Kategoriler

Arşivler

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova Kategoriler

САПАРЛАШ БОЛ ЫРЛАРЫМА Чалыгып көрүнөсүң иштен чарчап, чалганда телефонду алсаң бат,бат. Сыйкырчың болоюнчу жаныңдагы, чарчооңу жазайынбы улам таптап. Көздөрүң жумулгандай уйкусурап, талыкшып дене боюуң ооругансып, Догдуруң болойунчу жандап сени, кайыптан эмдөөчүң табылгансып. Сүйүүдөн ооруп жүргөндүрсүң , капилет санааркап кусага батып Ички ойуң айтпаса да түшүнүктүү, азабын сүйүүңдүн ичтен тартып. Көлөкөлүү ирмемдер көз алдыга, тарткансып сүрөтүн […]

КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ Күүгүм талаш көз чаптырып көлүмө,сырдашамын кыялымда өзүмчө,Жээгиңде тынбай басам талыкпай,жете албайм деп түпкүрүңдүн төрүнө. Сен толкусаң мен сүйүнүп жээгиңде,салкын желге турдум кээде өбүлө. Толкунуңа бирде урулуп сүрүлүп,ойлорумда кошо жүрдү түрүлүп. Кумга келип жайкап артка тартылган,Көбуктөрүң таш аралайт жүгүрүп.Карап турам кереметиң тарткылайт,күлүмсүрөп карап турам үңүлүп. Тереңдигиң синиргендей сырларды,күндөн жаркып чагылышың нурланды,Калкып барат параход да […]

Tarih 6 Tem 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ПОЕЗД

ПОЕЗД Күшүлдөгөн оор жүк бар мойнунда, Мин,миңдеген адам салып койнуна. Курпулдөйсүң араң жүрүп темирден, Жол узарып кете берет даңгырда. Аба жетпей ичиң ысып адам көп, Өртөгөнсүп кысылып дем өпкөдөн, Кыйналгансып бара жатам акырын, Көрүп баарын өткөзөмүн көзүмөн. Сапарлашым тааныбаган бейтааныш, кыйгач карайт беткабы жок ал наалып, Кудай сактайт эсен, аман жүрөм деп, Оору жукпайт өлбөйм […]

Tarih 24 Haz 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ЫСЫК КӨЛҮМ

ЫСЫК КӨЛҮМ Жылтыр эткен көл үстүндө бермети, Толкун жиреп кооздугун сермеди. Сыр катылган түбү терең көлүмдүн, Кандай сонун келишимдүү келбети. Шарпылдаган дабышыңда керемет, Ойлор басып аң, сезимди терметет, Бир өзүңө канча жандар келишкен, Сыр чечишип армандарын бөлүшүп. Жыл өткөрүп келсем дагы өзгөрбөй, Сырдашууга тосуп алдың бөксөрбөй. Жан дүйнөмдүн төңкөрүшүн талкалап, Сабыр бердиң кубат кошуп чөктүрбөй. […]

КАЙДАН ЧЫКТЫ КОВИД Туңгуюкка кептелгенсип алсырап, Бирде ысып, бирде үшүп калчылдап. Кара баскан кайдан чыкты КОВИДдиң, Орто жолдо оюн салып кытмырлап. Аба жетпей таноолору кыпчылып, Тер куюлат өпкө ,боорлор тырышып. Азаптуу күн кыйнадың го далайды, Вирусуңу коштоп алып шылдыңдап. Жаш, карыны тандабадың катүгүн, Балдар ооруп алпрушту чүнчүттүң. Мурундарын суудай агып куюлтуп, Грипп эмес вирусуңа чөмулттүң. […]

ИШЕНЧЭЭК ЖАНДЫН Жоодурап тосуп жолуңдан күтчү, Рахат алчуу элем демиңден күчтүү. Отурамын азыр алсырап жалгыз, Элесиң кетпей эч жузумөн сүйчү. Ишенип сага жан сырым айткам, Күн менен чыгып,күн менен баткам. Ортодо сүйүүнү өчпөстөй көрүп, Баардыгын сага эркелеп чачкам. Кыпкызыл болуп гүл боло жайнап, Жымыңдап күлкүм жаңырчуу айлап. От болуп күйүп,чок болуп кызып, Жанынан карыш чыкпоону […]

Tarih 12 Haz 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ЖАМГЫР

ЖАМГЫР Токтобой жамгыр улам жаап турган, Чыйрыктырат көөнөктөп суудан улам. А менде кусалык бар сагынычтуу, Көзүмдөн тамчыланып ыйлап жууган. Ак жамгырды негедир жакшы көрөм, Келсе деп, жарашыктуу жаңы көктөм. Эркелеп жаз күнүндөй жадыраган, Жолуңду карай берип сени күткөм. Көңүлдүн черин жазчы жамгыр менен, Көкөлөтүп махабатым чексиз белең. Келерсиң сен колуңа гүлдү кармап, Өзүңмө сүйүүң арнап […]

 БИР БОЛ КЫРГЫЗ Жети дубаным кетпегиле бөлүнүп, Жетимсиреп ырыскыңар төгүлүп. Бирик Кыргыз урпагысың МАНАСтын, Башкаларга бийик тургун көрүнүп. Атышуудан кан кетседа чачырап, Жаш, карысы акыйкатка талпынат. Ок чыгарган бийлик жүзү курусун, Жаштар өлдү колу, буту ажырап. Бөлүнбөгүн азгырыка алдырып, Бекемдикте , биргеликте бек туруп. Баарын коюп өз ордуна келтирип, Бар бол Кыргыз ,мекенине тик туруп […]

КӨЗҮҢҮЗ АЙТЫП ТУРБАЙБЫ КӨЗҮҢҮЗ АЙТЫП турбайбы, Калп айтсам кудай урбайбы. Сүйүүнү жагып билгизбей, Жүрөктү сүйгөн уурдайбы. Толгоону козгойт турбайбы, Лирасы кайрып ырларды. Жүрөктө толгон сезимди, Ырыңыз айтып ырдады. Түшсөда бырыш бетиме, Жүрөкө түшпөйт көлөкө. Кыялды серпкен сезимди, Кыялбайт аттиң бөлөкө. Уялап сүйүүң көрүнүп, Жүзүмөн күлкүм төгүлүп. Өткөндө жашым кантейин, Арнадың сүйүүң өбүлүп. Эргүүлөр келип жазылган, […]

КОЙБОГУЛА ЖОГОТУП Кыйсыпырга аралашып тазалык, Каапыр болуп ыпласка батабыз. Эй адамдар койбогула жоготуп, Келечекти өлтүрүп биз жатабыз. Адилетсиз, ээн баш дедиртбей, Бириккиле Кыргыз эли бүтүндөй. Курал кылып ойнобогун жаштарды, Кан агызып, киши өлтүрүп кирдетбей. Ач көзүңү! ….эй адамзат баласы, Боло электе ааламаттын жазасы. Оодарылып жер титиреп калбасын, Эсиңе кел! керек элдин жашашы. ОЙГОН элим,Ойлон элим […]