Саясаты жок жан дүйнө.

20.12.2020ж. Москва.

Бүгүн Москвадагы ,, Москва кайрыктары” адабий клубунун 10 жылдык мааракесине Борбордук Азиядагы Янги Овоз тарыхчылар жана жазуучулар Союзунун Россиядагы өкүлдөрү катары барып катышып иш чарасына күбөө болуп, сыйлыктарды Борбордук Азиядагы Янги Овоз тарыхчылар жана жазуучулар союзунун төрагасы Моңолдоров Жолдошбек Акылбековичтин атынан

Туран биримдигинин,

I даражсдагы Диплому менен

,,Москва кайрыктары” негиздөөчүсү Багыт Бапанов,

Урмат Сатарова

кыргыз адабият жана маданиятына кошкон салымы үчүн,

Самара Насырова ,, Жетинин бири кыдыр ” проектисинин негиздөөчүсү,

Акылбек Мамадалиев кыргыз адабият жана маданиятына кошкон салымы үчүн,

Улан Болотов Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган онлайн – конкурста чыгармасы менен Гран При ордун алган үчүн,

Туран биримдигинин ,,Мыкты калемгер” төш белгиси менен Турдубаев Акрам С.Есениндин чыгармаларын кыргыз тилине которгону үчүн,

Улан Болотов Пандемия убагында жүргөн онлайн – конкурстарга активдүү катышып эң жакшы чыгармалары үчүн сыйланышты.

Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Иш чарага ,,Москва -Янги Овоз” группасынын координатору Бурулай Жээнбекова, катчы кызыбыз Нуржамал Айтбаева жана Нуржан Куланак кызыбыз күбөө болуп сөз алып каалоо тилектерин айтышты.

А.Истамовдун опералык кайталангыс үнү менен Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын гимндерин ырдалып, салтанаттуу кече ачык деп жарыяланды.

Москва кайрыктарынын 10 жылдын ичинде алып барган иштерин, жетекчиси Багыт Бапанов доклад кылды.

Москва аксакалдар диаспорасынан, Миграция коомунан, Россия жазуучулар союзунан жана Ассоциация Национальной Союз писателей, Янги Овоз тарыхчылар жана жазуучулар союзунун өкүлдөрү куттукташты.

Эң негизги күч жана иш алып баруу боюнча координатор Жанна Сабаева менен редактор Самара Насырованыкы экени билинип турду.

Бул адабий клубда эң бир гумандуу жана акылдуу, жазса калемдеринен алтын сыя төгүлгөн, сөздүн гүлүн терген, асыл акындар бар экен.

Жан дүйнө жаңырып ырларга бай болуп , шаңдуу обон созгон,,Керемет”фольклордук ансамблинин ажайып ыр күүлөрү коштоду.

Москва кайрыктарынын акындары ырларын окуп, жан дүйнөнү тазартышты.

Мына ушинтип майрамдык кече аягына чыкты.

РS; Мени бир гана ойлондурган нерсе, жаш акындарды 10жыл ичинде алып баруучулук орунга даярдабандыгы ар дайым айтылып , ага да буга да бир төрт сап менен алып барып жүргөн, дежурный эжекебиз алып барды, он жыл ичинде сахнага жаңы өң жаңы проект, жаңы акын, жаңы таланттар менен кечени толуктаса сонун болмок деп ойлодум.

,,Москва кайрыктары” адабий клубуна мындан аркы чыгармачылык жолуна албан албан ийгиликтерди каалоо менен бирге келе жаткан ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН демекчимин!

Урматым менен Кайыр Жолдошбековна

Борбордук Азиядагы Янги Овоз тарыхчылар жана жазуучулар союзунун Россия Федерациясы боюнча ыйгарымдуу жооптуу катчысы.

,,АКТАЛ ” адабий чыгармачылык бирикменин жетечиси.




Кайыр Жолдошбекова /Kayir Joldoshbekova

www.kafiye.net