Kategoriler

Arşivler

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova Kategoriler

КЫЯНАТТЫК КЫЛБАЙЛЫЧЫ Чыкчырылып кыянатты кылбайлычы, Жан кейиткен ушак, айың курбайлычы, Бул жалганго, чыныгы тияк суралуучу, Кунөөбүздүн кечирилишин сурайлычы. Көргө батып сөөгүң калат тапталган, Өлбөс ким бар жер алдына жатпаган, Кыйынсынбы,байкушсунбу баары бир, Ажал келсе сууруп кетет капталдан. Дүйнө дедик жанды курман кылганча,, Жыйып баарын ден соолукту туйганча. Соолутабыз аздыр,, көптүр өмүрдү, Баркын билип адамдыка сыйганча. […]

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН Капалыктын изи түшпөй кайдагы, Келди күткөн аялзаттын майрамы , Апа,эже,сиңди,кыздын жүзүндө, Болсун бүгүн күлкү жайнап жайдары. Үч тамгадан АПА деген куралган, Үй бүлөда апалар бар чыңалган. Аялсыз дүйнөң муздак элестет, апа ыйык сыйла деген Курандан. Бар болгула сулуу айымдар, аялзат, Шайырлана жургулөчу майрамдап. Сегизи эмес негизи эле кундө эле, маанайыңар ачык болсун күндө […]

Tarih 14 Mar 2022 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ЖАЗГЫ НӨШӨР

ЖАЗГЫ НӨШӨР Тынбай жаады жамгыр нөшөрлөп, Уктабастан менда отурам өжөрлөп. Таңды күтөм канча ойлор курчаган, Асманымда ачпай кабак көшөргөн. Канча акын калем кармап ыр жазып, Алар дагы жамгыр менен сырдашып, Назик,жумшак, таза аруу тилегин, Ырга салып отургандыр ырдашып. Ичиркене сыртты көздөй баш бакпай, Тиктейм улам терезеден жөн жатпай. Жазым келди ак жамгырын төккүлөп, Тып,тып этип […]

ЭГЕМЕНДҮҮ МЕКЕНИМ Бейиштей мезгилдүү келбетиңден, Жашыл төр кенге бай мекенимдин, Отуз жылдык эгемендик майрамың, Көрктөнүп туусу бийик көтөрулгөн. Бүркүтүң бийиктикте тегеренген, Булбулуң шакка конуп ырдап келген, Ала тоом эгемендүү калк ичинде, Тирелет асман тиреп кең керилген. Чайыттай асман ачык чачып нурун, Агарган таң жайнатып берет кутун. Элимдин пейли кенен ынтымакта, Тосушат жакшы тилекте эгеменин. Хан […]

Tarih 16 Ağu 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ТООЛОР

ТООЛОР Кырка тилке кыры чыгып тизилген, Асман тиреп чокуларың бийиктен. Ала Тоодой тоолор жоктур эч жерде, Мөңгүсүнөн муздар эрийт тилкеден.. Тоолор сага сагынычым койнуңда, Кусалыктан чыгып барам мойнуңа. Бийигиңен таныркатып бийиктеп, Алыс кылба кадамымды жолумда. Бооруңдагы жашыл тулаң чөптөруң, Жытың аңкып кооздонуп көрктөндүң. Көргөн көзгө жоосун алган төрүңөн, Чуркап күндү, ойнок кезди өткөрдүм.. Тоолорума сыймыктана […]

Tarih 13 Ağu 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ТООЛОР

ТООЛОР Кырка тилке кыры чыгып тизилген, Асман тиреп чокуларың бийиктен. Ала Тоодой тоолор жоктур эч жерде, Мөңгүсүнөн муздар эрийт тилкеден.. Тоолор,сага сагынычым койнуңда, Кусалыктан чыгып барам мойнуңа. Бийигиңен таныркатып бийиктеп, Алыс кылба кадамымды жолумда. Бооруңдагы жашыл тулаң чөптөруң, Жытың аңкып кооздонуп көрктөндүң. Көргөн көзгө жоосун алган төрүңөн, Чуркап күндү ойноп улам өткөрдүм. Тоолорума сыймыктана жашаймын, […]

Tarih 24 Tem 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

КЫЗЫЛ ТУУБУЗ

КЫЗЫЛ ТУУБУЗ Бийикте кызыл туубуз көктү тиреп, Мекенимде дайым турсун желбиреп. Башка өлкөдөн айырмабыз башкача, Өз асаба, өз герб деген бар мелтиреп. Патриоттук сезим менен кыз, уулубуз, Намыстанып өсө берсин бек туруп, Чет жактарда байгелерге ээ болуп, Көтөрүлсүн чоктой кызыл туубуз. Эрдиктикте ,ынтымакка ширелген, Байрагыбыз бийиктей бер тирелген. Түбөлүктүү өчпөс оттой алоолоп, Даңктап көтөр жеңиштике […]

Tarih 24 Tem 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

АК ЭЛЕЧЕК

АК ЭЛЕЧЕК Оронсо башка жарашкан, Суктана элдер карашкан. Апапак болуп койкойуп, Апалар кийип даңктаган. Абалтан келген кондуруп, Башына бийик оронуп Кырк метр ак,чыт кылып, Керектүү жерде колдонуп. Датка апам кийген элечек, Калтырбай улайт келечек. Кийгенде башка эң сонун, Аккуудай берип бир элес. Жаш, карыбыз калтырбай, Кийели дайым тартынбай. Көрүнүп көзгө суктанткан, Элечек кийип жаркырай. Эли […]

Tarih 24 Tem 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

Жылмайып кой

Жылмайып кой Кээде чарчап келгенимде жаныңа, Билдирбестен сүйүп кабыл алып кой. Жүрөгүмдө өзүң гана жашайсың, Көөдөнүңө бекем түйүп катып кой. Кээде күлүп жаркылдаган кезимде, Маңдайымдан сылап мени сүйүп кой. Махабатым өзүң үчүн өчпөсүн, Көз жаздымда кетирбестен сактап кой. Ыйлап кээде калганымда муңайып, Эркелетип жумшак сүйлөп күлүп кой, Назик жанмын жалгыз сага арналган, Сүйөөрүмдү түбөлүккө билип […]

Tarih 24 Tem 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ӨТКӨН УБАК

ӨТКӨН УБАК Болсода тоскоолдуктар жол торогон, Билгизбей кээ бирөөлөр ой толгогон. Бут тосуп,далы артынан бычак уруп, Артымдан жылан сымал сойлогон. Ыргытса таш,тийсе башка унчукпадым, Ыргыштап сөгүш айтпай унуткардым. Дээңгелин көрүп туруп кээ адамдын, Акылы ошол болсо кантем уяткарып. Жыгылдым,жылмышып тайгаланып, Кайгымды кабыргама байлап алып. Ызалык жанга батып жанчып турса, Күчтөнүп ,кубат алам кайраттанып. Ыйлагам мен […]