Саясаты жок жан дүйнө!

18-декабрь. 2020ж.Нарын.



АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикменин мүчөсү , Борбордук Азиядагы Янги Овоз тарыхчылар жана жазуучулар союзунун мүчөсү, Алыскы ак карлуу , көк муздуу Нарын жергесинин кулуну, Нарын дайрадай шар жүргөн, пейли кенен, көп кырдуу талант, комузу колдо ойногон, Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын актеру Азатбек Эшимкановдун ,,Сезим чабыттары” аттуу китебинин бет ачаары менен бирге отчеттук иш чарасы өттү.


Иш чарага Бишкек шаарынан АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикмесинин орун басары Бүбүажар Жусубакунова баштаган делегация барып катышты жана ошондой эле Кыргыз тили коомунун президенти Райымжан Курбанов агайыбыз барып ,,Ыйык тил ” төш белгиси менен сыйлады.


Борбордук Азиядагы Янги Овоз тарыхчылар жана жазуучулар союзунун төрагасы Жолдошбек Моңолдоров менен түзгөн меморандумдун негизинде АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикменин координациялык чечим менен чыккан N11 ТОКТОМдун негизинде,Туран биримдиги ” медалы менен сыйланды.


Азатбек Республикалык деңгээлдеги “Советбек Жумадылов” атындагы сыйлыктын да ээси болду.


Жана ошондой эле мактоо граматалары, дипломдоруна ээ болду.

Иш чара бийик деңгээлде өттү.


Азатбектин бул оңой эмес көп түйшүктүү салган чыйыр жолуна ийгиликтерди каалайм, чыгармачылыкта өркүнүң өсө берсин , ар


дайым ден соолукта , өмүрлүү бол!
Атанын сыймыктанган уулу бол,
Эненин желбирген туусу бол,
Балдарыңа мээримдүү ата бол ,
Жарыңа сүйүктүү жар бар бол,
Каалаймын дагы ишиңе АК ЖОЛ!



Урматым менен АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикменин

жетечиси Кайыр Жолдошбековна.




Кайыр Жолдошбекова/ Kayir Joldoshbekova

www.kafiye.net