Kategoriler

Arşivler

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka Kategoriler

Кыялымда бирге кетем жаннатка Ойлуу карап тиктегенде баракты, Эрксиз көздөн тамчылаган жаш акты. Сени эстеп, муунум бошоп түйшөлдүм. Жоготкондой кайыктагы калакты. Көпкө тиктеп жазылбаган баракты, Эт жүрөгүм улам сыздап баратты, Быйыл кышты кошсом эгер эсепке, Тагдыр сенсиз алтынчы жыл жашатты. Элес издеп канча өзүңсүз күн өттү, Эзип кыйнап жүрөктү өйүп жүдөттү. Эмнеге деп сурай берем […]

Tarih 22 May 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

АТАМ БАР

АТАМ БАР Сыймык кылып айтып жүрөөр адам бар, Сыйласам да жаңылышкан катам бар. Куштай таптап тагдыр сырын үйрөткөн, Кандай жакшы, түшүнүктүү атам бар. Үйгө келсем эң төрүндө атам бар, Жаштыгынан жандап жүргөн апам бар. Жүрөгүмө жылуулукту сездирген, Кандай жакшы, алтын атам, апам бар. Кеңеш айтаар кең пейилдүү атам бар, Келечегим ойлоп жүрөөр адам бар. Өксүк […]

Tarih 22 May 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Түйшүк менен алышуу

Түйшүк менен алышуу Улам калчап күчүн сынап сабырдын, Учук улап түйшүк менен алыштым. Узун түндө уйку көрбөй кээ күнү, Улам сайын чарчап кайра жазылдым. Өзүм дедим, жетишем деп тырышып, Ар тараптан турсам дагы кысылып. Келечектин жолун түзөп кетүүгө, Алпурушам убакыттан кысынып. Чөктүм кайра баш көтөрүп түзөлдүм, Жалгызданып кабак бүркөп түнөрдүм. Ээ боло албай тагдыр урган […]

Tarih 22 May 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Сагындым АПА

Сагындым АПА Кечирчи апа! Түшүнбөй кээде таарындым, Кежирлик кылып көктүгүм менен жаңылдым. Кантсем да мени кечирип кайра жазылган, Апаке бүгүн өзүңдү катуу сагындым… Ойлонбо апа! Мен бүгүн бир аз жакшымын, Билинбей калкып жел менен учат жаштыгым. Балалык калып чоң түйшүк азыр башымда, Кайгырба апа! Жакшысы болом жакшынын. Абалың кандай? Эсен-соо, маанай жакшыбы? Соолугуң сурап, балдарың […]

Tarih 16 May 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Коштошом

Коштошом Карай бербе көздөрүмө муңайып, Азап берип кайра өзүң тушалып. Өчүң бардай ооруп турган жүрөктө, Жалтаңдасам ого бетер күч алып. Канча түркүн жамаачыдан куралып, Оң турбастан бурагандай буралып. Көңүл деген кесел менен алышып, Жүрсөм дагы жүрөт сөзүң чубалып. Канча салып, канча изди жашырдык, Канча жолу биз бакытты качырдык. Узун дебейм кыска ойго чектелдиң, Биз жөн […]

Бактылуу жан да энеси Колунан түшпөй кагазы, Ыр курап турса тамгасы, Бир аз да болсо акындын, Бактылуу болоор апасы. Түшүрүп сүйкүм элесин, Сүрөтчү тартса энесин. Бир аз да болсо кубанаар, Көргөндө өздүк портретин. Кубулжуп созуп ырдаса, Энеге көңүл бурбаса, Элжиреп кайдан сүйүнмөк, Ырчылар ырын сунбаса. Медиктер турса кастарлап, Соолугун ойлоп санааркап. Бактылуу болбойт кайсы эне, […]

Tarih 30 Nis 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Пендемин да

Пендемин да Пендемин да моюн сунган тагдырга, Ажал жетсе жата турган кабырга. Өмүрүмдүн тамчы суусу бүткүчө, Жан киргизип кетким келет көп ырга. Пендемин да сыноолорго бүгүлгөн, Ар түйшүктүн түрмөгүнө түрүлгөн. Дене бойду кармай албай тик кылып, Кээде кулап, көмөлөнүп сүрүлгөн. Пендемин да кызыктарга үңүлгөн, Пенделердин кылыгына түңүлгөн. Анткен менен түгөнбөгөн ишенич, Коргоп турат көңүлүмдү үшүктөн. […]

Tarih 23 Nis 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Эмне таптым?

Эмне таптым? Бул жашоого жаралып эмне таптым?Түгөнбөгөн сыры бар ырды таптым.Тандап жүрүп маңыздуу сөз берметин,Аздыр көптүр эл ичинен сыйды таптым. Бул жашоого жаралып эмне таптым?Сыйга кошуп бир канча сыйлык таптым.Сыйлыктарым түндөсү шерик болбой,Жалгызданып жашыруун ыйды таптым. Бул жашоого жаралып эмне таптым?Ыйлап жүрүп сооротор медер таптым.Ал медерим махабат сүйүү болуп,Өмүрүмдүн кызыктуу күнүн таптым. Райбекова Аwww.kafiye.net

Tarih 3 Nis 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Жаштыгым / Gençliğim

*Жаштыгым* Канатсыз учуп шоктонуп, Жебээдей атып октолуп. Кара күч толуп денеге, Жаштыгым жанат от болуп. Көрүнгөн менен дос болуп, Иргебей көңүл ток болуп. Жаштыктын оюн шаңынан, Далайлар калды токтолуп. Күргүштөп суудай агылдың, Чагылган болуп чагылдың Аттиң ай менин жаштыгым, Мезгилге кантип багындың. Оордуңду басаар карылык, Жакындап барат шашылып. Бир өмүр сенден айрыбас, Калса экен даары […]

Tarih 27 Mar 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Калса дагы көңүлдөр

Калса дагы көңүлдөр Неге мынча татаал өмүр сүрөбүз?Эмне үчүн жамандарды сүйөбүз?Журөк сыздап, калса дагы көңүлдөр,Эмне үчүн жакшылыгын күтөбүз? Көңүл неге мынча жумшак жаралган,Туура келбес адам неге табылган.Ызаа менен калса дагы көңүлдөр,Кантип эле жашоо кайра уланган. Ай менен күн түгөй эмес жуп болоор,Сен да мага жан эмессиң тоготоор.Кандай күчтүү, жинди кыял болсоң да,Сен мен үчүн жан […]