Kategoriler

Arşivler

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka Kategoriler

Бар болгула жигиттер! Айым деген гүлдү баккан багбандар,Коргоп жүрөөр эр азамат, балбандар.Аруу сезим махабатка багынып,Айымдарга сүйүү ырын жазгандар. Бажырайган түркүн гүлдөн белеги,Балкып турган өткүр анын кареги.Ата, тууган, төркүн, түгөй, дос болгон,Мырзалардын абаа сымал кереги. Көңүлү шат камсыз болсо бүлөсү,Сырын катып билгизбеген мүнөзү,Кадырына дагы кадыр кошо алат,Аярлаган, жумшак анын жүрөгү. Маанилүү эмес жаштыгы же курагы,Аялзаттын коргону […]

Элесиңде калайынчы Түштөрүңө аста кирип барайынчы,Жылмайтууга жакшы себеп табайынчы.Жолуң карап күткөнүмдү сага айтпай,Элесиңде жакшы болуп калайынчы. Арман толгон жашоодон качайынчы,Бакыт кушун издеп жүрүп табайынчы.Көңүлүмдүн эңсөөлөрүн сырга айлантып,Үмүтүмдү үзбөй, күтүп жашайынчы. Айтканыма, сөзгө бекем турайынчы,Кыялыма махабат чеп курайынчы.Үндөбөгөн сабырдуу абал менен,Сезимдерди ишеничке бурайынчы. Шек билдирбей абалыңды сурайынчы,Жакшы үмүттү сага артпай турайынчы,Тоскоол кылбай ашыгыңдын бактысына,Өз дүйнөмдө жалгыз […]