Kategoriler

Arşivler

Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva Kategoriler

КЕЧИКПЕЧИ МАХАБАТЫМ Сезимдерге биз ойногон жашынмак,Болду мага жүрөгүмө сыйыртмак.Каректериң айтып турду жашырбай,Үндөбөдүң? Неден корктуң? Табышмак. Биз жаралсак бир болууга дүйнөдө,Кечикпечи, махабатым өмүрдө. Азыр кайрыл, азыр кайрыл, кол сунчу,Көтөрө албайм жаштык өткөн куракта. Келсең деле кайрылып кечирермин,Кайгыңа тең ортоктош кетирермин. Кайрып алгам күйүттөн канатымды, Кайра бүтүп, аз-аздан жетилермин. Келсең болду кайрылып жарым болуп,Бак-таалайдан буйруган ээнчим болуп.Алып […]

БАЛЕРИНА БИЙЧИ КЫЗГА Музыканын коштоосунда,Ийиктей имерилип.Бутунун учу менен,Жерден жеңил көтөрүлүп.Сахнада чимирилип,Көгүлтүр көл үстүндө. Сүзүп жүргөн ак куу сымал,Он эки мүчө төп келишкен.Кыргыз кызы балерина,Жымжырттыкты орнотуп.Бүтүн залды арбап алган, Баштар гана бурулуп.А көздөр калбай ээрчийт,Кай тарапка бийлеп барса. Сахнага жан киргизип,Жалгыз өзү бирде ак куу.Бирде эне, бирде селки,Кубулду миң өзгөрүп.Жай ойногон музыка,Акырындап барып өчтү.Дүркүрөгөн кол чабуулар,Дуулдап […]

Tarih 25 Eyl 2021 Kategori: Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva

КОШ КАРЕК

КОШ КАРЕК Күчтүүнүн көлөкөсү түшөр замат,Тубаса азиз өңдүү колдо таяк.Жылтылдап эки көзүм жайнап турса,Көрсөм да, үндөбөсөм эмне пайда?Кол сунуп, жетелөөгө муктаж болсом, Ачылган көздөрүмдөн эмне пайда? Кош карек бүт ааламды талдап турат, Көөдөндү жашыра албай чагылдырат.Дүйнөнү чанагына батырса да,Кош карек көр дүйнөгө толбой турат.Ооп тарткан ажыдаардай сугунса да,Жуп көздөр жутунушуп тойбой турат. Нускат Манкушева.www.kafiye.net

Учуру заманымдын Учуру заманымдын иргеп талдайт, Акыйкат белчесинен өзү арыйт. Ирээнжип турганымда колдон алып, Чынында мени аяган мезгил карыйт. Келечек мен ишенген эртеңки күн, Көп күчтү талап кылат өзгөртүү үчүн. Чыйралып толгоо тартып турганымда,Толгоомду тең бөлүшкөн мезгил өзү. Чоң максатка баратам багыт алып,Келечекке тапканым арнап алып.Коротуп мен отуз жыл убактымды, Үч күнчөлүк жолдомун түнөп калып. […]

КЫРГЫЗ КЫЗЫ Жолун улайм, кыргыз кызы тарыхтан,Мен урпагы канымда бар каныккан.Каныкейдин, Айчүрөктүн, Сайкалдын,Тамчы каны күрөө тамыр карыткан. Жолун улайм, кыргыз кызы аталган,Турмуш жолун түбү менен оодарган.Жаңыл Мырза, Курманжандын эрдиги,Баатыр кыздар көп жомокко айланган. Жолун улайм, кыргыз кызы атагым,Мен муундашы, бүт аялзат атынан.Из кубалап келер дагы далай муун,Жолду улап, кыргыз кызы аталып. Нускат Манкушева. www.kafiye.net

ЖЫЛДЫЗ СЕНБИ Жылдыз сенби? Жанып турган көктөгү,Жыты менмин жаздын ушул көктөмдүн.Жашоо берген мен сүйүүмүн түбөлүк,Жаздын жыты, сүйүү элеси жердеги. Кээде өчүп, кээде учуп сен көктөн,Көңүл калган тез тутанган чоң өрттөн.Кала берем баргым келбейт жанашып,Жер бетинде эң алгачкы мен көктөйм. Сен суктанган миң кубулган сүйүүмүн,Сен бозорткон сезим күткөн тирүүмүн.Сүйүү күчү бир керемет карасаң,Сени көктөн, мен жердеги […]

Аздыр- көптүр барактар жабылгандыр, Аздыр- көптүр барактар жабылгандыр, Бир илинчек өмүрдөн табылаттыр. Бирдей күйүп отуз шам бара жатат, Сыр куржунга келечек катылгандыр. Бөксө тоолор кырынан ашып алгам, Ачуу-таттуу даамын да татып алгам.Жылдыз жанып көрүнөт тээ алыстан, Мен да ага аттанып шашып алгам. Жактырган мен жашоонун кылыктарын,Терип алдым бир-бирден сыныктарын.Тизип койсом чагылып көз уялат, Жыйган дүйнөм […]

Tarih 29 Tem 2021 Kategori: Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva

БАЛАЛЫК

БАЛАЛЫК Жомок менен биз эртерээк коштоштук,Апам окуп, эпостордон достоштук.Мухитинин бир тамчысы азгырып,Адабият котормодон окудук. Алыкулдун ак боз атын камчылап,Балалыктан кырга чыктым артынып. Убакытты мезгил уурдап жашынса,Турам азыр аруулукка көз артып. Келечекке койгон мүдөөм бийиктир,Кылчактабай камчы чабуум керектир. Алга сүрөп эч байкатпай акырын,Качан эле тагдыр камыт илиптир. Эх балачак, гүлдөп бүткөн бир доорсуң,Сагындырган алыстагы бир боорсуң.Сен […]

Чырмалып ойлорумдун желесине, Чырмалып ойлорумдун желесине,Чыгалбай түшүп кеттим тереңине.Чуу салып кайдан келдиң кызарган чок,Чыйрыгам жылына албай илебиңе. Кабынан суруп алдың жүрөгүмдү,Капыстан тузак жайып түнөгүмө. Кадалып туруп алды тагдыр өңдүү,Капилет атылган жаа жүрөгүмдө. Дүрмөтүн кызыл чоктон октоп алган,Дүйнөмө ууга чыгып олжо алган. Дүрбөлөң ойлорумдан кутулайын,Дос күтүп, шыралгыга тышта мерген. Нускат Манкушева. www.kafiye.net

Эх, үмүттүн бир учкуну тамызгы, Эх, үмүттүн бир учкуну тамызгы,Көөдөнүмдө тартылгансыйт сыбызгы.Турагыңдан түтүн чыгып жатса да,Чарк айланам, шоола түшкөн сызыкты. Бир муштум эт согуп турат күн-түнү,Ар бир кагыш оордоп барат ар түнү.Колдон түшүп сынган өңдүү быркырап,Сыныктары тилген сайын ый, үнү. * * * Уктум бүгүн таң алдында агарган,Торгой үнүн кубулжута сайраган.Көөдөндөгү тамчылардан чогулган,Деңиз, мухит толкундары […]