Кар жаап




Кар жаап, суук башталган күндөн бери, негедир балалылык күндөрүмдү эстей баштадым… Бетти тызылдаткан суук аяз, көк муз болуп тоңуган жер- суулар, балалык мезгилдерди эске салды… Ойлорум ошол мезгилдерге алып учту. Балалыктагы кыш мезгилине

Ошол мезгилдерде кар аябай калың жаачу. Эрте менен мектепке баратып, жаңы жааган карды шилеп басып, анын “гырт-гырт” деген үнүн кайра- кайра уккум келип, ансайын калың карды маашырланып кечип, сабакка барчумун. Кардын гыртылдак дабышын өзгөчө жактырчумун, дале жактырам. Эрте менен жаңыдан от жагылып, анча ысый элек муздак класстарга кирет элек. А биз үшүгөндү кайдан сезебиз. Танапис убагы болоору менен, класстагы балдар- кыздардын баары, мектептин маңдайындагы чакан дөбөчөгө жарышып чуркайт элек. Ана, жылгаяк тебишти көрө бер. Чурулдап ызылдап, кирүүгө коңгуроо кагылганын укпай ойночубуз. Кээ бир күндөрү өтүктөрүбүзгө кар толуп калгандыктан, чылк суу болуп калат эле. Анда да жөн калбай, өтүктөрдү чечип, мештин үстүнө жайып кургата койгонго да үлгүрчү элек. Ошентип, сабакты да окуп, ойногонго да үлгүрүп, чарчап- чаалыгып, жылуу үйдү эңсеп үйгө кайтчубуз.

Өтүк, байпактар суу… Уурданып, “апам урушпаса экен” деп, аярлап үйгө киргенибизчи. Ошентип, бир кышта эки өтүк жыртканымды билем. Ал кездеги бут кийимдердин сапаты укмуш эмес беле. Ошентип, атам жаңы өтүк алып берди. Түбү сыйгалак деп, тумшугу чо-оң болуп ачылып калган эски өтүгүмдү уурданып кийип, сыйгалак тепкени качып кетчүмүн…

Көк муштум болуп тоңуп, сырттан кирсең, бышып жаткан тамактын жыты мурунду жарып тосуп алат. Ушунчалык жагымдуу! Апамдын ысык тамагы, ысык чайы, ысык үйү! Эх! Чартылдап күйүп жаткан мештин жанында отуруп, апамдын колунан бышкан тамакты ичет элек…

Анан кыштын узун түнү башталат эле… Баарыбыз атамдын жанына жабалактап отуруп, жомок айттырат элек. Жомоктогу ар бир каармандын сөзүн дал өзүндөй жеткире айтып, атам жомокту укмуш көркөмдөп, чеберчилик менен айтып берчү. Ошол жомоктор, атамдын берилип айткан үнү, дале кулагымда… Кээде башка оюндарды ойноп, кыштын түндөрүндө зеригүү жок эле…

Көрсө, ошол мезгил, балалыктын эң таттуу, эң кымбат, баа жеткис, кайрылгыс күндөрү болгон экен. Азыр атамдын ордун жоктойм… Кайрадан кичине кыз болуп, ошол күндөргө баргым келет… Санаасыз, бейкапар күн өткөн- балалыгым! Атамдын жанында эркелеген күндөрүм…

Андан бери көп жылдар өттү...

Азыр кыштын узун түндөрү башталды. Сырттагы суук, жаап жаткан кар, балалык күндөрүмдү эске салат… Суукта үшүдүм… Артка кайтып, балалыктын суук мезгилине бармакмын, колдон келсе… Мезгил суук болгону менен, ата- энемдин мээрими ысык эле… Көңүлүм эч үшүбөйт эле… Бейкапар дүйнөдө жашайт элем… Эртең кандай болот деп, эч качан ойлогон эмесмин… Дүйнөм кардай таптаза эле…



Лилия Кудайбердиева
www.kafiye.net