Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды

Жамал Сейдакматова / Cemal Seydakmatova

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар актриса Жамал Сейдакматова бүгүн, 16-февралда таңга жуук 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Бирок окуу жайды 2-курста таштап, актрисалык жолду тандап кеткен. 1957-жылы учурдагы Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына келип,  Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева сыяктуу залкарлардан таалим алып, өнөр жолуна кадам таштаган. 1990-жылы «Тунгуч» театрын негиздеп, көркөм жетекчиси катары көптөгөн жаш таланттарга устат болгон.

Жамал Сейдакматова кыргыз киносунун жана театрынын могикандарынын бири болгон. Ал 18 жашынан тартып, өмүрүнүн соңку жылдарына чейин сахнада жана тасмада көптөгөн роль ойноп, эчен түркүн образдарды жараткан.

«Саманчынын жолунда» Алимандын, «Абийир кечирбейтте» Шайыргүлдүн, «Ак боз атта» Эркайымдын, «Кылым карытар бир күндө» Найман эненин, «Отеллодо» Дездемонанын, «Манастын уулу Семетейде» Каныкейдин, «Мунабияда» Мунабиянын, «Ханышанын көз жашында» Ханышанын жана башка ушул өңдүү көптөгөн каармандардын образын театр сахнасында терең ачып берген.

Ал эми кинодогу жолу 1958-жылы «Алыскы тоолордо» тасмасында Зиягүлдүн ролун аткаруу менен башталган. Бул тармакта да жемиштүү эмгектенип, «Караш-Караш окуясында» Хатшанын, «Уланда» Фатиманын, «Ак илбирстин тукумунда» Бегайымдын, «Акбаранын көз жашында» Көк Турсундун, «Курманжан Даткада» Курманжан Датканын жана башка образдарды тасма тарыхында калтыра алды.

Залкар актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 17-февралда саат 10:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Жамал Сейдакматова / Cemal Seydakmatova


Кайыр Жолдошбекова
www.kafiye.net