şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Фбдагы эстафетага кызыл жоолук жарайбы?
Кызылдан жоолук салынып,
Калемди кармап сагынып.
Жүрөгүм турат сүйүнүп,
Жакшына сезим кабылып.
Кызылдан жоолук тагынып,
Кусадар карек сагынып.
Ууртумдан күлкүм төгүлсүн,
Укмуштай эргүү табылып.
Эээ, жазбайынчы кусаны,
Жан дүйнөнү жабыркатып.
Жараткан берген өмүрдө,
Жашайын күлкү жаңыртып.
Кимдер келип кимдер кеткен өмүрдөн,
Көз ирмемдик жашоодогу көңүлдөн.
Калсам эгер бүтүрө албай иштерди,
Калем менен сыр жазамын төгүлгөн……..
десем жаза берчүүдөймүн
Кайыр Жолдошбековна.
Kair Joldoshbekovna.
www.kafiye.net
Yorum Yapın