şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Бата тилек баракчасы….
Ааламга бүт тынчтыкты тилеймин,
Жарыкчылык өзү бакыт билемин.
Жер үстүндө көп болсунчу жакшылар,
Кабыл кылсын жазган ушул тилегим.
Кутман таңдын ак шооласын көрөлү,
Күн нурунда мээрим дагы бөлөнүү.
Алаканды жайып туруп сураймын,
Жараткандан түбөлүктүү көрөңгү.
Наристенин күлкүлөрү жаңырсын,
Ата эненин бак дөөлөтү тагылсын.
Ак тилектер мамык болуп төшөлүп,
Жер бетине аппак кардай салынсын.
Кайыр Жазы.
Кайыр Жолдошбековна.
Kair Joldoshbekovna.
www.kafiye.net
Yorum Yapın