Kategoriler

Arşivler

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka Kategoriler

Сага окшош жигит келишкен Жолуктум бүгүн, сага окшош болгон бир жанга,Апкаарый карап, үндөбөй турдум бир саамга.Аты да сендик, өзүңдөй сары, бою тең,Отурду жигит, сага окшоп менин жанымда. Эскирткен сенин элесиң кетти жаңылап,Эстебейм деген ойлорду кайра таңуулап.Кай жерде сени, кимдерге сүйлөп жүрөт деп,Ойлонуп жаттым, көз албай туруп таңыркап. Сездирген жокмун жүзүнөн сени көргөнүм,Окшотуп сага башкача көңүл […]

Туруктуу кушум Жайы да кышы мөңгүдөй, ээрип кетпеген.Эң бийик деген сезимге такыр жетпеген.Бүркүттөй сызып, айланып учуп сайраган,Туруктуу кушум, мен жүргөн жерди беттеген. Тараза ташын кулатпай кармап турууга,Калыстык менен чечилген турмуш курууга.Жашынып кээде, сыртыңан карап жүрөмүн,Ашыкча эмес, сый менен көңүл бурууга. Окшотуп сени чөлдөгү жалгыз даракка,Агылгым келет суу болуп өзүң тарапка.Ичтеги санаа, кумга окшоп тартып кетүүдө,Чоң […]

Tarih 20 Mar 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Тагдыры башка адамым

Тагдыры башка адамым Таарынба мага тагдыры башка адамым,Таалайлуу болмок менин да өздүк максатым.Сүйбөгөн жанды жүдөтүп эмне кыласың?Сыздатпаш үчүн, өзүңдөн алыс качамын… Күтпөгүн мени тагдыры башка адамым,Сен жакка эмес жасаган ар бир кадамым.Карадың мени, сүйдүрдүң деп күнөөлөп,Айыпка жыкпа ар түрдүү кылып амалың. Түшүнсөң болмок, тагдыры башка адамым,Күткөнүм башка, болгону үчүн жашындым.Сен каалап жүргөн биздин жол эми […]

Буюрган бир күн Бүгүнкү Ойлодум эстеп, өтмүшкө бүгүн кылчайып,Кесилиш жолго кетпепсиң такыр из салып.Катарлаш кылып тагдырдын катаал буйругу,Башкага сени кошуптур, жашооң байланып. Карасам тиктеп келечек жолум тунжурап,Көрбөдүм сени, белгисиз башка жан турат.Сыр болуп сезим, турса да сага тартылып,Кетээрин билем, кармашкан колдор ажырап. Унуткум келди, бир азга баарын эстебей,Жашагым келди, кейиткен ойго берилбей.Бизде бар жалгыз, буюрган […]

Жолдорду бөлүп салбайын Өткөнбүз эбак, курактан алоо жеткинчек,Түшүнүп турган ишенич бизде жетилмек.Эх аттиң бирок, жалганчы экен бул ойлор,Билгенде мендей, канча жан дагы эзилмек. Кыр аштык канча ак-кара ойду тааныткан,Курч болду көздөр, алысты көрүп каныккан.Эх аттиң бирок, өзгөрмө экен мүнөздөр,Аттатпай койгон жөнөкөй сыноо арыктан. Ойлонтоор курак отуздун тузун артынып,Оюндан калып, токтолдук эми тартынып.Эх аттиң бирок балалык […]

Күтүү менен өтүп жатат күндөрүм Өзүң сунуп, берип кеткен гүлдөрүң,Үмүтүмдөй соолутпады бүрлөрүн.Илеби жок болсо дагы ишенич,Күтүү менен өтүп жатат күндөрүм. Сени издеп талыбады көздөрүм,Сага окшош башкаларды көрбөдүм.Келбесиңди билсем дагы бул ирээт,Үмүттү үзбөй, күтүүнү мен көздөдүм. Сырдуу карап, санааркатып көңүлдү,Табышмактуу айтып кээде сөзүңдү.Ойго салып, кайра баарын жок кылган,Кайдан таптың мындай татаал мүнөздү. Райбекова Аwww.kafiye.net

Tarih 12 Mar 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Кыз бала

Кыз бала Кыз баланы өз үйүндө конок дешет,Бөлөк үйдүн тууруна конот дешет.Сөөгү гана биздики деген менен,Чыккан кызды баардыгы бөлөк дешет. Орун тапса башканын бүлөөсүнөн,Чыкты дешет максаттын мүдөөсүнөн.Келише албай, көнө албай чайналганда,Жалгызданып жардам албайт күйөөсүнөн. Кыз бечара баардык жерге бөлөк экен,Бой жеткенде ата-эне да бөлөт экен.Жай табалбай буйдалып калса эгер, Эрсиз калган жубан деп күлөт экен. […]

Кучагың мага бөлөк Эмнегедир кучагың мага бөлөк,Көкүрөккө турсам да башым жөлөп.Тартылуу жок жөн гана ороп алган,Жылытпады колдоруң, сыйга бөлөп. Эмнегедир кучагың салкын мага,Ошол мезгил турса да бизге жага.Каалоо менен умтулуп барган менен,Жылыбадым берилип, көнүп сага. Сездим ооба муздак же жылуу эмес,Сыртыбыздан жаратса да жакшы элес.Кучактасам кучагыңа ыктай берип,Сезимдерим тартылып кетээр эмес. Айта албадым, айтпадым, үндөбөдүм.Илебиңе […]

Tarih 5 Mar 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Өмүр сүрөм / Yaşayacağım

Өмүр сүрөм Батперектей асманда дирилдеген,Үмүтүм бар, башкага билинбеген.Жакшы күндү болжогон тилектерим,Байлап турат көрүнбөгөн жиби менен. Сезим барда жүрөктү уялаган,Кыял барда арманды кубалаган.Жылуу сезим агылып жан дүйнөмө,Азаптарым шамалга жулмаланган. Талаасында бакыттын күүлөнөмүн,Там туң баскан бөбөктөй үйрөнөмүн.Убакытты ноктолоп жүгөн салып,Баш бербесе көгөрүп, сүйрөлөмүн. Үзөңгүгө бутумду илип, минип алсам,Таалайымдын кушуна торум жайсам.Мааниси жок сүйлөгөн адамдардын,Таштан эмес аш сунуп […]

Tarih 4 Mar 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Жамгыр

*Жамгыр* (Эски дептерден) Айнектеги мөлтүр тамчы сырттагы,Эске салды элестерди мурдагы.Тыпылдатып төмөн агып кулаган,Мөлтүр тамчы жагат жанга жаздагы. Жашынышып жамгыр жааса баарысы,Бекинишет жашы дагы карысы.Кыз жигитке жетелешип бир баскан,Жазгы жамгыр болот жүрөк даарысы. Мезгили жок жамгыр турса көнөктөп,Сезимдер да койбойт аны бөлөктөп.Суу кылса да сүйүү менен жылытып,Бакыт толгон көрүнүштү сүрөттөп. Raibekova Aichuruk Raibekovna www.kafiye.net