Күч күйөө(62).


Эртеси дем алыш күн болгондуктан Алымбек үйдөн чыкпай Парат Акимовдун телефон чалуусун күтүп отурду.


Айылда болсо Сабыр ата, Майрамбүбү апа Бүбүайшаны алып жолго чыкмай болду, бирок Кубат мен Эсенбек атама үй акташып жарам берейин шаарга барганда эмне, экзамендер бүттү атесатат алганда эле барайын деди. Мейли балам атаң менен Күмүш апаңа жардам бер деп Кубатты калтырышты. Жолдо келе жатып Бүбүайша кызым бактылуу болсо экен деп жатып көзү илинип кеткенин байкабай калыптыр… апапак жайнаган гүл талаада Алтынай татынакай болуп аралап жүрүптүр Алтынай… Алтынай… деп кучактайын деп алдыңкы отургучка колу тийип ойгонуп кетти.


Бүбүайша эмне түш көрдүңбү деп сурады Майрамбүбү апа,

– ооба апа Алтынай апапакай гүлгө толгон талаада жүрүптүр дегенде; – ээ балам түшүң туш болсун, Алтынай кайгы – капсы жок бактылуу жашайт экен деди, апасы.

Мен жөн жерден түш көрчү эмес элем, түшүм туш болсун, деп күбүрөндү Бүбүайша.

Кыздар бири ырдап, бири жомок айтып шаарга кантип жетип келгенин билбей калышты.

Үйгө кирип эле Сабырбек ата эмне чалдыбы деп сурады,

– ой ата эрте чыккансыңар го, мен да эрте туруп күтүп жаткам, көрсө Москвада эми тогуз болду дегенче телефон шыңгырап калды.

Алло, – деп трубканы алды Алымбек,

– амансызбы Алымбек Сабырбекович, мен Парат деди.

Аманчылык, угуп жатам, деди Алымбек.

Балдар шейшемби күнү, Фрунзе убактысы менен 12.30.конот ошону айтып коёюн дедим, кош анда жакшы туруңуздар деп трубканы койду.

Ата – апа шейшемби күнү келишет экен, кандай кылсак, деп калдастады Алымбек.

Шашпа куда түшүп келген жок да, уулун таанышып кел деп эле жиберип жатат, – деди Сабырбек ата.

Кана баарыңар отургула чай ичели да кечке чейин ойлонолу, кечинде Валя менен Наташаны чакырып сүйлөшөлү, кандай дейсиңер деди Сабырбек ата. Баары маакул болушту.

…Эшиктин коңгуроосу кагылып Фарида дем алыш күнү үйгө ким келди деп, эшикти ача койсо апапак роза көтөргөн Эдуард бир кыз менен турат. Саламатсызбы Фарида апа, бул гүл сизге, ден соолугуңуз жакшыбы, деп учурашты.

Ооба, ооба жакшы балам, кир үйгө, гүлүң үчүн ыракмат, – деди Фарида.

Таанышып алыңыз – Мария,

бу киши Фарида апа, Жайсандын апасы деди.

Аа Жайсанды тааныйсыңбы деп Фарида, Марияны карады, ооба Алтындайдын курбусумун, деп жооп берди Мария.

Аа анда мен аларды чакырайын кел отургула деп, Алтынай, Жайсан деп катуу кыйкырды.

Төркү комнатада китеп окуп жаткан Жайсан силер кайдан, эмне тынч элеби дегенде, ооба баары жакшы биз Ленинград шаарына барып келели деп жатканбыз, силер маакул десеңер кошо барып келели,кандай дейсиңер, деди Эдуард.

Аз да болсо Светага жардам берейин деп ички үйдө кир үтүктөп жаткан Алтынайды Жайсан жүрсөң бизге конок келди деп колунан жетелеп келди.

Ой силер кайдан жетелешип деп сурады Алтынай.

Дайыныңар жок кабар алалы деп келдик, – деди Эдуард.

Келгиле бул жакка, мен стол даярдай коёюн, деди Алтынай.

Аңгыча телефон шыңгырап, Жайсан алып, атоо чоң ыракмат, анда шейшемби күнү учабыз да Фрунзеге, деп кубанып трубканы койду.

Алтынай уктуңбу шейшемби күнү учабыз Фрунзеге, ага чейин Ленинградка барып келгенге үлгүрөт экенбиз, деди Жайсан.

Кантип Ленинградка, деп сурады Алтынай.

Досторубуз чакырып келиптир деп, Эдуард менен Марияны карап жылмайды Жайсан.

Чын элеби, падышалар жашаган ак сарайды, музейлерди анан өмүр бою көксөгөн буурул таңды көрөмүнбү, деп жаш баладыай так секирди Алтынай.

Фарида; – мына балдарым оюңар бир жерден чыкты, кечки поездге билет заказ кылып койгула, – деп Алтынайды

бетинен өптү. Тамак ичип бүткөндөн кийин биз камынып вокзалга келебиз деп Эдуард менен Мария коштошуп кетишти.

Фарида балдарым силер биринчи жолу, чогу саякатка аттанып жатасыңар, менден белек болсун барып келгиле деп элүү рубль Жайсандын колуна карматты.

Алтыным апам чоң ыракмат, атам келсе айтып коёсуз, деп апасын кучактады Жайсан.

Тоту Арзыкулова

www.kafiye.net