Kategoriler

Arşivler

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna Kategoriler

Макул, мен барын узак ойлоп, түшүнөйүн,күчтүү болуп. Назиктиктен тажап жүрөм…Улуу дүйнө, кең ааламда кичинемин,“Күчтүүлүк – бакыт эмес” – деген бирөө…. Макул, Түшүнөйүн…түшүнбөсөм дагы курчайт-Жалгыздык, мындай алып караганда…Күчтүүмүн, күчтүү болуу мага милдет. Күчтүүлөр бактылуубу – самагандай..? Ашира www.kafiye.net

Бар болуңуз Бүгүн дагы ойгондум да сагындым. Бүткүл ээлеп жүрөгүмдү, жанымды… Же болбосо сизди издеп кеткендей, Жан дүйнөмүн, акылымын жарымы. Чексиз көктө адашкан, булуттар ай, Ченеми жок кусаны унут албайм. Мыйзамы жок сүйүүнүн – деген менен, Мыйзамындай жашоонун.., ушул кандай? Дем-күч берет жакшы сөз – жардамыңыз, Делбиреген желаргыдай – арманыбыз. Ушул арман, бул сагынуу, кусалык […]

Сен биргесиң, мени ээрчип кыялымда Ээрчитип, сени дайым кыялымда, Оюмдун эң бир таттуу кыямында. Көйнөк алсам дүкөндөн жагабы?- деп, Сураймын, бирге жүргөн сыягында. Арзуумдун күүсүндө, кыягында, Адеп сактап күлкүмдү тыямында. Оюмда оролушуп, элестеткен, Өзүң менен үйүбүздү жыямында. Эс алып келейин деп тоого чыксам, Ээрчийсиң, кокту колот кыясына. Кооздолгон сүрөт болсо айлананын, Сүртүлдүң, жашыл, кызыл, сыясына. […]

Казакстан Эркин Оролбай уулу Сезим сыры Кирпик илбей, түнү менен сени издесем, Жүрөгүмдүн чын сүйүп калганыбы? Өзүңдү ойлоп, кыр ашып, деңиз кечем, Жете алардай бир күнү арманыма. Сезим сыры туңгуюк деңиз десем, Чыдап сүзүп, түбүнө жете аламбы? Кош калагын өмүрдүн эгиз түртсөм, Сокмогунан сүрүлбөй өтө аламбы? Көөдөндөгү эт жүрөк туйлап жатса, Сабыр кылуу адамга бекер […]

Жакшынам Ырдагым келет, жаз айын жапжаш жаркыган, Ырыскым экен – ырларды жазып талпынган. Өмүрдүн күнүн – өзгөчө көктөм өпкүлөйт, Өзүңдүн барың керемет билсең, жакшынам. Ортодо турат, өрт болуп жанган сүйүүбүз, Олуттуу сактап, сый- урмат баркын билебиз. Орчундуу кеңеш берилет бизге жүрөктөн, Орубай өтсүн, ойт берген ар бир күнүбүз. Агымы күчтүү, толкуну төөнүн өркөчү, Азыркы убак […]

ООРУБА ЭЛИМ ООРУБА Сөзү Ашира Кулишева Обону Мыктыбек Нурланбеков. Ооруба элим, ооруба, Илинбе илдет торуна. Аракет кылсак берекет , Жакшы күн келет соңунда. Ооруба элим, ооруба, Эмгектен өмүр жолунда. Эркелеп жаша ар бир күн, Эгемен эркин коомунда. Ооруба элим, ооруба, Ким элек илдет жогунда? Бириккен элди көрдүм мен, Мээримиң сенин бооруңда. Ооруба элим, ооруба, Унчукпай […]

 Бир сөзүң Бүгүн мага баары тегиз, сүйүү улап, Күн желеси -“жакын кел” -деп күлүп турат. Дил тазарып, жүрөк толуп кубанычка, Бир сөзүңдүн күчү менен – сүйкүм убак. От болуп жанып турган карегиңден, Булкунган сүйүү көрдүм жүрөгүңдөн. -“Убакыт болду го”- деп бурулганда… Ысык тарап, кармаган билегимден. Айланам шаңдуу жарык, маанай бийик, Күн жамалы төгүлөт, нурлуу тийип. […]

Коом бүгүн Коом бүгүн жараланды, Кордолуп табаланды. Акыйкат зээн кейитип, Ак жерден караланды. Коом дагы ооруп турат, Коргону урап, кулап. Алсырап алы куруп, Адилдик тилейт сурап. Баалуулук бааланбады, Маселе каралбады. Манчыркап мазактаган, Мыйзамдуу камалбады. Көңүлгө көө сүркөгөн, Көөдөнү көңдөй болду. Көтөрүү оңой эмес, Көпкөндөр көлгө толду. “Уурулар” эзелтеден, Элине эсеп берген. Азыркы ууруларчы, Атына шек […]

Самындын эмне кереги Сизде оюм, кыялым да, сиз деп гана жүрөмүн, Көөдөнүңүз толтосуна келет менин түнөгүм. Сүйбөсөңүз эгер мени, чын жүрөктөн жактырып, Селсаяктай тентек чалыш, шериги жок бирөөмүн. Сөлөкөттөй сезими жок, жандуумун да жансызмын, Кызыл тамыр жүгүрсө да, ысыгы жок кансызмын. Мага деген “жүрөк төрү” бош болбосо чын эле, Көздөрүнөн жашы тамган, бир бечара алсызмын. […]

Азыр сизге кыйын … Азыр сизге кыйын болуп жаткандыр, Жан дүйнөңүз жанчылгандыр ызага. Ысык кофе… дилден сүйлөп төгүлүп, Бийлейлиби..? Чакырамын музага… Азыр сизге эч ким жакпай жаткандыр, Айткан сөзү оор тийип ар кимдин. Улуу максат – чыңалткандай ынтымак, Ызазы окшош адам керек деп билдим. Азыр сиздин маанайыңыз жок чыгар, Турмуш жүгүн улам -улам арткандыр… Жашоо […]