şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Күч күйөө(35) Бүбүайша баарына төшөк салып, апа келиңиз сиз жата бериңиз отурган жерде уктап каласыз деп, апасын тургузуп, төшөнчүнүн четине отургузду. Жатат элем балдар келбей жатпайбы, түн бир оокум болду, Кубат да уктап калды го эмиге чейин деп кобурады Майрамбүбү. Сиз жата бериңиз мен чыгып көчөнү карап келейин – деп чыгып кетти Бүбүайша. Караңгыда эч […]
Күч күйөө(34). Жолдо келе жатып күзгүдөн арткы орундукта отурган Бүбүайшаны карап, бүгүн сонун күн болду ээ, Кубат балдар менен ойноп, сен Салкын эже менен сырдашып, Валя апам, тажеңем экөө өткөн – кеткенди сүйлөшүп, мен да тайкеме жардам берип – деп кубанды Алымбек. Ооба сен жакшы кишисиң да, бизди көңүлүбүз көтөрүлсүн деп бир күндүк эс алуу […]
Күч күйөө(33). Сүйүнбек, ата – энесин, аялы Жыпарды алып районду көздөй жөнөп калды, жолдо келе жатып деги аман – эсен көз жарып алса экен Бүбүайша, тартпаган азапты тартты – деп аяп, турду Майрамбүбү. Келип эле Болоттун үйүнө кирип барышты, муну күтпөгөн Бүбүайша, сиздерди убара кылган экен Алымбек деди. Убарасы барбы андан көрө Момун менен Перизатты, […]
Күч күйөө(32). Эки күндүн ичинде Болот Алымбектин чоңдору менен сүйлөшүп Москвага самолётко билет алып берип, эми молдого баргыла, шартын түшүндүрүп айтсын – деди. Алымбек менен Бүбүайша молдого барып, кепиндик ак сулпту алып келдик дегенде, төрт чарчы кылып, төрттү айрып, мына буларды бир эле мүрзөгө кийими менен көмүп салган деп уккам. Мүрзөнүн төрт бурчунан, төрт матага […]
Күч күйөө(31). Кечке чуркап чарчаган Бүбүайша башы жаздыкка тийгенде эле уйкуга кетти. Кайсы убак экенин билбейт, өңүндө көргөндөй түш көрөт, ата – энеси эки бир тууганы, таптаза, аппапак көйнөк кийип, жапжашыл өрөөндө, чоң суунун жээгинде, отурушат. Бүбайшаны байкап калган апасы сен эмнеге келдиң бул жакка,- кет, сага болбойт – деп урушат. Ага болбой Бүбүайша дагы […]
Күч күйөө(30). Жумуштан бир жумага суранып кеткен Алымбек эми бир айга эс алууга чыгайын деп чечти да, арыз жазып, жообун күтүп жатты. Бүбайшаны жумуштан алып, ата – энесинин үйүнө барып көрүштү, ачкычты таштын түбүнө бастырып койгон боюунча экен, он жылдан ашык адам жашабаган үйдү ачып кирип барып таң калышты, үй таптаза, жаңы эле бирөө тазалап […]
Ак жоолук салынган эне 11. Бурмаш экөөбүз үйдү жыйнап иретке келтирип, атаңды күтүп отурдук. Машинанын добушу угулуп атаң колхоздун башкармасы Капырбек менен кирип келди. Учурашып -ээ байбиче жакшы жүрөсүңбү, мыкты мээнеткеч уулду тарбиялагансыз, сизге ыракмат, деп колума бир тутам акча карматты. Коркуп кетип;- бул эмне болгон акча деп сурадым. Ала бериңиз бул эмгек акысы, өзү […]
Ак жоолук салынган эне10 Кийинки жылдар өтө катаал болду. Ачарчылык өкүм сүрдү, жаш балдар, кары- картаңдарга өтө кыйын болду. Согушка кеткен эр жигиттерден да кат өтө аз келип калды. Күткөнбүз эле почточу, анан радио, немецтик баскынчыларды кууп чыгып жатабыз, дегенде ураааа деп балдар чуркашып, биз кол кубанабыз. Абаңдан болсо,1942 жылдын жаз айында кат келген боюнча […]
Ак жоолук салынган эне 9 Жолдошту баарыбыз курчап алып коё бербей жаттык. Бир убакта Уулкан болду жумуш ордуңарга баргыла, кечинде Мыскал апаныкына келе бергиле, Жолдош менен ошондо сүйлөшөсүңөр деди. Баарыбыз тарап артелге көздөй жөнөдүк, биз кире бергенде, эки машинадан аялдарды жаш балдары менен түшүрүп мончону көздөй айдап жөнөдү. Биз немец аялдар го деп күбүр – […]
Ак жоолук салынган эне 8. 1942 жылдын кышы суук жана катаал болду, кара кагаз биринин артынан бири келип, шаарча кайгыга батып калды. Селсовет болуп Уулкан шайланды, ал өтө эрктүү , катаал аял эле, биз баягыдай эмгек акы албай, карточкага нан, картошка алып иштеп жаттык. Бир суткада төрт саат эле уктайт элек, анан артелге чуркамай, бир […]