şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
ӨЛЕҢ-СЫР Ойымды нәрлі сөзбен ұйқастырып, Өлеңге қиялымды жинастырып, Келемін жүрегімде жатқан сырдан, Жұртым менен рухымды сырластырып. Менің де күнім дәйім тұрмас күліп, Тұрмыстың мұқтажымен мұңдас тірлік. Айымның бетін кейде бұлт бүркейді, Күнімді күйкілікке ұштастырып. Шабыттан табам кейде азығымды, Желпиді ән қанаты наз үнімді. Ойқастап қазақ қанды қазанатым, Кетеді кейде жұлып қазығымды. Барамын бозтарландап,қаракөк ем, Шартартып […]
ЧЕК АРАНЫ БЕКЕМДЕ Чек араны бекемде, Чычкан кирип чыкпасын. Жакын жерде жашаган, Жарандарды кыспасын. Жумурай журт, билгиле, Бейпилдикте уктасын. Отуз жылда чечилбей, Баткен эли кыйналды. Кайра-кайра кол салып, Кас душмандар жыйналды. Курсагы ач, үйү жок, Элимди басты муң-кайгы. Чектеш жерде жашаган, Кыргыз эли чайналып. Туулган жерден далайлар, Кубаланып айдалып. Бейпил жашоо орнобой, Арман, ыза айланып. […]
АКЫЙКАТТА КҮН КУДАЙДЫН ЭЛЧИСИ. Акыйкатта Күн Кудайдын элчиси, А жер болсо адамзаттын энчиси. Адам ата жаралгандан бер карай, Аалам кезип алып келет энчисин. Азбы- көппү эмгектенип алгының, Алдым- жуттум ач көз болуп албагын. Адаттан тыш ашык дүйнө жыйнаба, Акыретте сурайт- тескейт бардыгын. Ошондуктан жетеер- жетпес турмуш кур, Бечерага бери кел деп колуң сун. Башын сылап […]
БУЛБУЛ МЕНЕН ТАРАНЧЫ Тамсил Шакта отуруп булбул менен таранчы, Түрдөп сайрап бири бирин сынашты. Булбул үнүн уккан киши жанданып, Таранчынын чырк чырк үнү тажатты. Булбул үндөп ынтымакка чакырды, Парандалар тынч жашасак акыры. А таранчы канаттарын каккылап, Чуу салгысы келип турду чыртылдап. Анда үкү көзүн ачып акырын, Ач кыйкырык эмне болуп жатыры. Топ таранчы чурулдашты туш […]
КӨҢҮЛ ГҮЛ. Көңүл гүл да, тебелебе суранам, Кур сөз беле мага берген убадаң. Күндөн күнгө мени салдың убайга, Капысынан көрүп калсам кубанам, Көңүл кушу үшүбөсүн суранам… Унуталбай чайналганым билбедиң, Жан дүйнөмдү аябадың анчейин. Көрмөксөнгө салып коюп акырын, Карегиңе жазып алып жат жазуу… Койчу сен ай ким элең деп сынадың… Билем, билем жактырганым жашыргам, Жүрөгүмдүн түпкүрүнө […]
САКТАН. Кудай өзү салкын көзүн салбасын,Эли журтум амандагын ойлосун.Сактанганды сактайм деген Кудайым,Сактаналы, бир тууганым, жакыным . Моюн сунгун заң законго мыйзамга,Кучакташпай, кол алышпай, абайла.Аты жаман КОВИД күчөп кетпесин,Бара бербе коңшу – колоң, тууганга . Келди сыноо, сынап жатат элимди,Ынтымакта, биримдикте, жеңели.Аралыкты, тазалыкты бек сактап,Бирик элим, бийик тутуп тилекти. Күдөр үзбөйм жеңебиз бул апаатты,Бай кедейди катар […]
АЯЛМЫН . Аялмын – уул кызды төрөгөнмүн,Алдейлеп ак бешикке бөлөгөнмүн.Апалап чуркап жүрсө неберелер,Заматта унутулат арман, дартым. Аялмын – эне болдум бакыт таптым,Балдарым ийгилигин кошо таттым.Бой жетти неберелер тай – тайлаган,Ай, жылдар зымырыктай учат бачым. Аялмын – кабыргадан жаралганмын,Эркектин бир мүчөсү саналамын.Эрк күчтүү керек десе элим үчүн,Сайышта мөөрөй алып берерим чын. Аялмын, аялуумун, асыл жанмын,А бирок […]
СҮЙҮҮ АДЕБИ Сүйүп калдым жан дилимден жактырып,Сезимимди алдың беле азгырып.Айланчыктап жүргөн менен жаныңда,Аркы өйүзгө сүзө албадым айбыгып… Тиктешкенде көздөр – көзгө чагылып,Байкап калгам жүргөнүңдү жактырып.Жоогазынды терип берсең дестелеп,Жүргүм келген бир өзүңө эркелеп… Билем сен да жүрөсүң го жактырып,Жан дүйнөңө сезимиңди жашырып.Ай – ааламга жар салмакмын сүйүүңдү,Сендикмин деп айтып койсоң эртелеп… Ой – санааны, кайгы – […]
Аруу, сулуу ак куулар . Ак куу көрдүм көлдө сүзүп ойногон,Жубу менен эч айрылып көрбөгөн.Көздүн жоосун алат бирдей койкойюп,Баары окшош кантип айырат түгөйүн. Балким мага куулар бирдей көрүнөт,Өздөрү эми жубун тааныйт өңдөнөт.Жарашыктуу тобу менен сүзушүп,Сүйүү бийин көлдө сүзүп бийлешет. Аппак куулар сулуулуктун символу,Аппак куулар аруулуктун символу.Айдың көлгө арбын учуп келиптир,Аппак пейилин жергебизге билгизип. Мейли жайла, […]
ЖАЛГЫЗ СҮРӨТ. Өзүңдү жарым дебей, жаным дедим,Өмүрүм бир өзүңө арнап бердим.Жашоонун арабасын бирге тартып,Жашадык өйдө – ылдыйда жөлөк болуп. Дагы эле унуталбайм элесиңди,Дагы эле сени күтөм билесиңби? Сага окшош караан көрсөм токтоп калып,Дагы эле сагынамын туясыңбы? Убакыт эч аябас душман тура,Удургуп азоо аттай чуркайт улам.Эстесем дале сага таарынамын,Эмнеге эрте шашып, кеттиң эле? Уул – кызың […]