырыма таарындым. Өзүмдүн жүдөгөн кебетемди көрүп, эжемдин алдында уялып турдум. Ансыз да буулугуп жүргөн жаным, эжем айткан ” белгисиз ” дүйнөнүн жарыгын көрүп, бакылуу жашагым келди. Мен да жарык жашоону көргүм келди…

Апам, эжем үчөөбүз дасторкондо чай ичип отурганбыз. Ушул жерден ичимде толуп турган күйүтүмдү чыгарып алгым келди.

— Апа, мен күйөө балаңыз менен ажырашам, жашабайм.

— Ия ! Эмне дейсиң ?! Акылың жайындабы ?! Эмне болду сага?!

— Эмне менин жашоомду көрбөй жатасыңар? Апа, ал мага жакпайт. Мен баарынан чарчадым. Ал үйгө барып, аны менен жашагым келбейт. Эгер силер болбогондо мен ага эч качан тиймек эмесмин. Мени бактысыз кылдыңар ! Эмнеге Ранону окууга жибересиңер , мени күйөөгө бердиңер?! Эмнеге мени батырбадыңар ?! Көзүмдүн жашы куюлуп, буулугуп сүйлөп жаттым.

— Кызым, ошол убактагы шартты билесиң, салтты билесиң … Окубасаң, күйөөгө чыгасың да … Кыз баланын эрте тынып калганы жакшы.

— Эрте күйөөгө чыгып эмне болдум? Бактылуу болдумбу? Апа – мен бактысызмын ! Бактысызмыыын !!! Бакырып , жер чапчый шолоктоп ыйлап жаттым …

— Айланайын кызым, ай ! Сен бактысыз эмессиң. Күйөөң бар, балан бар. Эне болдуң. Кыз балага эмне керек? Кыздын бараар жери күйөө да. Көнүшүп да калдың.

— Апа, мен анын үйүнө барбайм, ажырашам. Силер каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы, ажырашам!

— Айланайын, кызым! Бул сөзүңдү атаң укпасын, эл укпасын ! Бизди эмне эл – журтка шерменде кылганы турасыңбы? Күйөөдөн чыксаң кайда барасың? Атаң сени батырбайт. Биздин урукту сөзгө калтырасын! Сүйлөбө бул сөзүңдү!

— Жок, уккум келбейт! Мен да жакшы жашоо көргүм келет. Жашабайм, апа! Мен аны сүйбөйм!

Өксүп ыйлап жаттым…

Баарына ошол кездеги согуш күнөөлүү экенин билсем да, апам менен эжеме ичиме толгон сырларымдын баарын төгүп ыйладым …

Ошол күндөн кийин Жашоого болгон көз карашымды өзгөрткүм келди. Мен да ” башка ” жарык жашоолорду көргүм келди…

Менден кабар алганы келген ” күйөөм ” , эжем, баарыбыз дасторкондо отурдук. Өзү да сейрек сүйлөгөн жаны, эжемди анчейин жактыра бербегенин сездим. Орустарча жеңи кыска көйнөк кийгендер биздин салтыбызда ал убакта аз эле. Унчукпай, эч кимибизге тике карап сүйлөбөй отуруп, тамак ичти.

***

Кыркыбыз чыгып, үйгө жаңы көз караштар менен кайттым . Бул убакта эжем да окуусуна кайтты.

Бир күнү кайненем менен күйөөм : – ” Шаарга базарлап келебиз – деп калышты. Күз болуп, бышыкчылык, түшүм алынып калган учур болчу. Алардын жөнөп баратканын көрүп, менин да баргым келди. Ойлоп көрсөм, келин болуп түшүп, эч жакка барбапмын. Жаңы келгенде: – Жаңы келин жок дегенде алты ай көчөгө чыкпай, келиндик ыйбаасын сакташ керек – деген салтты карматат. Ал убагым өткүчө боюмда болду, төрөдүм. Карачы, убакыттын өткөнүн. Эми төрөп – түшкөн келинмин , барууга мүмкүндүр …

— Мен да барсам болобу? Күйөөм менен кайненемден тартына сурадым.

— Бүгүн биз барып келели, эртең экөөңөрдү жиберейин анда – деп, кайненем жооп айтып, кетишти.

Эртеси мен күткөн күн келип, шаарга барууга эрте туруп, даярдык көрдүм. Жумуштарымдын баарын эртелеп бүтүрдүм. Эми кийинишим керек. Эжем алып келген бели кымча , кызгылтым күзгү плащ менен ичинен көйнөк кийдим. Ачык түстөгү жоолугумду салындым. Үлбүрөк жоолук баары , кийимдерим менен түстөрү айкалышып калды. Күзгүдөн өзүмдү карадым. Бетимдин бир аз күнгө күйө түшкөнү эле болбосо, татынакай келин болуп калдым. Жеңи узун, капка окшоп тигилген көйнөк – шымдарымдан чооң эле аял болуп көрүнчү экем. А азырчы … Тим эле айына бир чыкчу кооз журналдагы кыздардай сулуу боло түштүм. Адамдын ажарын кийим ачат тура. Кийген кийимиме кудуңдай, сыртка чыктым.

Менин кийингенимди көргөн күйөөм көзүнү албай, токтоп калды. Кайненем бир ооз сүйлөбөстөн бурулуп, басып кетти. Демек, мындай кийингениме каршылыгын билдириши…

— Чеч алдагы кийимиңди. Өзүңдү кызмын деп ойлоп атасыңбы? Кыздар да сага окшоп кийинишпейт.

— Атасы, кие берейинчи. Эжем алып келиптир. Жаңы модадагы кийимдер го…

— Э, эжжеңди! Эжеңе окшоп каапыр болуп, денеңди көрсөткүң келип калдыбы?! Шуркуялардын кийимин кийип! – деп, сөгүнүп жатты.

Эгер мени “шуркуя ” дегенде да терикпесем керек эле, эжеме сөз тийгизгенине токтоно албай калдым. Күйөөмө биринчи жолу өйдө карап, жооп кайтардым.

— Ким шуркуя ?! Эжеме сөз тийгизбе, билдиңби? Ал деген шаарда окуган, билимдүү кыз !

— Хм ! Кыз экенин ким билиптир! …

— Акмак! Эжемдин намысына сөз келтирбе!

Ушул күнү тил кайтаргандыгым үчүн, күйөөм мени аёосуз сабап салды. Дене – башымдын көп жери көгала болуп, катуу ооруп, ,жатып калдым…

А бирок кайда, ажырашуу -намыс. Күйөөсү бар аял – токмок жейт ” – дешип, күйөөмдүн бул кылыгын эч кимге угузбадык … Бирок, салкын көңүлүм муздап жатты. Үйгө барсам, кайра келээрим анык.

Бирок, бул кол көтөрүү – биринчиси гана экен. Экөөбүз бири – бирибизге эрегишип жашап жаткандайбыз…

Биз жашаган он жылга чукул аралыкта бул көрүнүш эчен жолу кайталанды. Акыркы убактарда жашыра албай калдым. Ата – энем да билишти.

— Болду, ажырашам !

Бул сөзүмдү буга чейин апам менен эжеме гана айтсам, эми эки жакка тең угуздум …

Кайненемдин жалынып – жалбаруусу, менин ата – энемдин жактырбай каршы болуусу, кайра эле мени күйөөм менен жашоого мажбурлап жатты. Кээде өзүмө – өзүм суроо берем. — Чын эле, ажырашсам кайда барам? Ким мени багат? Кантип жашайм? Мени түшүнүп, жардам берээр бир адам болбосо …

Суроолорума жооп таба албай, кайда бараарымды билбей, токтоп калам …

Мен жооп таппай чайналып жүрүп, үч баланы төрөпмүн. Өмүрүм бир капаста өтүп жаткандай … Капастан мен эмне күндү көрдүм? Зомбулукту, басынтууну, чектелген эркиндикти… Күйөөмдүн алдында менин ойлорум, эч кандай мааниге ээ эмес болчу …

Жарыкты өчүрүп , жаныма жаткан күйөөмдүн жагымсыз жытынан ары бурулуп кеттим. Кийинки убакта мурдагыдай сасык жытына чыдап жата бербей, тетири бурулуп ала турган болгом. Анткенимден эмне пайда, кайда карап жатпайын, бетимди бир өөп сүйүп койбостон, копол кыймылдап, мүдөөсүнө жетип, уктачу. А менчи ? Жөн гана уйпаланганымды, денеме денесин тийгизгенин гана сезбесем, эркектин мээримин, махабатын билбедим… Кез – кезде мени менен жашташ келиндер , сууга барганда күйөөлөрүнүн кылык – жоруктарын, түнкү ” махабаттарын ” айтып калышса, таң калып кетчүмүн. Алардын сөзүнө кошула албай, унчукпай гана туруп калам…

Бул күнү да жаныма жатаары менен ” жагымсыз ” жыты ” бурр ” – деди. Дароо бурулууга аргасыз болдум. Көптөн бери унчукпай топтоп жүргөнбү … ” тетири бурулдуң ” – деп, адатынча бетиме гана тийгизбей, денемдин калган бөлүгүнүн баарын моокуму кангыча тепкилеп жатты …

Жан чыдагыс ооруга чыдабай, уктап калган күйөөмдүн жанынан түнгө карабай, чыгып кеттим …

Менин абалымды көргөн ата – энем бул жолу мени узакка кармашты. Күйөөмдү коркутуп койгулары келишти бейм. Бирөөнүн баласы боорунан, канынан жаралган кызыны ” жанчый ” урганына жандары ачышты го.

Күнөөсүн мойнуна алган күйөөм, алдыма келип кечирим сурап жатты. Себебин билип турам, анда калган балдар кыйнап жатты. Энесиз балдарга кыйын го. Аларды эстегенде ичим ачышып, эзилип турам. Толук айыга албай жаттым. Жооп берүүгө да шашылбай жүрдүм. А бирок, ичимде ой – санаалар толо …

Ушул күндөрдө менден чоң эжем дагы келип калды.

Сурашып, сүйлөшүп отуруп, күйөөмдүн ” сасык ” жытын айтсам, апамды бир тиктей, бирдеме айткысы келгендей, унчукпай калды. Көз карашынан бир сырды байкап калдым. Ошол айткысы келип токтоп калган сырды билгим келип, кызыгып калдым. Бир бөлмөдө эжем экөөбүз жатабыз. Түнү сүйлөшүп жатып, менден жашырган сырын сурадым.

— Билесиңби, сен айтып берген сасык жыт, сенин сүрөттөөң боюнча биздин чөлкөмдө өскөн ” жашыл чөппү ” дейм. Менин билишим боюнча, биздин кээ бир эркектер даамын татышат дешет. Бирок, так айталбайм, сенин күйөөң жөнүндө. Бул гана жөн гана божомол, Барно.

— Ал эмне ” жашыл чөп “, – эже?

Бул түнү мен билбеген дагы бир жаңы ” дүйнөнү ” же ” айтылбас ” сырды билдим…

Бир убакта эжем: — Барно, эки – үч жылдан бери биздин жарандар, Россияга барып иштей башташты. Ар түрдүү кара жумуштарда. Балким, күйөөңдү көндүрүп, силер да барсаңар болмок. Эски үйүңөрдү оңдоп алмаксыңар. Балдарыңар чоңойгуча жетишип алсанар, жакшы эмеспи.

— Ал жакка барсак, кантип, каерде жашайбыз?

— Жашай турган жерди мен таап берем да. Эл катары жүргөн, мигранттардын бири болосуңар. Алар кантип жашаса, ошентип жашайсыңар. А мен жатаканама силерди киргизе албайм. Себеби, мен ал жерде иштейм. Башкаларга мүмкүн эмес. Ошон үчүн терен ойлон, күйөөң келсе айтып көр…

Кечирим сурап келген күйөөмө, иштеп келүү жөнүндө оюмду айттым. Үңкүйүп отуруп, ,бир убакта: — Биздин айылдан да кеткен балдар бар. Жакшы дешет… Ошол боюнча сөздү токтотту.

Бир короодон чыкпай, бир үйдүн тирилигин жүргүзгөн мен, ушул үйдүн жашоосунан башка эч нерсе билбей жүргөн экем… Көрсө, эки – үч жылдан бери, Россияга барып, иштегендер көбөйүптүр. Кызыгып, сураганымдан кийин гана, апамдын үйүндө угуп атпаймбы …

Эжем айткан чоң шаарга барып, башка дүйнөнү көргүм келди. Эңсөөм күчөдү.

— Россияга барып иштейли, үйлөрдү оңдойлу – күйөөмө катуу туруп, шартымды айттым. Айыптуу болуп, башын жерге салып, унчуга албай турду. А мен ээлигип, шаар көрүп, эл көрүп, жакшы жашоону эңсеп турдум… Бул эңсөөмдө кайгы да, азап да болоорун билсемчи…

Ажыраша албасам, жаңы жашоо менен, баары өзгөрүлөөр деп, үмүтүм чоң болду.

Менин үмүттөрүмө, максаттарыма , эңсөөлөрүмө дагы бир башка жашоо кошулаарын билбепмин… Ал – менин жашоомо чоң бурулуш салган , менин – махабатым эле. Эх, Россия! Сага барууга, сени бир көрүүгө бекеринен ээликпеген экенмин … Балким, ,жүрөгүм сенин жолугаарыңды туюп, ушул жакка шашылды бекен? …

***

Сөзүнүн ушул жерине келгенде, окуяны айтып берип жаткан эже да, сөзүн токтотту. Себеби, жумуш күнү аяктап жаткан.

— Ой, эжее ! Сонун жерине келгенде жумуш күнү аяктап калганын. Эми эртең эртерээк келиң ээ? Эмне болоор экен деп, уктабай чыгабыз го?

— Ооба, эртең улайын. Үйгө кетели.

Баарыбыз коштошуп, үйлөрүбүзгө таркадык. Караңгы болсо да, жапжарык көчөлөрдө эки – экиден ээрчише басып, метрого келе жаттык…

Үйгө шашылганыбыз менен, баарыбыздын көз алдыбызда, оюбузда бүгүнкү окуя элестеп жатты.

А менин көзүмө метронун ичиндеги да, жолдо баскан адамдар да көрүнбөй, Барнонун тагдыры гана көрүнүп турду.

УЛАНДЫСЫ БАР.

Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net