Kategoriler

Arşivler

Totu Arzikulova Kategoriler

Tarih 5 Mar 2021 Kategori: Totu Arzikulova

СҮЙӨМ ДЕБЕ /SENİ SEVİYORUM

СҮЙӨМ ДЕБЕ. Гүлүм дебе, бага албасаң гүлүңдү,Күнүм дебе тосо албасаң жүзүңдү.Айланбачы болуп шайтан көпөлөк,Уча албайсың бийиктикте көкөлөп. Балким мени жактырасың чынында,Же шакаба чегесиңби ырыңда?Баам салып караганда сезбедим,Карегиңден жалын чачып турганын. Сүйдүм дебе бере албасаң жүрөгүң,Чын сүйүүнүн жалынына күйгөнмүн.Күйүп кеткен чычалага айланбай,Жан дүйнөмө дале катып жүрөмүн. Көп өмүрүм өтүп кетти ыраактап,Же жаш болсом мейли эле кылактап.Сезим […]

Tarih 5 Mar 2021 Kategori: Totu Arzikulova

КҮТҮҮ …../BEKLİYOR

КҮТҮҮ ….. Жүрөк булкуп сизди күтүп олтурам,Жан дүйнөмдү сагынычка толтурам.Жаштыгымды бүгүн неге эстедим.Жалындаган сүйүү толгон кездеги … Эстейм сизди карегиме катырып,Эстейсизби сиз да мени сагынып.Күтүп жүрүп саамай чачым агарды,Агардыбы сиздин дагы чачыңыз? Серпилгенмин чыны сизди сүйгөнмүн,Дептер алып сыясы жок чийгенмин.Сезимимде аяр тумар сыяктуу,Сизге деген жүрөктө кат катылуу. Сабыр, чыдам жетти окшойт чегине,Сизди көрсөм балким келеер […]

ПОЭЗИЯ ЖАН ДҮЙНӨМ. Поэзия,курбум, досум, муңдашым, Сени менен далай жолду бир бастым. Көкөлөтүп көңүлүмдү жаз кылып, Кээде мени карып кылдың ыйлатып. Поэзия, жан дүйнөмдүн жарчысы, Жаңырыгы жүрөгүмдүн ачкычы. Чагылгандай капысынан жарк этип, Өткүн сымал төгүп өткөн мөндүрү. Поэзия, жан дүйнөмдүн чырагы, Күндүзү күн, түнкүсүн ай турагы. Кечир мени тоготпостон кеч келдим, Мөңгү ээрип таштан – […]